Өмүрбек Текебаев алардын мыйзамдуу укуктары тебеленип жатканына байланыштуу сотко нааразылык иретинде мындан аркы сот жараяндарына катышуудан баш тартуу боюнча билдирүү жасады.
Ал сотту жылдыруу боюнча өтүнүчтөрүнүн бардыгы четке кагылганына каршы болуп, "өзүңөр каалагандай өкүм чыгара бергиле" деп судья менен айтышып кетти.
Муну сотту сыйлабастык катары караган судья Айбек Эрнис уулу соттолуучуларды залдан чыгаруу чечимин кабыл алды.
Сотту атайылап создуктурууга жол берилбестигин айткан судья сот жараяны улантыла берерин жарыялады.
Адвокаттар "ооруп", сот өкүмгө шашылганда
Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова 28-июлда судья Айбек Эрнис уулунун ишти кароосуна ишенбөөчүлүк көрсөтүп, андан баш тартуу боюнча он жетинчи ирет өтүнүч келтирди. Буга судьянын жактоочу тараптын келтирген өтүнүчтөрүнүн баарын четке кагып, сотко сыйлабастык көрсөттү деген негизде 28-июлда Өмүрбек Текебаевди сот залынан экинчи ирет чыгарып салган чечими негиз болду.
Соттолуучулар ошентип экинчи жолу өздөрүнүн сот жараянына катышпай калышты.
27-июлда Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары ооруп калганына байланыштуу сотко келбей калышкан. Мына ошондо сот жыйынын кийинкиге жылдыруу маселеси көтөрүлгөн. Бирок судья Айбек Эрнис уулу өз атынан адвокат дайындап, ишти кароону улантууну көздөгөн эле.
Дүйшөнкул Чотонов соттон эмнеге өкүм чыгарууга мынчалык шашылып жатканын сурады:
- Сиз чегине жеткирип жибердиңиз. Төрт саат убакыттан эмне өзгөрөт? Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары кечээ келген жок, анан бүгүн түшкө чейин келген жок. Үчөө тең маалымдама алып келип беришти. Алар айыкса эле чыга турганын айтып жатышат. Анан эле алардын ордуна башка бир адвокатты алып келип отургузуп коюп, "силерди бир күн болсо дагы, бир саат болсо дагы эртерээк соттойлу" дегенди ачыктан-ачык эле жасап, шашып жатпайсызбы. Мунун себеби эмнеде?
Сот жараянына протест
28-июлдагы соттун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев судья менен айтыша кетип, сот залынан чыгарылганга чейин ага кезметчи адвокатты таңуулап берүүгө анын акысы жоктугун эскерткен эле. Ал өзүнүн таламын талашып, айтышып туруп алгандыктан судья аны сот залынан чыгаруу чечимине келген эле. Анын астында Өмүрбек Текебаев укугу басмырланып жатканын айтып, мындай одоно мыйзам бузуучулук улана берсе, судьядан анын катышуусуз эле өкүм чыгара беришин талап кылган болчу:
- Эгерде биздин укугубузду басмырлап, өзүм билемдик менен ишти алып бара бере турган болсоңор, анда мен тергөө абагынан чыкпай, сотко келбей койом. Сотту менсиз, менин адвокаттарымсыз эле өткөрүп, мамлекеттик айыптоочу менен өзүңөр таап, дайындай койгон адвокат болуп сотту каалагандай уюштура бергиле. Мен анда соттук териштирүүгө дагы келбейм, акыркы сөзүмдү дагы айтпайм, өкүмдү дагы укпайм. Каалагандай чечим кабыл ала бергиле. Анан мына ошондой өкүмгө баа бере турган мезгил деле тез эле келет. Мен 10-15 жыл отуруп калам деп коркпойм. Анткени мен бул жакта анча жыл отурбайм. Жооп бере турган адамдар учуру келгенде жооп беришет.
Мына ошондон соң соттолуучуларды мурдагы күнү сот залынан чыгарган судья Айбек Эрнис уулу Өмүрбек Текебаевге кезметчи адвокат дайындоо чечиминен кайтып, анын өзүнүн адвокаттарынын катышуусун камсыздоо маселесин көтөрдү.
