Демилге коомдук талкууга коюлгандан тарта коомчулукта нааразылык жараткан эле. Депутаттар болсо мыйзамдын максаты маалыматтык коопсуздукту сактоо экенин айтышууда.
Интернет колдонуучулардын укуктары менен милдеттери камтылган мыйзам долбоору 3-мартта коомдук талкууга коюлган. Ага ылайык, баракчасына бир күндө миңден ашык адам кирген интернет колдонуучулардын баары "блогер" деп аталмак.
Соцтармакта президентти сындаса болобу?
Алар маалыматтарды эркин алуу жана жарыялоого укуктуу, ошол эле кезде өз аты-жөнүн, инициалын, электрондук дарегин жазууга милдеттүү болмок. Мындан тышкары алар атайын мамлекеттик тизмеге киргизилип, зарыл деген маалыматтарды бериши керек деген талап коюлмак.
Мындай өзгөрүүлөр "Маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу" жөнүндөгү мыйзамга жана Административдик кодекске сунушталган.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынай Өмүрбекова, Акылбек Жамангулов жана Дастан Бекешев иштеп чыккан бул мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылар замат кызуу талаш-тартыштарды жаратты.
Интернетте бул мыйзам жарандардын эркин пикир билдирүү укугун, сөз эркиндигин чектейт деген пикирлер айтылды. Ошондой эле интернет колдонуучулар бул былтыр Орусияда терроризм менен күрөштү күчөтүү максатын көздөйт деп кабыл алынган Яроваянын мыйзамына үндөш экенине көңүл бурушту.
Медиа эксперт Бурул Усманалиева бул мыйзам долбоору өлкөдөгү эркин ой жүгүртүү, сөз эркиндигин чектөө максатын көздөйт деген чочулоосун билдирүүдө:
- Албетте, социалдык тармакта жазып жаткан колдонуучу өзүнүн алдындагы жоопкерчилигин сезиши керек. Бирок мыйзам чыгаруу менен аларды көзөмөлдөөдө куугунтукка алуу максаты жатабы деген коркунуч бар. Себеби учурда адамдардын эркин ой билдирген жери социалдык тармактар болууда. Ошондуктан бул кооптончу демилге болуп жатат. Биздин жалгыз эркиндигибиз - сөз эркиндиги эле калды. Эми муну чектөөгө жол бербөө зарыл.
Мыйзамды иштеп чыккан депутаттар болсо, өлкөдөгү маалыматтык коопсуздук сактоо максатын көздөгөнүн айтышууда. Демилгечилердин бири, парламенттин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова акыркы учурда адамдардын кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар көбөйүп кеткенин билдирди:
- Биздин максатыбыз коомчулукту жалган, чагымга негизделген маалыматтардан сактоо болчу. Текшерилбеген, такталбаган, жеке адамдардын турмушуна киришкен маалыматтар көп болуп кетти.
Бирок талкууга чыгары менен нааразы пикирлер арбын айтылгандыктан демилгечилер мыйзам долбоорду артка чакыртып алды. Алтынай Өмүрбекова “Азаттыкка” сүйлөп жатып, мындай чечимге коомдук пикир себеп болгонун жашырган жок:
- Коомдук талкууга койгондон кийин бизге көп кишилер кайрылып, нааразылык билдирип жатышат. Биз бул мыйзамды блоггерлер, социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары менен чогуу отуруп, кайрадан талкуулап чыксакпы деп жатабыз.
УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди
УКМК "Мурчту" Жети-Өгүздөн издеди
Фейсбукта "Мурч" шакаба баракчасына тиешеси бар деп Жети-Өгүз районунун тургуну Жоомарт Жамгырчиевди УКМК кызматкерлери аңгемелешүүгө чакырды.
Бирок Өмүрбекова интернеттеги жоопкерсиздикти токтотуу боюнча маселе актуалдуу бойдон калып жатканын жана келечекте буга кайрылып келүү зарыл экенин кошумчалады.
Кыргызстанда аймактагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу сөз эркиндиги, маалымат алуу эркиндигинин абалы жакшы саналат.
Акыркы учурда социалдык тармактардагы талкууларга мыйзамдык чара көрүү боюнча сунуштар айтыла калып жүрөт. Укук коргоочулар жана журналисттер мындай аракеттери менен бийлик өлкөдөгү сөз эркиндигине чектөөгө аракет кылып жатканын айтышат.
Быйыл жыл башында интернетте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Фейсбук социалдык тармагы аркылуу президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине маал-маалы менен терс пикир жазган жалпысынан 45 адамды аныктаганы боюнча маалыматы талкуу жараткан эле.