БШК шайлоонун өткөнүн расмий жарыялады

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Ага 11 талапкер катышкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 15-октябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, шайлоо өттү деп табылды.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматовдун билдиришинче, шайлоодо 1 697 868 адам добуш берип, бул тизмеде катталган шайлоочулардын 56.34 пайызын түздү. Алардын арасынан 54.22 пайызы же шайлоочулардын 920 620 добушу президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго берилсе, Өмүрбек Бабанов үчүн шайлоочулардын 33.49 пайызы же 568 668 добуш берилген. Үчүнчү орундагы талапкер Адахан Мадумаров шайлоочулардын 110 284 добушуна же 6.57 пайызынын колдоосуна ээ болгон. 12 миң киши "баарына каршы" добуш берип, алар 0.73 пайызды түздү.

Жыйында БШКнын “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун натыйжалары жөнүндө” протоколун бекитүүгө БШКнын тогуз мүчөсү “макул”, бир мүчөсү “каршы” добуш берди.

БШК мүчөсү Елена Жылкычиева белгисиз себептер менен жыйынга келбей калганы айтылды. Протоколго кол коюудан баш тарткан Журабаева да отурумга катышкан жок. Борбордук шайлоо комиссиясынын 12 мүчөсү бар.

Кол коюудан баш тарткан Боршайкомдун мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоодо бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурс колдонулганын, анын жыйынтыгына макул эместигин айтты.

- Талапкерлерди каттоо Боршайкомдун ачык-айкын, акыйкат иштөө талаптарын бузуу менен өттү. Кол топтоону текшерүү процедурасы жабык өтүп жатты. Ага коомдук байкоочулар, айрым учурда талапкердин өкүлү да катышпай калды. “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга каршы келгенине карабастан түшүнүксүз жана негизсиз себептерден улам талапкерлер Рита Карасартова жана Камила Шаршекеева катталбай калды. Талапкерлердин тең укуктуулугу үгүт өнөктүгү маалында да эске алынган жок. Коомдук телеканалда талапкер Жээнбековдун чагылдырылышы 88 пайыз позитивдүү, Бабановдун чагылдырылышы 84 пайыз негативдүү маанайда болуп жатты. ЭЛТРдин көрсөткүчү мындан да ашат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгарды

БШКнын башка мүчөлөрү жыйынга катышкандар мыйзамга ылайык протоколго кол коюшу керектигин айткандан кийин Атыр Абдрахматова "добуш берүүнүн жыйынтыгына каршымын" деген кол коюп берерин маалымдады.

Боршайкомдун дагы бир мүчөсү Алмаз Асаналиев болсо, шайлоо жогорку деңгээлде өттү деген баасын берди.

- Шайлоону бир дем менен, татынакай кылып өткөрүп алдык. №2375 добушканадан болгону төрт арыздын түшкөнү шайлоо системасындагы реформанын жыйынтыгынан кабар берет.

БШКнын мүчөсү Назарали Арипов башка жерде шайлоого уруксат алуу үчүн толтурулуучу №2 формага байланыштуу мүчүлүштүктөр орун алганын, кийинки шайлоодо мындайга жол бербөө керек деген сын пикирин Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова четке кагып, бул жолку шайлоодо №2 форма боюнча арыздар баштапкыга салыштырмалуу аз түшкөнүн, алар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин айтты.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлгандан кийин комиссия мүчөлөрү шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын чыгымдалышынын алдын ала жыйынтыктарын угушту.

БШКнын Пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы Эдил Утуровдун билдиришинче, шайлоого бөлүнгөн 671 миллион 502 миң сомдон 170 миллионго жакыны казынага кайтарылып берилет.

- Шайлоонун биринчи айлампасынын алдын ала эсеби боюнча 40 миллион сомдун тегерегинде акча үнөмдөлдү. Биздин эсеп боюнча экинчи турга 132 миллион сом коротулмак. Ошентип 172 миллион сомго жакын акчаны казынага өткөрүп беребиз. Айта кетчү жагдай, мыйзамга ылайык, беш пайыздык босогодон өткөн Жээнбеков, Бабанов жана Мадумаровго шайлоо күрөөлөрү кайтарылып берилет.

Алдыда инаугурация

Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоону өттү деп жарыялап, элди жаңы президенттүү болушу менен куттуктады. Шайлоонун жыйынтыгынын расмий жарыяланышы Борбордук шайлоо комиссиясына шайланган президенттин инаугурациясына камылга көрүүгө жол ачат.

Нуржан Шайлдабекова.

Шайлдабекова шайлоодо утуп чыккан Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка расмий кызматка киришүү аземи - инаугурациясы ноябрдын акырында же декабрдын башында болорун билдирди.

- Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө чечим кабыл алды. Ал үч күн ичинде күчүнө кириши керек. Андан кийин 30 күн ичинде президент кызматына киришип, инаугурациясы болууга тийиш. Инаугурацияда президент ант берет. Биз президенттин күбөлүгүн, штандартын жана төш белгисин беребиз. 2-ноябрдан кечикпей чечимибизди жарыялап, ал күчүнө кирет. Анда инаугурация 1-декабрдан кечипей өтүшү керектиги белгиленет.

Шайлдабекова кошумчалагандай, инаугурациянын так күнү парламент менен кеңешкенден кийин такталат.

Кыргызстанда президент алты жылга бир гана мөөнөткө шайланат. Президенттик шайлоо 15-октябрда өткөн. Ага 11 талапкер катышкан болчу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сооронбай Жээнбеков баскан жол

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.