Чатак жараткан чайлашуубу?

“Ата Мекен” фракциясы Ысык-Көлдөгү прокуратура жана коопсуздук органдарынын жетекчилерин кылмыш төбөлдөрү менен жолугушканы үчүн кызматтарынан алууну талап кылды.
“Ата Мекен” фракциясынын тараткан билдирүүсүндө жергиликтүү Улуттук коопсуздук жана прокуратура органдарынын жетекчилери кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү менен Каракол шаарындагы “Каприз” эс алуу жайында жолугушкандыгы көрсөтүлгөн. Бирок алардын ортолорунда эмне туурасында сөз болгондугу жашыруун бойдон калган.

Үстүдөгү жылдын аягында өткөн ал жолугушуу тийиштүү далилдер жана күбөлөр менен тастыктала тургандыгы кошумчаланган.

Бакыт Калмаматов
Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Бактыбек Калмаматов өлкөнүн жогорку жетекчилигине кызматтык этикага сыйбаган мындай көрүнүштөргө карата чара көрүү талабы коюлгандыгын белгиледи:

- Бул окуя “Капризде” болгону чын. Ал боюнча биз фракциянын жыйналышында да талкуулаганбыз. Мына ошол отелдин башка бир жагына билбестиктен, кокустуктан Орусиянын Кыргызстандагы элчиси да барып калган экен. Бул боюнча кабардар болгон Орусиянын Тышкы иштер министрлиги элчиге эскертүү берген. Бизде болсо ошол жерде уюмдашкан кылмыштуу топтун төбөлдөрү менен мамлекеттик жетекчилер жолугушкандыгы дайын болсо да, ага анча маани бергилери келбегени эмнеси? Мына ошондуктан биз бул боюнча кайрылуу кабыл алдык.

Маалымат бар, бирок жыйынтык жок

Ысык-Көл облусунун прокурору Абдибакыт Калмурзаев менен бул маселе боюнча байланышууга мүмкүн болгон жок. Анын кабылдамасындагы кызматкерлер облустун прокурору аталган жолугушуу туурасында комментарий бере албастыгын билдиришти.

Башкы прокурордун орун басары Рыскул Бактыбаев бул тууралуу маалымат жакында гана келип түшкөндүгүнө токтолду:

- Аны мен толук окугам. Ал маалымат бизге бүгүн түштү. Бул боюнча атайын текшерип көрөбүз. Анан гана жыйынтыгын айтабыз.

Марат Иманкулов
Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Марат Иманкулов мындай маалымат менен тааныштыгы жок экендигин билдирди. Анткен менен ал Ысык-Көл облустук улуттук коопсуздук башкармалыгынын жетекчилери кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү менен жолугушкандыгы тастыкталса, аларга карата тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын айтып өттү:

- Азыр ырас, ошондой маалыматтар пайда болгон болсо, биз албетте аны иликтеп көрөбүз. Бирок мен чын эле ошондой жолугушуу болгондугуна ишенбей турам. Бирок эгерде чын эле ошондой болуп, биздин кызматкерлер кылмыш дүйнөсүнүн атамандары менен эс алуу жайында жолугушса, биз аларга карата өтө чечкиндүү чараларды көрөбүз. Андай болбош керек.

Мыйзам боюнча жогорку кызмат адамдары кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү менен расмий шартта иш боюнча сүйлөшүүгө акысы бар. Бирок эс алуу жайларында же жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү мамлекеттик кызматкерлердин жүрүм-турумуна туура келбестиги белгиленген.

Чырмалышкан “чырмооктор”

“Альфа-антитеррор” коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков кызмат адамдарынын кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен барып жолугушкандыгы алардын ишмердүүлүгүнө болгон күмөн саноолорду жаратат деп эсептейт:

- Жанагыдай эс алуучу жайларга барып, өзүнчө атайын жашыруун бир жерлерде жолугуп, же болбосо чет мамлекетке чыгып, ошол жактан жашыруун жолуккандыгы билинип калса бул эмне дегенди билдирет? Бул ушул азыркы убакта биздин жогорку кызматтардагы адамдардын криминал өкүлдөрү менен чырмалышып кеткендигинен кабар берет. Ошол жетекчилердин кримчөйрө төбөлдөрүнүн алдына кол куушуруп барышкандыгынын өзү эле алардын адамдык жана кесиптик деңгээлинин төмөндүгүн айгинелейт.

Артур Медетбеков
Анткен менен Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жакындан бери уюмдашкан кылмыштуулукка каршы келишкис күрөш жүргүзүлө баштагандыгын айтып келишет. Артур Медетбеков көпчүлүк бийлик өкүлдөрү криминал менен эриш-аркак болуп турган чакта алардын ишинен жыйынтык чыкпай тургандыгына токтолду:

- Азыр мына уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшөбүз деп чоң кампания жарыялангандыгын жетекчилери айтып жатышат. Бирок оң колу менен аларды кармамыш болуп, сол колу менен аларга салам берип, учурашып отурса, анда жакында Кыргызстанда оңолуу болбойт. Бул жөн эле “компанейшина” – жасалмалуулук, иштеп жаткандай түр көрсөтүү болуп калат.

Буга чейин уюшкан кылмыштуу топтордун онго жакын мүчөсү кармалгандыгы айтылып, анын айрым төбөлдөрүнө издөө жарыяланган болчу.