ЖЭБ: мөөнөттү эске албаган сот

Жогорку катардагылар: Айбек Калиев, Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, Осмонбек Артыкбаев. Ылдыйкы катардагылар: Темирлан Бримкулов, Ольга Лаврова, Жолдошбек Назаров, Салайдин Авазов. "Азаттыктын" коллажы.

Бишкек ЖЭБиндеги коррупция боюнча кылмышка шек саналган мурдагы жогорку кызмат адамдарынын абакта кармоо мөөнөтү дагы эки айга узартылды.

Бирок алардын адвокаттары тергөө мезгилинде абакта бир жылдык мөөнөт өтүп кетип жатканын эскертип, муну одоно мыйзам бузуу катары сыпатташты.

Жаңы жазык-процессуалдык кодекстин талабы боюнча бир жылга чейин гана абакта кармоо мөөнөтү чектелген. Ушул аралыкта сот ишти карап бүтүп, соттолуучуга карата эркинен ажыратуу же актоо өкүмүн чыгаруунун мыйзамда чектелген мөөнөтү боюнча адвокат Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрыларын жарыялады.

Мыйзамдын талабы бузулганда

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин жана "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазовдун адвокаттары алардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча сотко өтүнүч келтиришти.

Сапар Исаков менен Салайдин Авазов тергөө абагында бир жылдан ашуун отурганын жүйө келтирген адвокаттар муну мыйзамды одоно бузуу катары баалашты. Адвокат Нурбек Токтакунов мыйзамдын талабы бузулган учурлар боюнча мисал келтирди:

Нурбек Токтакунов.

"Эми азыр дээрлик бардыгынын абакта отурганына бир жылдан ашып жатат. Эч кандай далил таба албай эле алардын абакта кармоо мөөнөтүн улам узартышууда. Бирок мыйзам боюнча тергөө учурунда бир жылдан ашуун камакта кармаганга болбойт. Эгерде бул жерде биринчи инстанцияда сот чечими чыкса бир жөн. Өзгөчө бир учурларда гана абакта кармоо мөөнөтү узартылат. Сот аларды тергөө абагында кармоонун өзгөчө учурларын негиздеп бербей туруп эле мөөнөттү узартууда. Бул мыйзамсыз. Анткени 293-беренеде бир жылдан ашык чек коюлган эмес".

Жазык-процессуалдык кодексинин 293-беренесинин 5-бөлүмүнө ылайык, иши каралып жаткан адамдын абакта кармалган мөөнөтү бир жылдан ашып кеткен өзгөчө учурларда соттун жүйө келтирген токтому менен андан ары узартыла турганы көрсөтүлгөн. Адвокаттар башка учурлардын бардыгында соттолуучунун абакта кармоо мөөнөтү бир жылдан ашып кетпеши керек деп эсептешет.

Дагы караңыз ЖЭБ соту: мыйзам жана басым

Бир берене эки башкача чечмеленгенде

Бирок Жогорку соттун басма сөз катчысы Чынара Мамытканова ишти караган судья соттолуучулардын бөгөт чарасын узартууда 293-берененин 1-3-4-бөлүмдөрүн жетекчиликке алып, чечим кабыл алганын билдирди:

"Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 293-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, ишти өндүрүшкө кабыл алгандан тартып, өкүм чыкканга чейинки аралыкта сот өзүнүн токтому же аныктамасы менен бөгөт чарасын колдонууга же жокко чыгарууга укуктуу. Ушул эле берененин 3-4-бөлүмдөрүнө ылайык, соттук териштирүүлөрдү өз мөөнөтүндө бүтүрүүгө мүмкүн болбой калганда жана бөгөт чарасын өзгөртүүгө негиздер жок болсо, абакта кармоонун мөөнөтү эки айга чейин узартылат".

Адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, кылмышка шектүүнү абакта кармоо мөөнөтүн чектөө Баш мыйзамда да көрсөтүлгөн. Ошондуктан ал ишти караган судьяга бөгөт чарасын колдонуу мөөнөттөрү жана аларды узартуунун тартибин караган 293-беренени чечмелөө үчүн Конституциялык палатага кайрылуу өтүнүчү берилгенин белгиледи.

Так эместиктин татаал жагдайы

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, юрист Клара Сооронкулова ал ченемдерди чечмелөө татаал деп эсептейт:

Клара Сооронкулова.

"Эски кодексте мындай ченемдер жок болчу. Жаңы кодексте болсо бөгөт чарасын ар бир эки ай сайын узартып, бирок жалпы абакта кармоо мөөнөтү бир жылдан ашпашы керек экени көрсөтүлгөн. Бирок мында "өзгөчө учурларда узартса болот" деген жери бар. Соттор ошого таянып алып эле, андай өзгөчө учурлар экенин тактабай туруп өкүм чыкканга чейин бөгөт чарасын узартып келе жатат. Негизи мыйзамда ошол учурлар так көрсөтүлүшү керек. Бул жерде чынында укуктук маселе бар. Бирок бул маселе боюнча Конституциялык палатага кайрылышса, анда ал жактан бул ченемдер кандайча чечмелене турганын билбейм. Себеби, Баш мыйзамда абакта кармоо мөөнөтү бир жылдан ашпашы керек деген так талап жок".

Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорундагы коррупция боюнча кылмыш иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жатат. Ал эми Ленин райондук сотунда мурдагы эки мэр Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун кылмыш иштери каралууда. Алардын дагы бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен адвокаттары сотко кайрылышты. Бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Артыкбаевдин абалын эске албаган сот

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин баса албай калган оор абалын жана эки ирет операция болгонун негиздеп бөгөт чарасын өзгөртүүнү сурап, анын адвокаты Нурлан Садыков сотко өтүнүч келтирди:

"Биз Осмонбек Артыкбаевдин өкмөттүн токтому менен бекитилген тизмедеги оор дартка чалдыкканын сотко негиздеп бердик. Ошого ылайык, адамды абакта кармоого болбойт. Артыкбаев эки ирет операция болуп, учурда дарыланып жатат. Ошого карабастан сотко медициналык коляска менен келип, катышууда. Бирок судья кандайдыр бир максатты көздөгөн чечим кабыл алып, биздин өтүнүчтү кабыл алуудан баш тартты. Ал өкмөттүн тиешелүү токтомун жетекчиликке албады. Бул токтом аткарууга милдеттүү укуктук ченем болчу. Анткени Жазык кодексинин өзүндө мына ошол токтомго шилтеме берилген".

Дагы караңыз ЖЭБ: жабырлануучулардын жалтак жообу

Соттун мындай чечимин Осмонбек Артыкбаевдин жактоочулары оорукчан адамга карата адамгерчиликсиз, гуманизмге каршы аракет жана мыйзамды сыйлабаган көрүнүш катары баалашты.

Бишкек ЖЭБиндеги авария жана коррупциялык иштер үчүн мурдагы эки премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков баш болгон 17 кызмат адамы сот жообуна тартылууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.