Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлер эмне үчүн колдоо тапкан жок? Кадр тандоонун негизги критерийи кандай болушу керек?
«Арай көз чарай» талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Тиллаев, Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков жана экономика илимдеринин кандидаты, жарандык активист Нурлан Токобаев катышты.
«Азаттык»: Табылды мырза, бүгүн Жогорку Кеңештин комитети бир катар министрлерди, элчини дайындоого макулдук берди. Өкмөт сунуштаган талапкерлерге макулдук берүүнүн негизги критерийи эмне болду? Жаштыгыбы, тажрыйбасыбы же фракциянын талабы үстөмдүк кылып жатабы?
Табылды Тиллаев: Биз таянган эң негизги критерий - башкаруу жаатындагы жана тармактагы тажрыйбасы болду. Экинчиси - депутаттар премьер-министрдин жеке тандоосуна, жоопкерчилигине мүмкүнчүлүк бердик. Азыркы министрлерди тандоодо башкаруучу коалициянын же кайсы бир фракциянын талабы болгон жок. Бир дагы фракция министр боюнча талапкерлигин көрсөткөн жок. Анын үстүнө коомчулукта да кадрлар боюнча бир топ терс пикирлер болуп келгенин эске алдык.
Дагы караңыз Кадр тандоонун жүрүшү менен жүгү«Азаттык»: Сын угуп келген айыл чарба министринин мурдагы орун басарын эле кайра министр кылып дайындоого макулдук берип жатканыңар канчалык өзгөрүүгө алып келет?
Табылды Тиллаев: Мурдагы айыл чарба министри иши үчүн эмес, ден соолугуна байланыштуу кызматтан кетти. Азыркы министр боло турган адамдын беш жыл орун басар болуп иштеген, ага чейин да ушул тармакта эмгектенген тажрыйбасын эске алдык.
«Азаттык»: Мавлян мырза, акимдин орун басары болуп иштеп жатканыңызга тогуз айга жакындап калды. Сизди да жаш, жигердүү экен деп ошол кызматка коюшту эле. Муниципалдык кызматта жогору жактагылар жаштарга колдоо көрсөтөбү?
Мавлян Аскарбеков: Шаарда жетекчилик алмашкандан бери жергиликтүү бийликте чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Кадр тандоодо калыстык бар. Мисалы, кечээ Калича Умуралиеваны Парктар боюнча муниципалдык мекеменин жетекчиси кылып дайындашты. Анткени ал мурдатан бери кайсы бир конкреттүү маселе боюнча аралашып жүргөн. Бул жакшы көрүнүш.
Мен иштеген тогуз айда көп көйгөйлөрдү көрдүм. Аларды чечүүдө жаңычыл мамиле жасап, инновациялык долбоорлор менен иштөөгө белсенип жатабыз. Айрым идеяларыбыз ишке ашууда. Менин башка аткаминерлерден кандай айырмам бар? Көп жылдан бери коомдук-саясий маселелер менен алек болуп жүргөм, саясий эрким бар. "Бетке айтсам, кызматтан кетирип жиберет” деген коркуу сезим менен жашабайм. Өз милдетимди так аткарышым керек. Идеяларымды ишке ашыруу боюнча мэриядан, мэрдин өзүнөн колдоо бар. Бир эле маселе - каржы тартыштыгы. Бишкек шаары 45 миллиард сом салык чогултса, анын 8 миллиарды эле шаарга калат. Калганы республикалык бюджетке кетет. Сегиз миллиарддын көбү социалдык колдоого жумшалып, калааны ойдогудай өнүктүрүүгө каражат жетпей жатат.
Дагы караңыз Тендер чыры: IT адистери бийликке нааразы«Азаттык»: Нурлан мырза, сизди экономист адис катары талапташтарыңыз Айыл чарба министрлигине сунуш кылып сүрөштү, сиз макул болдуңуз. Бул тармакта бир күн иштебей туруп кантип макулдугуңузду бердиңиз? Кокус министр болуп калсаңыз эмнеге таянат элеңиз, билим жетиштүүбү?
Нурлан Токобаев: Жапония, Түштүк Корея жана башка Түштүк Азиянын өнүккөн көп мамлекеттеринин тажрыйбасын эске алсак, аларда биринчи кезекте жаштарды колдошот. Көп жылдык тажрыйбасы болушу керек деген түшүнүк жок.
Эң негизги критерий – кадрда ошол тармак боюнча терең билим алып, реформа жасоого акылы, программасы жана эрки болушу зарыл. Жетекчи болом деген талапкерде тармакты өнүктүрүүнүн стратегиясы болушу керек. Ар кандай идеялар, сунуш-пикирлер жаштар арасында көп болушу мүмкүн. Тилекке каршы, биздин мамлекет, өкмөт жаштар менен эсептешпей турганын көргөзүп койду.
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.