Мына ошондон кийин Өмүрбек Текебаев өзүнүн ден соолугуна байланыштуу сот жараянын кийинкиге жылдыруу боюнча өтүнүч келтирди. Бирок судья бул өтүнүчтү четке кагып, соттук кароону улантуу чечимин кабыл алды. Мына ошол мезгилде Текебаев судья мыйзамдын талабын аткарбай жатканын айтып, аны менен дагы бир жолу айтыша кетти. Судья болсо сотту сыйлабастык катары Текебаевди экинчи ирет сот залынан чыгарууну чечти.
Текебаевге тилектештик иретинде Чотонов дагы сот залынан чыгарууну сурады. Судья муну соттук кароону атайылап создуктуруу катары мүнөздөдү. Сот жараянына айыпкер өзү качып, келбей койгон учурлардан сырткары анын сотко катышып, өзүнүн кызыкчылыгын коргоо укугу Баш мыйзамда бекитилген.
Сот жараяны анын бардык катышуучуларына бирдей укукту камсыздап, соттук териштирүү укуктук жарыш иретинде өтө турганы мыйзамдарда көрсөтүлгөн.
Бекешов: сырттан өкүм чыгаруу практикасы бар
Бирок Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев соттолуучулар сотко катышуудан баш тарткан жагдайда кандайча иш алып баруу практикасы тууралуу мына буларга токтолду:
- Сотко алар барабы же барбай койобу, аны өздөрү чечет. Бирок сот алардын катышуусуз деле ишти караганга укугу бар. Анткени бизде мына ошондой тажрыйба бар. Мисалы үчүн бакиевдердин үстүнөн сот жараяны алардын катышуусуз эле өтүп, алардын сыртынан өкүм чыгарылган учурлар бизге белгилүү. Анан дагы Текебаев сотко барабы же жокпу, ал өзүнүн иши. Бирок сотко керек болсо, сот аны мажбурлап сотко алып келүүнү дагы камсыздай алат. Анан эми үч адвокаттын бардыгы бир күндө ооруп калбайт да. Жок дегенде алардын бири сотко келип турса болмок. Сот адвокаттар соттун ишин үзгүлтүккө учуратуу максатында ага келбей койгон учурда алардын лицензиясын алуу боюнча Адвокатурага жана Юстиция министрлигине кайрылууга толук укугу бар.
Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин 2010-жылы 13-май күнү Текебаев жана Чотонов менен жолугушканын төгүндөгөн көрсөтмө беришкен.
Президент Атамбаев болсо, 24-июлда өткөн маалымат жыйынында 2010-жылы 13-майда эмне болгону эсинде жок экенин айтып, бирок 12-май күнү ошондогу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн көбү жашырынып жатканын белгилеген.
- Алардын 13-майда эмне кылганын билбейм. Бирок 12-майда эч ким жок болчу, баары жашынып алышкан. Эгерде КСДП, заводдордун жумушчулары жана шаардыктар болбосо 12-майда бийлик алмашмак. Анткени элдер такыр башка иштер менен алек эле. Мен сотко басым кылгым келбейт, өзү чечим кабыл алсын. Бир гана Текебаев эмес, Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрү менден кийин да жооп беришет. Мен Бекназаров менен Отунбаева даярдаган улутташтыруу жөнүндөгү декретте 51 пайызды улутташтыруу боюнча маселе эмнеге кирбей калганын эң сонун билем. Ал эми өзүм жасаган иштерге ар дайым жооп берем.
Убактылуу өкмөттүн аппаратын жетектеген Эмилбек Каптагаев Атамбаев 13-май сот ишиндеги орчундуу күн болгондуктан, ал күнү кандай окуялар болгонун айткысы келбей жаткандай деген пикирин билдирген.
Ошол эле кезде Текебаев менен Чотоновдун жактоочулары сотто алардын күнөөсүздүгүн тастыктаган жагдайлар эске алынбай, аларга карата адилетсиз мамиле болуп жатканын айтышууда.