“Ата Мекен” фракциясы мындай өзгөртүүлөр “Центеррага” каршы Кумтөр боюнча экологиялык доолордон баш тартууга алып келет деген негизде бул мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Бул мыйзам долбоору боюнча “Ата Мекен” фракциясы өкмөт менен президенттин саясатына каршы экенин ачык жарыялады.
Суу кодексине сунушталган өзгөртүү
Бул өзгөртүүлөрдү ичине камтыган мыйзам долбоору менен өкмөт алтын кендерин ачык казууга жана мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берүү укугун өзүнө алууну көздөйт. Ошондой эле бул багытта Суу кодексине өзгөртүүлөр алтын казуучу компанияларды өндүрүштө иштетиле турган суу агындылары үчүн акы төлөөгө милдеттендирет. “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында бул боюнча баяндама жасаган айыл жана суу чарба министри Таалайбек Айдаралиев Суу кодексине бул өзгөртүүлөр экономикалык кызыкчылыктан улам киргизилип жатканын белгиледи:
- Буга чейинки жанагы тыюу салууну өкмөттүн карамагына берүүнү сунуштап жатабыз. Канчалык зыян келиши мүмкүн экенин өкмөт аныкташы керек. Анан кен казуучу компаниялар жер астынан казабы же ачык казабы өкмөт сунушташы керек. Экспертизалар өткөндөн кийин буга уруксатты өкмөт берүүгө тийиш. Өкмөт эми өзүнө же элге каршы токтом чыгармак беле. Ал кен казуучуларга тиешелүү сунушун айтат да.
Буга чейин Жогорку Кеңеш Суу кодексин иштеп чыгып, анда мөңгүнү бузууга жана кенди ачык шартта казууга тыюу салган ченемдерди киргизген. “Ата Мекен” фракциясы сунушталган өзгөртүүлөр мөңгүлөргө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча “Центеррага” коюлган экологиялык доодон баш тартууга алып келет деп шекшийт.
Мамлекеттик геология агенттигинин статс-катчысы Шеркул Султанов Суу кодексинин айрым талаптары алтын казуучу компаниялардын тоо-кен иштетүү планына каршы келип калып жатканын айтты:
- Былтыр да, быйыл дагы өкмөттүн атайын буйругу чыккан. Анан ошого карата “Центерранын” Кумтөрдөгү тоо-кен иштеринин планы бекитилген. Биздин агенттик эгерде тиешелүү мамлекеттик органдардын мунун экологиялык зыяны болбойт деген корутундусу чыкса, аны биз колдоп беребиз дегенбиз. Анан эми мөңгүнү алар талкалаган жери жок. Мында мөңгүнү башка жакка жылдыруу тууралуу сөз болуп жатат. Анан эми ошонун экологиялык зыяны болобу же болбойбу, аны биз айта албайбыз.
“Буга Бакиевдин абийири жол берген эмес...”
Суу кодексине өзгөртүүлөр киргизилсе, Кумтөр сыяктуу бийик тоо-кыркаларында жайгашкан кендердин айланасындагы 18 миллион метр кубдан ашуун көп жылдык муз катмарын ордунан жылдырууга уруксат берилет. Мыйзам долбоорун сунуштаган негиздемеде Кыргызстанда мына ошондой он алты жер тилкеси бар экени көрсөтүлгөн. “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев муну өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги менен “Центерранын” ортосундагы жең ичинен чечилген коррупциялык чечим катары мүнөздөдү:
- Эч нерсе деп айта албайсыңар. Анткени кожоюнуңар силер үчүн чечип койгон. Анткени кожоюнуңар ("Центеррадан") ала турганын алып койгон. Эгерде ала турганын алып койбосо, силердин кожоюнуңар силерге минтип зордоп туруп, бул мыйзам долбоорун алып киргиздирмек эмес. Эми буга окшогон кылмыштын эскирүү мөөнөтү деген жок. Бул үчүн камаласыңар. Артыңарда турган катталариңер менен кошулуп туруп. Бул деген чыккынчылык! Кезинде Бакиевдин абийири ушуга жол берген эмес! Анын колу ушуга барган эмес! Анан эми силер жасайлы деп жатасыңарбы? Бул мыйзам кабыл алынса, зыянбы же зыян эмеспи деген суроого жооп бере албай жатасыңар.
Мөңгүлөрдү талкалоонун планыбы?
Депутаттар мыйзам долбоордогу мөңгүлөрдү жылдырууну мыйзамдаштыруу чарасы андагы өндүрүштүк суу агындысына акы төлөтүү жагы менен жашырылганын таап чыгышты. Депутаттар бул багытта Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин ачык позициясын билүүгө кызыгышты. Агенттиктин жетекчи орун басары Рустам Абдыкалыков бул маселедеги жеке өзүнүн позициясын айтты:
- Албетте бул туура эмес. Ал мөңгүлөргө терс таасир этет. Экологдор 96-жылы эле бул боюнча дооматын айткан. 2014-жылдагы долбоордо мөңгүлөр жок болчу. Азыркы долбоордо мөңгүлөр алынат деген бар экен. Анан эми чыгымдалган суунун баасын дагы аныкташ керек. Мына ошол Кумтөрдөн мынча көлөмдөгү мөңгү кетти деген эсеп болушу керек. Ошол боюнча тарифтерди иштеп чыгуу зарыл.
Ошол эле кезде өнөр-жай суулары үчүн төлөм киргизүү жана анын тарифин аныктоо маселесин фракция мүчөлөрү сындап чыгышты. “Атамекенчи” депутат Жоомарт Сапарбаев алтын казуучу компаниялар мөңгүнү талкалагандан кийин, андан кайсыл суунун акысын талап кыласыңар деген маселени көтөрдү:
- Силер иштетилген сууга тариф дейсиңер. Мөңгү талкаланса, суу жок болот. Тарифиңердин кереги жок болот. Анан каяктагы тариф. Бул көз боёмочулук. Ушул жагын ойлодуңарбы. Суу каяктан келет? Мөңгүдөн келип жатат да. Силер болсо, суроого түз жооп бербей эле тариф дейсиңер. Силер мына ошол беренеге өзгөртүү киргизүү менен уруксат берүүнү кыйтыр жол менен кыпчып жатпайсыңарбы. Бул иштин жоопкерчилиги чоң болот.
Өмүрбек Текебаевдин өлкөнүн жетекчилиги “Центерранын” ыңгайына жараша саясат алып барып жатат деп айыптаган билдирүүсүнө карата өкмөт менен Президенттин аппараты азырынча жооп берүүгө шашыла элек.