Түтүк тендеринин түшүнүксүз жагдайы

Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин атын сатып, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин биринен 1 млн. АКШ долларын талап кылып, анын 250 миң долларын алган учурда үч кишиден турган топ кармалганы жарыяланды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өздөрүн мамлекет башчы менен жакын мамиледеги адамдар катары тааныштырган бул топ акчаны Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштырыш үчүн өтө турган тендерди утуп бериш үчүн пара катары талап кылганы аныкталганын билдирди. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы ал тендерге эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, пара мекеме жетекчисинин жаңы дайындалган орун басары жеке ишкер болуп турган кезинде талап кылынганы тууралуу маалыматка тактоо киргизди.

Миллион доллар доолаган «үчтүктөр» тобу

УКМК тараткан учкай маалыматка караганда, быйыл 10-мартта жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин биринен 1 млн. АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган уюшкан топ кармалган.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы өз ара соодалашуунун натыйжасында 250 миң доллар өлчөмүндө акчаны алдамчылык жол менен алып жаткан учурда үч адамды колго түшүргөн. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 38-беренеси («Кылмышка даярдык көрүү») жана 204-берененин 3-бөлүгү («Ири суммадагы алдамчылык») менен сотко чейинки териштирүү иши башталды.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановдун айтымында, акча талап кылган тарап өзүн президенттин жакын адамы катары тааныштырып, тендер маселесин оң жагына чечип берүүгө убада берген.

Рахат Сулайманов.

«УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы тарабынан 10-март күнү 250 миң АКШ долларын алып жаткан учурда Кыргызстандын үч жараны кармалды. Алар - Ош облусунун Кара-Кулжа районунун, Нарын облусунун Жумгал районунун жана Чүй облусунун тургундары. Алар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилеринин биринен Кара-Балта шаарындагы ичүүчү суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча жүргүзүлгөн тендерден утуш үчүн 1 млн. доллар сурап, аягында анын өлчөмүн 250 миң долларга түшүрүшкөн. Ошол эле кезде алардын бири өздөрүнүн алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында президент Сооронбай Жээнбеков жана анын жакындары менен тыгыз мамиледе экенин айтып, маселени оң жагына чечүүгө убада берген. Ал мурда да алдамчылыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган», - деди ал.

Бирок УКМКнын Коррупциягы каршы күрөш кызматы кармаган үч адам эч жакта иштебесе, алар кандайча тендерге таасир этиши мүмкүн жана алар кимдерге ортомчулук кызмат көрсөткүсү келген деген суроолор жоопсуз турат.

Кара-Балта шаарындагы суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча тендер качан жарыяланып, ага кайсы компаниялар катышып, кимдер жеңүүчү болуп чыкканы тууралуу маалыматтарды Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуу порталынан издеп таба алган жокпуз. Бул тууралуу Кара-Балта шаарынын мэриясы менен да байланышып, бул тууралуу кандайдыр бир маалымат алууга мүмкүн болбоду.

Ошол эле кезде «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы анын бул тендерге эч кандай тиешеси жок экенин билдирип, атайын кызмат тараткан маалыматка тактоо киргизди. Анын учкай маалыматына караганда, бул иш ысымы «В.Д» деген кыскартуу менен көрсөтүлгөн мекеме жетекчисинин жаңыдан дайындалган орун басары жеке ишкер болуп турган кезде анын Кара-Балтадагы суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча тендерге катышкан жагдайы менен байланыштуу.

«В.Д» деп кыскартуу менен көрсөтүлгөн ысым «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын расмий сайтында башкы директордун орун басары Василий Дашковго туура келет. Василий Дашковго андан 1 миллион доллар пара талап кылгандай, ал кандай тендер болгонун сурап, бирок жооп ала алган жокпуз.

