Кооптонткон кош жарандык

коллаж

Депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалганын жана анын казак жарандыгын териштирүү үчүн мекеме аралык комиссия түзүү тууралуу сунуш түштү.

"Мамлекеттин беделине шек келтирген бул ишти иликтөөнү президент Сооронбай Жээнбеков өз көзөмөлүнө алышы керек" деген пикирлер айтылды.

Жаңжалдан кийин партиялык тизмедегилердин кош жарандуулугу боюнча парламентте шектенүү күчөдү. Ошондуктан кош жарандуулугун жашыргандарды кылмыш жообуна тартууну мыйзамга киргизүү маселеси көтөрүлүүдө.

Өз алдынча иликтөө

Саясий чөйрөдө "Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары кармалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ишин Кыргызстандын укук коргоо органдары да өз алдынча иликтеши керек" деген маселе көтөрүлдү. Болбосо мамлекеттин беделине олуттуу сокку урулушу мүмкүн экенин айткан коопсуздук органдарынын ардагери, өкмөт башчынын кеңешчиси Токон Мамытов тез арада мекеме аралык тергөө тобу түзүлүшү зарыл деп эсептейт:

Токон Мамытов.

- Бул адам талапкер болуп катталганда кандайча анын жарандыгы башка экени текшерилген эмес? Буга эмнеге жетиштүү көңүл бурулбай калган? Депутат болгондон кийин мыйзам боюнча алар кандайдыр бир мамлекеттик сырларга ээ болушат. Бул адам кандайча депутат болуп, анан кандай мамлекеттик сырлар менен тааныш болгонун дагы иликтеп чыгуу зарыл.

БШКнын комиссиясы талапкерлердин тизмеси ИИМ, УКМК жана МКК сыяктуу мамлекеттик органдардын берген маалыматтарынын негизинде текшерилип, бекитиле турганын билдирген. Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Эрнист Осмонбаев талапкерлердин жарандыгын аныктоо мекеменин милдетине кирбей турганын белгиледи:

Биз да өз кезегинде анын казак жарандыгын алып, бирок кандайча жашырып жүргөнүн иликтеп жатабыз.

- Талапкерлердин жарандыгын текшерүү ИИМдин милдетине кирбейт. ИИМ талапкердин соттуулугу боюнча гана маалымат бере алат. Бул маалыматты УКМК жана МКК сыяктуу мамлекеттик органдар берет. Ошол мамлекеттик органдар текшериши керек болчу. Бул иш Казакстанда козголгондуктан, ошол жактын укук коргоо органдары териштирет. Бирок биз да өз кезегинде анын казак жарандыгын алып, бирок кандайча жашырып жүргөнүн иликтеп жатабыз. Ошондой эле казак тараптын берген маалыматтарынын баарына эле ишенүүгө болбойт. Ошондуктан бардык маалыматтар бизде кайра текшерилет.

Президентке кайрылуу

Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу аткезчиликке жана трансулуттук уюшма топ түзүү боюнча шектүү болуп жатканын буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы жарыялаган болчу. Ошондой эле анын Казакстандын Кордай районунда төрөлгөнү жана башында эле казак жараны болгону учкай маалыматта көрсөтүлгөн. Мындай жагдайда ал кандайча кыргыз жарандыгын алып, анан кантип депутаттыкка талапкер катары катталганы суроо жаратты.

Депутаттын өмүр баянында анын Каракол шаарында туулганы көрсөтүлгөн. Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев бул ишти иликтөөнү президент өз көзөмөлүнө алууга тийиш деп эсептейт:

Кубат Кожоналиев.

- УКМК БШК жөнөткөн суроо-талап боюнча тизмедеги талапкердин ар биринин жарандыгын текшерип чыгышы керек болчу. Бул жагдай атайын жасалганбы же шалаакылык болгонбу - мына ошол боюнча ички териштирүү жүрүшү зарыл. Президент анда саясий эрк бар деди. Мына ошентип айткан соң эми бул иштер боюнча президент "а" дегенден кийин "б" деп бир жыйынтык чыгарууга тийиш.

Кылмыш жоопкерчилигин киргизүү демилгеси

Бул чуулгандуу окуядан кийин "Парламенттеги депутаттардын жана келечекте мандат алчу партиялык тизмедегилердин арасында кош жарандуулугун жашыргандар болушу мүмкүнбү?" деген күмөн ойлор күчөдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте мамлекеттик кызматта кош жарандуулугун жашырып иштеп жүргөндөрдү кылмыш жообуна тартуу демилгесин көтөрүлгөнүн айтты:

Тазабек Икрамов.

- Мамлекеттик кызматкер ким болбосун, ал өкмөттө иштейби же парламентте депутат болобу, эгерде кош жарандуулук маселеси болсо кызматынан токтоосуз алынып, мандатынан ажыратылышы керек. Ошондой эле андай адамдар жоопко тартылышы керек. Мамлекеттик кызматта иштеген адамда кош жарандуулук болгону - өтө коркунучтуу көрүнүш. Бул маселени жөнгө салыш үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү колдойм.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Асылбек Супатаев: Уулум Кыргызстанда туулуп-өскөн

Партиялык тизмелердеги шектүүлөр

Ошол эле кезде маалымат агенттиктеринин бирине депутат Дастан Бекешев "Ата Мекен" партиясынын тизмесиндеги кезеги боюнча мандат алып, парламентке келе турган, Гүлнара Самат деп атын өзгөрткөн мурдагы БШК төрайымы Клара Кабилованын башка жарандыгы бар экендиги боюнча маселе текшерилип жатканын билдирген.

БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева азырынча бул маселе карала электигин билдирди:

Азырынча ага мандат берүүдөн мурун депутат Аида Салянованын маселеси кандайча чечиле турганын аныкташ керек.

- Биздин аппараттын кызматкерлери аны карап жатат. Бизге бул боюнча материалдарды таратып берише элек. Эгерде андан чынында эле башка мамлекеттин жарандыгы бар экени аныкталса, анда албетте, ага депутаттык мандат берилбейт. Бирок азырынча ага мандат берүүдөн мурун депутат Аида Салянованын маселеси кандайча чечиле турганын аныкташ керек. Анткени мыйзам боюнча депутат Саляновага карата чыккан өкүмдө жаза чарасы анын кызы 14 жашка чыккандан кийин гана күчүнө кирери көрсөтүлгөн. Демек, өкүм күчүнө кирмейинче, биз анын мандатын алып коё албайбыз. Биз биринчи мына ушул маселени чечип алышыбыз керек.

15-февраль күнү Алматыдагы атайын операция учурунда кармалгандардын арасындагы үч кыргызстандыктын бири парламент депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын жараны экени жарыяланган. Дамирбек Асылбек уулу буга чейин дагы парламентке депутат болуп шайланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.