Осмоналиев абитуриенттерден акча алганбы?

Кыргыз-Орус (Славян) университети. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевге абитуриенттерди окууга кабыл алуу боюнча жазган сунуш катынын негизинде мурда козголуп, бирок кийин тергөөдөн кыскартылган кылмыш иши кайра жанданды.

УКМК "анын ошол кезде 27 абитуриенттен жалпысынан 14 миң доллар алганы аныкталды" деп жарыялады. Осмоналиев мурда ошондой сунуш берип, чечим кабыл алган 15 адамга иш козголсо, бул жолу кайрылуу каты үчүн жалгыз өзү жоопкерчиликке тартылып жатканын билдирди. Ошондуктан ал муну саясий куугунтук катары баалады.

Төрт жылдан соң жанданган иш

Башкы прокуратура парламенттин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевге 2014-жылы козголуп, бирок токтотулган кылмыш ишин быйыл 23-январда кайра жандандырып, тергөөнү УКМКга өткөрүп берген.

Парламенттин Билим берүү комитетинин ошондогу төрагасы Каныбек Осмоналиевге 2013-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 абитуриентти кабыл алуу боюнча жазган катынын негизинде 2014-жылы кылмыш иши козголгон.

Бирок бул иш кийин 2015-жылы октябрь айында тергөөдөн кыскарган. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов кайра жанданган ал иш учурда тергелип бүтүп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөнүн билдирди:

УКМК.

- Буга чейин Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 студентти мыйзамсыз кабыл алуу боюнча кылмыш иши козголгон. Анда негизги айыпталуучу Каныбек Осмоналиев болчу. Бүгүнкү күндө ошол 27 студенттен жалпысынан 14 миң доллар алган факт тергөөнүн жүрүшүндө толугу менен аныкталды. Тергөө аягына чыгып, андан ары сотко өткөрүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

15 кишинин арасынан табылган "тандоо"

2011-жылы апрель, июнь окуяларынын жабырлануучуларынын балдарын жана чет элдеги кыргыз улутундагы жарандардын улан-кыздарын гранттык орундарга сынаксыз кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарынын негизинде парламенттин Билим берүү комитеттинин ошондогу төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине ошол абитуриенттерди кабыл алууну өтүнүп, окуу жайдын жетекчисине кат менен кайрылган.

Бирок 2015-жылы бул кылмыш иши тергөөдөн кыскарган. Саясатчы бул иш кайра жанданганын ага 16-март күнү суракка чакырганда гана кабарлашканын айтты. ​Каныбек Осмоналиев муну саясий куугунтук катары кабыл алып, ага негиз болгон өз жүйөлөрүн келтирди:

Каныбек Осмоналиев.

- Мындан төрт жыл мурун бир эле мен эмес, мурдагы билим берүү министри Канат Садыков, КРСУнун ректору Нифадьев баш болгон кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү болуп, жалпысынан 15 кишиге кылмыш иши козголгон. Кийин ал иш мыйзамдуу негизде токтотулган. Анан жакында жалгыз эле мени кокустан суракка чакырып, ал иш кайра жанданганын айтып, "тигилерге дооматыбыз жок, бирок сизде маселе бар" деп ишти кайра козгошту. Бирок иште кандайдыр жаңы жагдайлар деле жок экен. Бул таза саясий куугунтук. Болбосо мени менен кошо тигил 14 адамга тең эле кылмыш иши кайра жанданат эле да. Аларга мен эле керек болдум окшойт. Анан калса, кийинки мезгилде курч сын-пикирлер менен чыкканым бирөөлөргө жаккан эмес окшойт.

Буйрук бергендер "бурулушта" калганда

Каныбек Осмоналиевге 2013-жылы Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медициналык факультетине 27 абитуриентти кабыл алуу боюнча жазган катынын негизинде кылмыш иши козголгон.

Бирок тергөөнүн материалдары боюнча ушундай эле мүнөздөгү каттарды 2012-жылы август айында ар бири ар кайсы күнү ошол кездеги депутаттар Жылдызкан Жолдошева, Дамира Ниязалиева жана Заирбек Жоошбеков Билим берүү министрлигине жөнөтүшкөнү аныкталган. Бирок аларга кылмыш иштери козголгон эмес. Ошондой кайрылуулардын негизинде мурдагы билим берүү министри Канат Садыков 2012-жылы 30-августта Медициналык академиянын ректоруна да мурдагыдан башка баллы жетпеген 25 абитуриентти окууга кабыл алуу боюнча буйругун жөнөткөн. Бул жагдай тууралуу учурунда Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган профессор Зиябиддин Айдаров бул иштер кайра жанданса, анда буйрукка кол койгондор түздөн-түз жоопко тартылышы керек болчу деп эсептейт:

Эгерде бул иш кайра жанданган болсо, анда ошол кездеги билим берүү министри Канат Садыков да жооп бериши керек.

- Эгерде бул иш кайра жанданган болсо, анда ошол кездеги билим берүү министри Канат Садыков да жооп бериши керек. Анткени абитуриенттерди окууга кабыл алуу же албоо тууралуу тиешелүү окуу жайдын ректорлору жана алардын үстүнөн карап, буйрук берген министр чечет. Депутаттардын жазган каттары болгону сунуш иретиндеги эле кайрылуулар. КРСУдан башка Медакадемияга 2011-2012-2013-жылдары жыл сайын элүүдөн ашуун тестирлөөдөгү алган баллы жетпеген абитуриенттерди сынаксыз кабыл алышкан. Алардын айрымдарын контракттык негизде окууга кабыл алып, анан мыйзамга каршы келгенине карабастан кийин бюджеттик бөлүмдөргө которушкан. Бул боюнча биз арыз жазып, анан Башкы прокуратура, ИИМ бир нече жолу текшерип, иликтөө иштерин жүргүзүп, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Мурдагы билим берүү министри, учурдагы КУУнун ректору Канат Садыков менен байланышууга мүмкүн болбоду. Анткен менен УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов баллы жетпеген абитуриенттерди окуу жайга өткөрүүгө байланыштуу иликтөө материалдары боюнча азырынча экс-депутат Каныбек Осмоналиевден башка тиешелүү кызмат адамдарына каршы кылмыш иштери козголо элек экенин билдирди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.