Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:21

Илмияновдун ишинде Жээнбековдун аты аталды


9-октябрь, 2017-жыл.
9-октябрь, 2017-жыл.

Икрамжан Илмияновго каршы козголгон кылмыш ишинин жаңы жагдайлары ачыкка чыга баштады.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катчылыгы “Икрамжан Илмиянов алды” деген 150 миң доллардын чоо-жайын тактоо боюнча тергөөчүдөн келген катты жана ага жазылган жоопту жарыялады. Анда акча былтыр шайлоодо "демөөрчүлүк жардам" катары алынганы, ал боюнча азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын штабы жооп бериши керек экендиги айтылган.

КСДП "УКМКнын З. Майлыбаев аттуу тергөөчүсүнөн келди" деген, мөөнөтү 24-октябрь деп көрсөтүлгөн расмий катты жарыялады. Анда "тергөөдө 2017-жылы 8-августта штабдын башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов "Дизел комплект" аттуу компаниянын өкүлдөрүнөн 150 миң долларды "демөөрчүлүк жардам" катары алганы аныкталды" деп айтылган. Ушундан улам КСДПнын эсебине ушунча акча түшкөн-түшпөгөнүн тактоо боюнча суроо берилген.

КСДП бул катка 29-октябрда жооп берген катты да жарыялады. Анда былтыр партия бир добуштан президенттикке Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөнү, ошондуктан шайлоого байланыштуу бардык маселелерди, анын ичинде каржылык иштерди президенттикке талапкер жана анын штабы чечкени жазылган. КСДПнын штабга жана шайлоо фондуна эч кандай тиешеси жок экендиги, акчаны албаганы көрсөтүлгөн. Каттта финансылык документтердин баары талапкердин штабы менен БШКда болоору белгиленген. Ошондуктан жооп жазгандар "бардык суроолор боюнча мурунку президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен анын штабына же БШКга кайрылууну" сунуш кылышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты азырынча бул маалыматка байланыштуу үн ката элек.

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

Мунун алдында ушул тушта УКМКнын тергөө абагында отурган Икрамжан Илмияновдун адвокаты Сергей Слесарев "Илмиянов тергөө менен кызматташып жатат" деген мазмундагы кабарларды жокко чыгарган жана чагым катары баалаган:

- Бизде кандайдыр бир чагымдарды уюштурган учурлар болгон. Мен аны менен такай сүйлөшүп турам. Менде андай маалыматтар жок. Ага айыбын угузганда күнөөсүн мойнуна албай турганын айткан. Менимче бул чагым. УКМКнын Икрамжан Илмияновдун иши тууралуу ачык айтпай жатканы бир чети мени кубандырат. Анткени бул жабык маалымат болушу керек. УКМК бул жагынан мыйзамды сактай баштаптыр. Анткени алар буга чейин таратууга мүмкүн болбогон маалыматтарды таратышчу. Алардын шектенүүсү "ушундай болду" дегенди билдирбейт.

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамды болгон Икрамжан Илмиянов "УКМКнын тергөө абагына камалгандан кийин эле ал тергөө менен кызматташа баштаганы" тууралуу сөздөр айтыла баштаган. Анда ал Атамбаевге каршы көрсөтмө берип, бир катар чуулгандуу фактыларды ачыкка чыгара баштаганы тууралуу сөз болгон. Мындан улам Илмияновду "булбул" деген каймана атка да кондургандар да чыккан.

Икрамжан Илмиянов тууралуу андай сөздөр боюнча КСДП да үн катты. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Илмиянов Атамбаевди сатып кетти” деген сөздөрдү ушак катары сыпаттады:

- Айтылып жаткан сөздөр - жөн гана ушак. Эч кандай факты менен бекемделбеген, атайын даярдалып, таратылып жаткан ушактарды биз жарым жылдан бери эле угуп келе жатабыз. Мисалы, “Калиевдин жубайы түн ортосунда УКМКга 7 миллион доллар алып келиптир” деп да чыгарып жиберишкен эле. Анын жактоочусу муну четке каккан. Ошол сыяктуу эле, "Исаковго каршы тиги көрсөтмө бериптир, Исаков буга каршы көрсөтмө бериптир" деп да чыгышкан. Икрам Илмияновдун айланасында болуп жаткан окуялар да - чагым жана коомчулукту дүрбөлөӊгө салуу максатында уюштурулуп жаткан аракеттер.

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

УКМК Илмияновдун иши тууралуу "тергөө кызыкчылыгы" деген жүйө менен комментарий бербей жатат. Талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Икрамжан Илмияновго байланыштуу чагымды бийлик уюштуруп жатканын бир өңчөй айтууга эрте:

- Муну бийлик же башкалар таратып жатканын айтуу кыйын. Айрым маалымат каражаттары ал кармалгандын эртеси эле "баарын ачык айтып жатыптыр" деп жаза башташпадыбы. Илмиянов андай жигит эмес. Ал Атамбаевдин жоруктарын оңой менен сатпайт го. Атамбаевдин эң берилген эле адамы - ушул Илмиянов. Бул мурун деле, кийин деле ошондой экени байкалган. Мунун көп нерсени билгени чын. Кайсы бир адамдар өздөрүнүн маалыматы бар экенин көрсөткүсү келип эле ушундай маалыматтарды таратып жатышат го. Тергөөчүлөр негизи "биз менен кызматташып жатат, баарын айтып берди" деген маалыматтарды ачыкка чыгарышпайт. "Бийлик тараптан чагым эмес" деп айткан деле болбойт. Балким атайын жашырып жатышы мүмкүн. Бирок азыркы этапта бийликке мунун эмне кереги бар дейм да?

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Илмияновдун жогорку бийлик жөнүндө чуулгандуу маалыматы көп экенине токтолду. Ал эгер ошонун баары качандыр бир убакта ачыкка чыкса, коомчулукка дүрбөлөң саларын белгиледи:

- Саясатты, өкмөттү, бийликти жакшы билген адам катары Илмиянов бийлик тууралуу маалыматы көп мурдагы мамлекеттик кызматкер деп айта алам. Батыштын тили менен айтканда "инсайдер" деп коет. "Инсайдерлик маалымат" мында аябагандай күчтүү. Мурдагы президент жана анын тегерегиндеги адамдар тууралуу эле эмес, азыркы бийликке, өкмөттө отурган адамдарга, парламентте отурган адамдарга байланыштуу абдан көп маалыматы бар. Эгер ошонун баарын бүгүн болбосо да эртең сот башталганда айтса, өлкөдө социалдык толкундоого алып келген маалыматтар болуп чыгышы мүмкүн. Мурдагы бийликтеги күчтүү адамдардын бири катары жашыруун, расмий эмес маалыматтар менен иштеген. Шайлоо убагында, каржы маселесинде да жигердүү, негизги роль ойногон. Эгер ошол маалыматтын баары сыртка чыга турган болсо "саясатта жер титиреп" кетиши мүмкүн.

Алмазбек Атамбаевдин тушунда бийликтеги эң таасирлүү адамга айланган Икрамжан Илмиянов 20-октябрда Орусияда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Башкы прокуратура ага 29-сентябрда эле "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, издөө салганы белгилүү болгон. Сот аны 28-декабрга чейин тергөө абагына камакта калтыруу тууралуу өкүм чыгарган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG