Айыл чарба тармагын өнүктүргүсү келген дымагы бар жаш ишкер, Кыргызстандагы Күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев айыл чарба министринин ордуна өз талапкерлигин көрсөтүп чыкты. Ал Айыл чарба министрлигин өткөн кылымдагы иштөө тартибинен арылтып, заманбап технологияларды колдонуу менен тармакты өнүктүргүсү келет. Тилек Токтогазиев мындай ойлорун талапкерлигин коёрдон мурда, «Азаттык» менен болгон маегинде бөлүшкөн:
«Биз колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбай жатабыз. Колубуздагы смартфондорду жалаң соцтармакка кирүү жана «YouTube» видео көрүш үчүн эле колдонобуз. Дрондорду ырчыларга клип тартууга гана колдонушат. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө булар 10-20 жыл мурда эле айыл чарба тармагына иштетилип келет. Биз алардан бир кылымга артта калдык. Ошондуктан тармакта азыр реформа кылыш керек. Министрлик саясат жүргүзүшү керек. Анда иштеп жактан 5000 кишини 500гө чейин кыскартып, андан үнөмдөлгөн акчага инвестиция тартып, тармакты өнүктүрүүгө салса болот».
Тилек Токтогазиевдин сунушун соцтармактарда көпчүлүк колдоп чыкты. Алар «жаш, дымагы күчтүү жигитке мүмкүнчүлүк бериш керек» деп жатышат. Бирок башкаруу чөйрөсүндө тажрыйбасы жетишсиз, өңчөй жаштык дымакка таянган кадр кайсы бир ийгиликтерге жетеринен күмөн санагандар да четтен табылат.
Мурдагы айыл чарба министри Жамин Акималиев жаңы министрди жаштардан дайындап гана тим болбой, алардын максатына жетишине мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарылчылыгы бар экенин айтты:
«Эгер бул жаш бала министр болуп барып калчу болсо, аны ал жерде көптөн бери иштеген «карышкырлар» жеп коюшу ыктымал. Ошондуктан ага реформа жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берип, ага өзүнүн командасын түптөөгө, ошолор менен иштөөгө шарт түзүп берүү зарыл. Айыл чарба министрлигинин ишин алдыга жылдырыш үчүн азыркы убакта эл өндүргөн азык-түлүктү сатууга жардам берип, экспортту уюштуруп берсе гана жетиштүү болуп калды. Калганын дыйкандар өздөрү эле эч кимден жардам күтпөй ишке ашырып жатышат. Кайра иштетүүнүн, сактоонун жана сатуунун жоктугунан жыл сайын өндүрүмдүн 30% жок болуп кетип жатат».
Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүк бөлүшкөн квотага ылайык айыл чарба министринин кызматына талапкерди «Бир Бол» фракциясы сунуш кылат. Фракция лидери Алтынбек Сулайманов Тилек Токтогазиевдин демилгесин колдой турганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазды:
«Жаш, кесипкөй, билимдүү Тилек деген инибиз демилге көтөрүп, «айыл чарба жаатында реформа жасап, министрликтин ишин алдыга жылдырам, мекениме кызмат кылам» деп чакырык таштады. Биз, «Бир Бол» фракциясы, Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдойбуз, аны Айыл чарба министрлигине сунуш кылабыз».
Фракция сунуш кылган мурдагы министр Нурбек Мурашевдин иши айрыкча акыркы кезде картөшкө маселесине байланыштуу кескин сынга кабылганы белгилүү. Бирок фракция мурдагы министрдин ишине ал кеткенден бери комментарий бере элек.
Мурашевден айырмаланып, экономика министри Олег Панкратов өзүнүн кызматтан кетишин «коомчулукта дарегиме көп сын айтылды» деп өзү негиздеди. Аны коомчулукта «Кыргызстан ЕАЭБге кошулуп жатканда өлкө кызыкчылыгына жооп бербеген келишимди түзүүгө көз жумган» деп айтып чыгышкан. Олег Панкратовдун талапкерлигин КСДП фракциясы көрсөткөн.
Ушундан улам ар бир фракция өз кадры үчүн жооп бериши керек деген пикирлер арбын. Жогорку Кеңештин коалициялык азчылыгындагы «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ушундай көз карашын билдирди:
«Тандаган, сунуш кылган кадрларынын ишин алып бара албай калганы үчүн фракциялардын да жоопкерчилиги болуш керек. Ал кадры үчүн фракциялар моралдык жана саясий жоопкерчилик тартууга тийиш. Тилекке каршы, бизде экөө тең жок. Ошондуктан фракциялар түрдүү жетекчилик кызматтарга талапкерди көрсөтүүдө өздөрүнө «ыңгайлуу жана ыңгайсыз» талапкерди сунуш кылып коюп жатышат. Биз кадрлардын иши үчүн фракциялардын жоопкерчилиги тууралуу маселени жалпы отурумга алып чыгабыз».
Буга чейинки тажрыйбалар көрсөткөндөй, вице-премьерлик, министрлик орундарга фракциялар адатта парламенттик шайлоодо тизмеге кирген, шайлоодо акча бөлүп, добуш алып берген талапкерлерди көрсөтүшөт же депутаттык орунду бошотуш үчүн өз фракциялашын «садага чабышат».
2016-жылы өзгөртүлгөн Баш мыйзам боюнча саясий партиялар, фракциялар сунуш кылган талапкерлерди карап чыгып, аларды дайындоо укугу өкмөт башчыга жүктөлгөн. Ошондуктан койгон кадрлары иш жүргүзө албаса, ал үчүн премьер-министр жоопкер болот. Муну баса белгилеген жарандык активист Рита Карасартова иштей албай кызматтан кеткен министрлер үчүн ириде өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жоопкерчилиги чоң экенин билдирди:
«Бүгүнкү күнү кадр саясаты деген балчыктан чыга албай жатабыз. Акча, мансаптын арты менен тууган-урукту, бажаларды, партиялаштарды, шайлоодо акча бергендерди алып келип алып, мындан мамлекет жабыркап жатат. Абылгазиевдин азыр да акыбалды оңдоп кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Ал фракциялар, башкалар көрсөткөн, өздөрүн сунуш кылган талапкерлерди ТВ аркылуу программасын угуп, ачык тандап алышы керек. Ошондо гана бизге чыныгы иштей турган, дымактуу кадрлар келмек».
Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30 өкмөт туура бир жыл мурун, 2018-жылы 20-апрелде дайындалган. Премьер-министр программасын «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» деп атаган жана эң ириде экономикага, бизнеске көңүл буруларына ишендирүүгө аракет кылган.