Кесиби боюнча зооинженер, кыйла жыл айыл чарба боюнча жооптуу кызматтарда иштеген Сооронбай Жээнбеков чоң саясатка токсонунчу жылдардын экинчи жарымында аралаша баштаган.
1995-жылдан баштап Жогорку Кеңештин бир мандаттуу шайлоо округдарынан үч жолу депутат болуп шайланып, комитет төрагасы, Жогорку Кеңештин төрага орун басары иштерин аркалаган.
2007-жылы жарым жылдан ашуун айыл чарба министри болуп иштеген. Ортодо эки жыл ишкердикте жүрүп, Апрель ыңкылабынан кийин кайрадан бийликке келген.
Акыркы жети жылда Ош облустук мамлекеттик администрацияны, Мамлекеттик кадр кызматын башкарып турду. 2016-жылдын мартында президенттин аппарат башчысынын орун басары болуп, президенттик жарышка аттанганга чейин премьер-министрлик кызматты аркалады.
Эки жыл мурда премьер-министр болору коомчулуктун оюна келбеген Сооронбай Жээнбеков кыска убакытта бийик даражалуу үч кызматты алмаштырып, эми эки ай аралыгында президенттик кызматка отурмай болду.
Кыйын кезде кыр ашырган достук
Социологиялык иликтөөлөргө таянган президент Алмазбек Атамбаев шайлоо алдындагы жолугушуулардын биринде КСДП партиясынан көрсөтүлгөн талапкердин рейтинги аз убакыт аралыгында эле үч пайыздан кырк пайызга чейин өстү деп айткан. Азыр коомдук-саясий чөйрөдө Сооронбай Жээнбеков бул жеңишке “сүрөөнчү” жарашкан үчүн жетти деген пикир басымдуу.
Сооронбай Жээнбеков - Социал-демократтар партиясынын негиздөөчүсү, азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү шакирти. Эки саясатчынын партиялаш, пикирлеш болуп келатканына жыйырма жылдан ашты. Алар Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын биринчи чакырылышында таанышып, ошондон бери кол үзүшпөй келет.
1995-жылы парламенттин жогорку палатасында бийликти колдобогон депутаттардын “Реформа” фракциясын түзүүчүлөрдөн болгонун Атамбаев Орусияга быйылкы мамлекеттик сапарынын учурунда айтып, партиялашын минтип мактаган жайы бар:
- Бул кишинин Кыргызстандын биримдигине да, партиянын бутка турушуна да салымы абдан чоң. Эң кыйын мезгилдерде, керек болсо, жакын туугандары каршы болуп атканда да жанымда жүрдү эч кимди укпай, социал-демократтар менен. Акаевге да, Бакиевге да каршы. Башкача киши да. Бирок мактанганды такыр билбейт. Жөн эле иштей берет.
Коомчулук менен ачык болгусу келбегендиги журналисттерге буга чейин эле маалым. Муну айланасындагылар жупунулугу менен түшүндүрүшөт. Президенттик жарыш маалында жанында жүргөн сүрөөнчүлөрү дагы “өзүн өзү мактаганга ынандыра албай чарчадык” деп жүрүшөт.
Сырдана кызматташтарынын, санаалаштарынын, саясий үзөңгүлөштөрүнүн мүнөздөмөлөрү боюнча Жээнбеков жупунулугу менен бирге иштеги күжүрмөндүгү, мамилеге туруктуулугу аркылуу кадыр-барк күтүп келатат. Айрыкча Социал-демократиялык партияга өтөгөн кызматы чоң баага татый турганын эски партиялаштарынын дагы бири, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирди:
- Чоң сыноолордон өттү. Кыйын кырдаалдарда башкалардай качпай, сатпай туруп берди. Мунун өзү саясий лидерге мүнөздүү позициянын көрсөткүчү.
Сындар жана сыноолор
Улуттук лидер үчүн жупунулук, чынчылдык, туруктуулук өңдүү мүнөздөр маанилүү, бирок чечүүчү күчкө ээ эмес. Мына ушундай көз карашты тутунгандар Жээнбековду чечкинсиз, демилгесиз, кайраты аз президент болот деп, ичи чыкпай турушат.
Андай саясатчылардын бири - Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруучу жыйынын 1995-жылкы 1-чакырылышынын төрагасы Мукар Чолпонбаев:
- Бийликтин башындагы адам чоң чечимдерди кабыл алууга бара турган адам болушу керек да. Эң негизгиси, мен өткөндө интернетке жаздым эле, бул киши зыян алып келбей турган киши. Бул жанагыдай карама-каршы, туура эмес сөздөрдү сүйлөп жибербей отура берет.
Алчы-таасын жеген саясатчылардын, коомдук ишмерлердин далайы дал ушул өз алдынча чечим чыгарууга кудуретсиздиги Жээнбековду аксатат деп эсептешет. Жогорку Кеңештин 1995-жылкы Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев саясий лидер мурдагы көчтү улаган учурда да “ жаңычылдыгы, өз алдынчалыгы менен айырмаланып турушун каалайм. Адам тарыхта өз жолу, өз акылы, өз аты, өз иши менен калат да” деген шайлоо алдында талапкерлерге баа берип жатып.
Сооронбай Жээнбеков президенттик жарышка чыккан башка талапкерлерден айырмаланып, мурдагы көчтү, президент Алмазбек Атамбаевдин 2011-жылдан бери жүргүзүп келаткан саясатын улантам деген сөзүнөн тайган жок.
Буга чейинки иш тажрыйбасына караганда Сооронбай Жээнбеков ырааттуу өнүгүүгө ыктап, кескин өзгөрүүлөр менен коштолгон чечимдерге бара элек. Алдыдагы президенттик милдети тууралуу “бийлик - мен үчүн мамлекетке, элге кызмат кылуу”, “мамлекетти башкарууга тажрыйбам, билимим жетет”,“коррупцияга каршы күрөштү улантам”, “үй-бүлө менен мамлекеттин ишин аралаштырбайм” деген өңдүү ойлору менен байма-бай бөлүшүп келатат. Талдоочулар болсо шайланган президент ниет, убадаларын ишке ашыруу үчүн алдыдагы чоң сыноолордон өтүүгө аргасыз экенин эскертип жатышат.
Теги жана байлыгы
Анткен менен Сооронбай Жээнбековдун аркасынан башка саясатчылар сыяктуу кандайдыр бир кыңыр иштерге байланыштуу олуттуу сөз ээрчигендиги тууралуу маалыматтар айтылбайт.
Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматы боюнча ага аянты 160 чарчы метр үй, 150 чарчы метрге жетпеген сарай, соода күркөсү жана айыл чарба багытындагы айдоо аянттары караштуу. Анын жубайы 70 гектардан ашуун айдоо жана жайыт аянтына ээлик кылып, өткөн жылы 3,5 миллион сомдон ашуун киреше тапкан.
Кыргызстандын бешинчи президенти болору күтүлүп жаткан Сооронбай Жээнбеков 1958 -жылы 16-ноябрда Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районунда туулган. Бир уул, бир кызы бар. Үй-бүлөсү тууралуу ачык маалымат таратууну каалабайт.
Өзү көп бир туугандуу үй-бүлөдө - үчүнчү уул. Иниси Асылбек - Жогорку Кеңештин депутаты. Ал парламенттеги төрагалык кызматын Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болгондо өткөрүп берген. Агасы Жусуп Сауд Арабиясында жана Египетте Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси. Жээнбековдор Ош облусунда бардар жана тектүү үй-бүлө катары белгилүү.