«Ал жакта, Интернетте бардык маалыматтар бар. Болгону ошол. Биздин басма сөз катчыбыз бар. Ошол киши менен сүйлөшсөңүздөр. А мен болсо бул тууралуу эч кандай комментарий бере албайм. Ким ошентип айтып жатат? Анда ошол адамдардан сурап алгыла. Мен азыр эч нерсе деп айта албайм», - деди ал.

Ал эми «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Эркин Каимов мекеме тараткан учкай маалыматтагы ал тендердин компанияга тиешеси жоктугу боюнча жагдайды бышыктады:

«Биз ал эмне болгон тендер экенин, качан өткөнүн билбейт экенбиз. Ал иш бизге тиешелүү эмес маселе болуп жатат. Бул иш биздин жетекчинин орун басарынын бул мекемеге кызматка келе элек учурундагы жеке ишкердигине байланыштуу болуп жатат. Ал киши ошол тендерге жеке ишкер катары катышкан экен. Бизге ал адам жаңы жылдан кийин гана башкы директордун орун басары болуп келип жатат. Ал эми бул былтыр, 2019-жылы болгон иш экен. Ал жеке өзүнүн атынан катышып, анан ушундай иштер болуп жатат. Ошондуктан бул иштин «Кыргыз темир жолуна» тиешеси жок деп айтып жатканыбыз ошого байланыштуу».

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын расмий сайтында Василий Дашков чынында эле инвестицияларды тартуу жана курулуш маселелери боюнча башкы директордун орун басары болуп быйыл январь айында дайындалганы көрсөтүлгөн. Бирок ал ага чейин, башка бир жеке компанияда эмес, 2007-жылдан бери эле «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын көпүрө куруучулар отрядын башкарып келгени анын өмүр баянында белгиленген. Анан дагы расмий маалыматтардагы дагы бир дал келбестик - Кара-Балтадагы суу түтүктөрүн алмаштыруу тендери 2019-жылы жайында өткөн болсо, анда тендер боюнча 1 млн. доллар пара талап кылуу фактысы эмнеге 2020-жылы март айында катталганы да кызык. Тиешелүү тараптардан бул суроолорго жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Жарыяланбай калган жагдайлар

Талдоочу-эксперт Расул Умбеталиев президенттин атын сатып, акча талап кылган уюшма топ бул тармакты бекеринен тандаган эмес деген оюн ортого салды:

Расул Умбеталиев.

«Ортомчу кишилер, ортомчу топтор, ар кандай жасалма ортомчу компаниялар мамлекеттик сатып алуудагы ошого окшогон тендерлерге кийлигишип, жыл сайын 10-15 млрд. сом жөн эле ортодон уурдалып кетип жатат. Темир жолдун жетекчилеринин биринен «1 млн. доллар талап кылыптыр» деп алдамчылык боюнча айып коюлган турбайбы. «Алардын бири кара-кулжалык болот экен» деп билдирүү чыгарышты. Ал эмне себептен мамлекет башчысынын атын сатып «мен президент менен жакын байланышым бар» деп алдап «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилеринен 1 млн. доллар пара сураган? Анткени ал жер таза эмес экенин ал топ билген. Алар эмнеге башка мекемелерге барып, 1 млн. доллар сурабайт? Анткени алар ага чейин барып, андагы коррупциянын абалын билип, аны изилдеп чыгып, анан гана ошондой ири өлчөмдө акча талап кылууга батынышкан».

Ошол эле кезде талдоочулар атайын кызматтын 1 млн. доллар акча опузалагандарды кармоо фактысы жана ага «Кыргыз темир жолу» ишкана жетекчилигинин тиешеси боюнча кандайдыр бир маалыматтар толук жана ачык жарыяланган эмес деген ойлорун билдиришти. Серепчилер ири өлчөмдөгү акча талап кылуу фактылары ашкереленгени тууралуу жарыяланып, бирок алардын аягы эмне менен бүткөнү белгисиз бойдон калып кетип жатканын сынга алып жүрүшөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​