Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:04

Текебаев менен Чотонов сот залынан дагы чыгарылды


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 05.06.2017.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында. 05.06.2017.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун иши айыпталуучулардын катышуусуз өтүп жатат.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, бүгүнкү (28.7.2017) сот жүрүмүндө Текебаев жана анын адвокаты мамлекеттик жактоочудан баш тартып, сот аны канааттандырды.

Камактагы депутат беш айдан бери УКМКнын тергөө абагында жатканын, ден соолугу начарлаганын айтып эс алууга убакыт сурады. Текебаев мырза соттон териштирүүнү кийинки жумага жылдырууну, мамлекеттик тил сынагынан өтүү үчүн уруксат берүүнү өтүндү.

Ал өз саламаттыгы тууралуу тергөө абагынын медициналык бөлүмү кабардар экенин айтты. Прокурорлор бул өтүнүчтү четке кагууну суранды.

Сот "Текебаевдин ден соолугу тууралуу маалымкат жок" деген негизде өтүнүчтү четке какты. Ортодо кайым айтышуу орун алып, ишти карап жаткан судья Айбек Эрнис уулу Текебаевди сот залынан чыгарды. Мындан кийин Чотонов сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, өзүн да сот залынан чыгарууну өтүндү. "Сотко баш ийбеди" деген негизде ал да залдан чыгарылды.

Текебаев менен Чотонов коррупция боюнча айыпталууда. Учурда иш Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова жана Чотоновдун жактоочуcу Марат Эшперовдун катышуусунда өтүүдө. Сот саат 14.00гө чейин тыныгуу жарыялады. (NT/TSh)

XS
SM
MD
LG