"Азаттык": Рита айым, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин ишине социал-демократтар фракциясы канааттанбаганын билдирди. Акыркы жылдары бир катар олуттуу саясий окуялар болуп өткөнүн эске алсак, жарандык коом Кубат Оторбаевдин акыйкатчы катары ишине кандай баа берип жатат?
Кубат Оторбаевди Социал-демократтар фракциясы көрсөтүп, алып келгенде биз сотко да кайрылганбыз. Бирок иштеше баштагандан кийин Кубат Оторбаев акыйкатчылык милдетин аткарып иштей баштады.
Карасартова: Биздин парламенттеги депутаттар Акыйкатчы деген институтту, анын максатын жетиштүү түшүнө беришпейт. Мыйзам боюнча акыйкатчыны фракция көрсөтүшү керек. Ошондон эле парламенттеги фракциялардын оюну башталат. Алар үчүн ар бир саясий күч алып келген акыйкатчы алардын сөзүнөн чыкпай иштеши керек. Кубат Оторбаевди Социал-демократтар фракциясы көрсөтүп, алып келгенде биз сотко да кайрылганбыз. Бирок иштеше баштагандан кийин Кубат Оторбаев акыйкатчылык милдетин аткарып иштей баштады. Оор болсо да ал Конституция өзгөртүлүп жаткан учурда: "Бул туура эмес кадам, эмне үчүн эл аралык чечимдер четке кагылып жатат?" деп өз пикирин билдирип, каршы чыккан. Мен көп эле укук коргоочуларга кайрылып, "Акыйкатчы менен кандай иштешип жатасыңар?" деп сурадым. Алар дээрлик бардыгы "балдардын, аялдардын, майыптардын жана башкалардын укуктарын коргоодо чогуу иштешип жатабыз" деп айтышты. КСДП фракциясынын акыйкатчынын ишине берген баасы, чечими өздөрүнүн жүзүнө чиркөө боло турган чечим болуп калды. Акыйкатчынын ишине - адам укуктарынын сакталып жатышына парламенттик көзөмөл болушу керек.
"Азаттык": Акыйкатчынын ишин караган учурда айрым депутаттар "президенттик шайлоодо, кыргыз-казак чек арасы жабылган учурда үн каткан жок" деп айыпташты?..
Карасартова: Булардын ою боюнча, акыйкатчы КСДПнын сөзүн сүйлөп чыгышы керек эле. Оторбаев президенттик шайлоодо "административдик ресурс жүрүп жатат, адилеттик болгон жок" деп айтып чыккан. Эгерде Оторбаев Бабановдун казак президенти менен жолукканын айыптап чыкканда, бүгүн анын иши боюнча маселе жаралмак эмес. Булардын чечими - саясий чечим. Эгер Акыйкатчы институту иммунитети жок болсо, анда бизге мындай бийликке курал болуп берген, катардагы дежур мекеменин кереги жок.
"Азаттык": Буга чейинки акыйкатчылар Турсунбек Акун менен Бакыт Аманбаев да ээлеген кызматынан парламенттин нааразылыгы менен алынган. Бул жолу да ошондой болушу мүмкүнбү?
Биз Акыйкатчы институтун адам укуктарын чындап коргой турган институт катары сактап калышыбыз керек же "андай бийликке рупор болгон мекеменин бизге кереги жок" деп чыгышыбыз керек.
Карасартова: Ооба. Ар кандай шылтоолор менен, Батукаевдин бошотулушуна байланыштуу ар кандай айыптар коюлуп, кызматтан кетирилген. Жарандык коом өзү иштешип келген акыйкатчы катары Кубат Оторбаевди коргоого даяр. Оторбаевдин өзүн коргобосок да, жалпы Омбудсмен институтун коргоп чыгууга мажбур болобуз. Акыйкатчы институту кайсы бир саясий күчтүн куралы болбошу керек. Биз аны адам укуктарын чындап коргой турган институт катары сактап калышыбыз керек же "андай бийликке рупор болгон мекеменин бизге кереги жок" деп чыгышыбыз керек. 85ке жакын кызматкери бар мекеме элге пайдасыз болсо, анын эмне кереги бар?
"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!