Илмияновдун ишиндеги сырдуу жагдайлар

Икрамжан Илмиянов.

9-октябрь күнү Бишкектин Октябрь райондук сотунда президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары, мурдагы мамлекет башчысынын кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун ишин териштирүү боюнча сот жараяны уланды.

Илмиянов ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, камакта отурат. Сотто негизги күбөлөрдүн бири көрсөтмө берип, жабырлануучунун видеокөрсөтмөсү көрсөтүлдү.

Ортомчу болгон күбө

Ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген Икрамжан Илмияновдун иши боюнча негизги күбөлөрдүн бири президенттик аппараттын кызматкери Чыныбек Анарбек уулу сотко келип, 150 миң доллар боюнча тергөөгө берген көрсөтмөсүн колдой турганын билдирген.

Ал КСДП партиясынын штабында иштеп жүргөндө Эмил Арстанбек уулу деген жаран Бишкек эркин экономикалык аймагындагы ишкананын жүгү боюнча жардам берүүнү өтүнүп, кайрылганын айткан.

Башында ал андан баш тартып, бирок таанышы көшөрүп туруп алгандыктан, бул ишти чечүүнүн өлчөмү 150 миң долларга макулдашылганын белгилеген. Чыныбек Анарбек уулу штабда андан акчаны алып, кайра Икрамжан Илмияновго бергенин билдирген.

Алмай менен бермейдин аралыгы

Икрамжан Илмияновдун адвокаты Тынарбек Аскаров акчаны алганын ырастап, бирок аны Илмияновго бергенине далил жоктугун айтып, анда эмнеге анын жоопкерчилиги каралбай жатканын белгиледи.

- Чыныбек Анарбек уулу жоопкерчиликке тартылышы керек болчу. Бирок анын иши азырынча өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. Анын акчаны Илмияновго бергени ырасталган жок. Айткан сөзү "алдым анан бердим" деген эле жөн эле куру доомат болду. Ал жерде эч кандай далил жок. Анан калса Эмил Арстанбек уулу деген анын 2015-жылдан берки жакын таанышы болорун өзү айтты. Алар абдан жакшы мамиледе болушкан экен.

Дагы караңыз Илмияновдун ишинде Жээнбековдун аты аталды

Бирок бул иш боюнча күбө катары өткөн президенттик аппараттын кызматкери Чыныбек Анарбек уулу иштин жагдайы тууралуу "Азаттыкка" комментарий берүүнү туура көрбөдү. Ал сотко берген көрсөтмөсүндө "Дизел комплект" компаниясына козголгон ишти басууга 15 таңгактан турган 100 долларлык купюраны алганын жана ошол эле учурда акчаны кайра Илмияновго тапшырганын гана айткан.

Чымырбаева жазган арыздын сыры

Чыныбек Анарбек уулу "Дизель комплект" компаниясынын өкүлү Асел Чымырбаева менен эки ирет жолугушканы боюнча көрсөтмө берип, кийинки жолукканда Асел Чымырбаева ал иш жайгарылбай жатканына даттанганын белгилеген.

Прокурор сотто бул күбө боюнча кылмыш иши өзүнчө бөлүнгөн өндүрүштө экенин тактаган. Күбө ал тууралуу маалыматы жоктугун айткан.

Дагы караңыз Илмияновдун иши тергелип бүттү

Адвокат Тынарбек Аскаров арыз Чымырбаевадан басым көрсөтүү аркылуу алынган деген жүйөнү келтирди:

- "Дизелкомплектинин" өкүлү Асел Чымырбаеваны кармап, ал тергөө абагында 42 күн отурган. Анан аны мажбурлап арыз жаздырып, ошондон кийин гана боштондукка чыккан. Ал ошол иштен бир жыл өткөндөн кийин арыз жазып отурат. Анын арыз жазган күнү менен боштондукка чыккан күнү дал келип жатат. 28-сентябрда арыз жазса, ошол эле күнү ал боштондукка чыккан. Ага арыз жазып бергенден кийин гана бошойсуң деген шарт коюлган. Демек, бул жерде анын арызы мажбурлоо менен жазылган.

Жабырлануучу тараптын видео көрсөтмөсү

Сотто жабырлануучу, «Дизель комплект» ишканасынын жетекчиси, беларус жараны Николай Грамовичтин тергөөгө берген видеокөрсөтмөсү сунушталган. Ал сотко келген эмес.

Видеокөрсөтмөсүндө ал «Дизель комплект» жүк ташуу менен алектенерин, 2017-жылы документтеринен маселе чыгып, Өзбекстанга багытталган жүгү Кыргызстанда кармалып калганын айткан.

Николай Грамович Кыргызстандын Финансы полициясы менен Мамлекеттик салык кызматында болгонун жана козголгон иштин алкагында бюджетке баш-аягы 16 млн. сом айып төлөгөнүн кошумчалаган. Аны быйыл жыл башында Минскиде Беларустун коопсуздук кызматынын тергөөчүсү сурап, ага УКМКнын өкүлү катышкан.

Дагы караңыз Илмияновдун аты илешкен иш

Николай Грамович ишти мурдагы президенттин жакын адамы Икрамжан Илмиянов аркылуу бүткөрүүгө аракет болгонун айткан.

Юрист Кайрат Осмоналиев Илмияновдун ишинин жагдайы тууралуу мындай деди:

- Негизи адвокаттардын соттолуучуну коргой турган өзгөчө бир тактикасы болот. Айныксыз далилдер болгон күндө дагы адвокаттар сотто коргоп жаткан адамы таптаза экенин, күнөөлүү эместигин айтып, акталышы керектигин талап кылып тура беришет. Ошол үчүн акча алышат. Бирок албетте, кылмыш иши сотто далилдениши керек. Ага бир адамдын көрсөтмөсүнөн сырткары кошумча далилдер болушу шарт. Ошентсе дагы "жел болбосо чөптүн башы бекеринен кыймылдабайт" деген сөз бар эмеспи. Бул иш мүмкүн Илмияновдун иштеринин бир эле эпизоду да болушу ыктымал.

"Эч ким жазасыз калган эмес"

Икрамжан Илмияновдун ири суммада акчаны алганы тууралуу «Дизель комплект» компаниясы УКМКга арызданганы 2018-жылдын октябрь айында белгилүү болгон.

«Шоопур» деген каймана ат менен белгилүү Икрамжан Илмиянов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү жана маселе чече турган адамдарынын бири болгону айтылып келген.

Төрөбай Зулпукаров.

КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров ал кармалганда төмөндөгүдөй комментарий берген:

- Негизи кимде ким мамлекеттин мүлкүнө кол салса же башка бир туура эмес иш кылса, ал сөзсүз жоопко тартылышы кажет. Эгерде ак болсо, анда сот тарабынан акталып чыгат. Ошол үчүн бүгүнкү күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө башы көрүнүп калгандардын бардыгынын эле иштеринин артында саясат бар деген туура эмес.

Президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары Икрамжан Илмиянов башында өлкөдөн чыгып кетип, бирок 2018-жылдын 20-октябрында Москвадан АКШга учканы жатканда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген болчу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.