Ыңкылапты эскерүү иш-чарасы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) штабы болгон «Медиа форумда» да өтүп, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликти сынга алды.
Жыйында резолюция кабыл алынып, бийликке бир нече талаптар коюлду. Эки айдан кийин митинг өткөрүшөрүн, талаптар аткарылбаса масштабдуу иш-чараларды уюштурушарын жарыялады.
Каза болгондордун үмүтү акталдыбы?
Эрланбек Өмүралиев 2010-жылдын 7-апрелинде Ала-Тоо аянтында ок тийип каза болгон. Анын артында калган жалгыз уулу Ислам ошол кезде эки жашта болчу. Азыр 11ге чыккан небересин медер туткан Жаңыл Ниманкулова андан бери мамлекеттеги өзгөрүүлөр боюнча ой бөлүштү.
«Бакиевдин заманынан кийин таптакыр эч нерсе өзгөргөн жок дегенге болбойт. Турмуш бир аздан оңолуп жатат. Бирок каза болгон балдардын максаты толугу менен ишке ашкан жок. Эми биз көзүбүз өткөнчө алардын мүдөөсүн аткарганга аракет кылып, мамлекеттин, өкмөттүн кетирген кемчиликтерин айтып турганга аракет кылабыз».
Президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик жетекчилери жана экс-президент Роза Отунбаева Апрель ыңкылабында курман болгондорду «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде эскеришти. Эскерүү иш-чарасына революциянын катышуучулары, кандуу окуяда курман болгондордун жакындары келди.
Мунун алдында президенттин аппараты 2010-жылдагы революция күнүнө карата Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун таратты. Анда «Апрель революциясынын идеяларын, максатын турмушка ашыруу — биздин ыйык парзыбыз» деп айтылат. Ошондой эле Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан тайбай турганы жазылган.
«Ата-Бейитке» келгендердин көбү Апрель окуясында элди атууга буйрук бергендер, Бакиевдер менен анын жакындары ушуга чейин Кыргызстанга алып келинбей жатканына нааразы болушту. Революцияда окко учкан Адыл Өмүрбек уулунун эжеси Гүлүмкан Өмүрбекова мына ушул нерсе жүрөгүн өйүп келатканын айтат.
«Бакиевдердин баары жандарын сактап качып кетишти го. Ошолорду соттоп, жазасын берсе болмок да. Бакиевдердин азабынан 90го жакын бала каза болду. Мен каза болгон балдардын максаттары акталган деле жок деп ойлойм».
Апрель окуясы боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында Курманбек Бакиев 30 жыл, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев өмүр бою, уулу Марат Бакиев 27 жылга сыртынан кесилген. Ал эми кичүү уулу Максим Бакиев бир нече кылмышка айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган. Мындан сырткары мурдагы президенттин дагы бир иниси Акмат Бакиев 2010-жылдан соң камалып, кийин абактан качып кеткен. Курманбек Бакиев 2010-жылдагы ыңкылапта үй-бүлөсү менен өлкөдөн качып, Беларустан башпаанек тапкан. Аларды Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракетинен ушул кезге чейин майнап чыкпай келет.
Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова анын себебин укуктук маселелерге байланыштырды.
«Бакиевдерди экстрадициялоо маселесин чечүүдө Башкы прокуратура негизги орган. Бирок прокуратура ал адамдарды алып келиш үчүн мамлекетте комплекстүү көп иштер аткарылышы керек. Мисалы, ошол эле адам укугун коргоо, кыйноо сындуу маселелерди жөнгө салыш керек. Андан тышкары ар бир мамлекеттин өзүнүн мыйзамдары, жоболору бар. Биз аларга «кылмышкерлерди биздин өлкөгө өткөрүп бергиле» дегенибиз менен алардын жоболору Кыргызстандыкына туура келбей калат».
«Форумдагы» эскерүү, КСДПнын талабы
Экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган КСДП Апрель ыңкылабын «Медиа форумда» эскерди. Эскерүү иш-чарасында Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Апрель революциясын жокко чыгаруу аракети жүрүп жатканын айтып чыкты.
«Апрель ыңкылабынын максаттарын ишке ашырып жатабыз» деп жатышпайбы. Эч нерсе ишке ашкан жок. Апрель окуясынын ой-максаттары ишке ашканын ким көрдү? Апрель революциясын жокко чыгара турган кадамдар башталууда. Бул өтө коркунучтуу. Апрель революциясы Март ыңкылабындай уурдалып кетпеши керек. Он жылдан кийин ушул жерге кайра митингге чогулуп отурабызбы, дагы бир келген кишини кетиребиз деп? Кыргызстанга эми ыңкылап эмес, ынтымак керек».
«Медиа форумда» президент Сооронбай Жээнбековго бир катар сындар айтылып, жыйынтыгында 7 бөлүмдөн турган резолюция кабыл алынды. Резолюцияда үй-бүлөлүк – кландык башкарууга жол бербөө, коррупция менен иш жүзүндө күрөшүү, саясий, коомдук бирикмелерге кысымды токтотуу талаптары бар.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев булардын аткарылышын бийликтен талап кылышарын жана эки айдан кийин митингге чыгышарын жарыялады.
«Революцияны дайыма бийлик кылат. Эл деген сел. Ошон үчүн айла жок кайрылып жатабыз. Ошондуктан Ирина Карамушкина митингдин резолюциясын окуп жатат. «Дагы эки ай ойлонгула. Ойлонбосоңор кайра чогулабыз» деп. Кийин «айткан жок, билген жокпуз» дешпесин. Ошол эле Кашкар Жунушалиев, Идирис Кадыркулов, Сооронбай Жээнбеков билген эмеспиз деп айтышпасын».
Апрель окуясында Ала-Тоо аянтында болгон укук коргоочу Токтайым Үмөталиева эки тарапты тең ынтымакка чакырды.
«Азыр милиция же УКМК менен маселени чечпей сүйлөшүүгө барыш керек. Элдин көйгөйүн угуп, чагымчыл күчтөрдөн алыс болуш керек. Жаңы келген президентибиз да, чоң митингди баштап жаткан Атамбаев да элди бөлүп-жарбай элдин ишенимин акташ керек».
2010-жылы 7-апрелде Кыргызстанда Курманбек Бакиев башындагы бийлик ыңкылап жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Президент Сооронбай Жээнбеков 5-апрелде 2020-жылы Элдик апрель революциясынын 10 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.