ЖЭБ: аттиштин баасы, аткаминерлердин жообу

Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеште Бишкектеги ЖЭБдеги аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын 2-апрелдеги жыйынына экс-премьер-министрлер, мурунку жана азыркы өкмөт мүчөлөрү чакырылды.

Анда ЖЭБди оңдош үчүн кытайлык TBEA компаниясы менен түзүлгөн келишимдин чоо-жайы, андагы талап-шарттарга байланыштуу суроолор берилди. Баасы 600 долларлык аттиш, 300 долларлык видеокөзөмөл камералар боюнча талаш-тартыш чыкты.

Депутаттык комиссиянын соңку жыйынында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын жетекчиси Айбек Калиев "Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында курулган жылуулук электр борборунун баасы "Кыргызстандыкынан алда канча арзан" деген дооматтар негизсиз" экенин билдирди. Андан сырткары баасы 600 долларлык аттиш, наркы 300 доллар турган видео көзөмөл камералары боюнча түшүндүрмө берди:

- Ал акча жалгыз эле видео камералар эмес өчүрүп-күйгүзүү системасына да каралган болчу. Ошонун баары чогуу каралган. Ал жерде 400 килограммдан ашык кабель колдонулган. Канча метр болгонун так айта албай жатабыз, бирок "20 чакырымдын тегерегинде түйүн тартылган" деп айтып жатышат. Аттиштер боюнча, чындыгында ал жерде 18 түрлүү жабдуу салынган чемодан болгон. Андан сырткары вулканикалык 20 метрдин тегерегинде эки чоң резина болгон. Адистер да "бул резиналар бүгүнкү күндө базарда да сатылбайт, бул атайын жасалган, жамап, үзүлгөндө тигиле турган резина" деп айтып жатышат. Котормосунда эле "аттиш" деп жазылып калган, чындыгында бул жабдуулардын топтому.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ЖЭБ: Айбек Калиев аттиштер тууралуу айтты

​Мындай жооп депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрүн ынандырган жок. "Республика - Ата-Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов "Улуттук энергохолдингди" "жалган маалымат берип жатат" деп айтып чыкты:

Чынында ал жерде 123 камера коюлган, анын болгону сегизи гана отко-сууга чыдамдуу камералар. Калганын баары эле жөнөкөй эле камералар.

- Маселе көтөрүлгөндөн кийин, эки жума өткөн соң актанып чыккандын кимге кереги бар? Эмне үчүн комиссиянын өткөн жыйынында, суроо берилген убакта жооп бере алышпайт? Былтыр алынган аттиш эмне себептен алигиче кампада турат?

Аны колдонуш керек эле да. Азыр эми "бул эки чемоданды базардан эле сатып барып кампага коюп коюшкан, комиссиянын жыйынында "бир аттиш эмес, эки чемодан болгон" деп айтылсын" деген сөздөр болуп атат. Азыр "128 видео камера коюлду" деп айтып жатат. Чынында ал жерде 123 камера коюлган, анын болгону сегизи гана отко-сууга чыдамдуу камералар. Калганын баары эле жөнөкөй эле камералар. Коомчулукка ушундай бурмаланган маалымат берүү туура эмес.

Депутаттык комиссиянын жыйынына мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев чакырылганы менен келген жок. Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоо үчүн келишим түзүлүп жаткан чакта экономика министри, андан кийин премьер-министр болгон Темир Сариев "авариянын ЖЭБди оңдоо иштерине тиешеси жок" деп билдирди:

Темир Сариев.

- ЖЭБди оңдоо сөзсүз түрдө керек болгон. Биз муну кечигип жасадык. Экинчиден сапаты жагынан бүгүнкү күндүн талабына жооп бере турган эки агрегат курулду. Биз кошумча 300 мГв кубаттуулук алдык. Экологиялык жактан бардык нормаларга жооп берет. Кыргызстандын көмүрүн колдонгонго толук шарт түзүлдү. Ички энергетикалык коопсуздукту сактайт. Авария - бул таптакыр башка маселе. Ал жерде өкмөттүн кышка даярдыгы жана көзөмөл боюнча маселе бар.

​Жыйында келишимдин юридикалык жактары боюнча суроолор берилди. Мурунку юстиция министри, Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фрациясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов келишим боюнча бардык укуктук жол-жобо жасалганына токтолду:

Алмамбет Шыкмаматов.

- Бул жерде эки келишим түзүлгөн. Биринчиси - кыргыз өкмөтү менен "Инэксимбанктын" ортосундагы келишим. Ага ылайык, 386 миллион долларды банк берет, өкмөт алат. Андай акчаны биз акыркы алты жылдан бери алып жатабыз. Андан сырткары өкмөт менен TBEAнын ортосундагы өзүнчө келишим болгон. Ал жерде "TBEA канчага жасап берет, канча акча кетет, канчага бүтөт" деген өзүнчө сүйлөшүү жүргөн. Бул келишимде мына Артыкбаев, Рыспаев, Салимов, Жамгырчиева, Калиев, Муканбетов, Байгөнчөков, Кравцов, Шаршеналиев, Азизов, Воропаев - мына ушул топ талкуулаган.

"Канча агрегат болуш керек, ЖЭБдин канча пайызы жаңыланышы керек дегени Юстиция министрлигинин маселеси эмес" деп мен өзүмдүн орун басарымды чакыртып алгам. "Инэксимбанк" боюнча келишимди парламент ратификацияган, президент кол койгон.

Комиссиянын жыйынында "келишим түзүлүп жатканда кыргыз тараптын кызыкчылыгы жакшы корголбой калган" деген доомат айтылды. Келишим түзүлүп жаткан чакта энергетика жана өнөр жай министри болуп турган Осмонбек Артыкбаев баа боюнча талаш-тартышты такташ үчүн эл аралык эксперттерге кайрылууну да сунуш кылды:

Осмонбек Артыкбаев.

- Мүмкүн сиздер эл аралык эксперттик топту жалдасаңыздар, алар "баасы чын эле арзан болгонбу же кымбат болгонбу" деп иликтеп, талдап карап чыкса болот да. Депутаттык комиссия ушундай иш кылса жакшы болот эле. Кытай өкмөтү жеңилдетилген насыя берип жатса, бул биздин мамлекетке карата жасаган оң саясаттын негизинде, биздин өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын чечип жаткан маселе. Эгерде ошол жерде бүдөмүк ой болсо, сиздер Кытай мамлекетине кайрылып, анын жагдайын сурап көрбөйсүздөрбү?

Комиссиянын мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев TBEA компаниясынын тандалышына байланышкан жагдайга кызыкты:

- "Элчинин кеңешчиси кат жөнөтүп, "ушул компания менен иштейсиңер деген" деп ушул маселенин айланасында көп сөз болуп жатат. Ушул боюнча маалымат берип койсоңуздар. Министрликтен расмий кагаз келдиби? Бүдөмүк болуп калып жатат, ачык билбей жатабыз.

Тышкы иштер министри Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен ушундай мазмундагы кат келгенин ырастады:

Эрлан Абдылдаев.

- Ооба, ушундай болгон, кат бизге келген. Кеңешчи эле эмес, элчи өзү да "ушул компания менен иштейсиңер" деген сунушун киргизген. Өзүңөр билгендей, бир канча убактан кийин да бир "Смэк" деген кытайлык компания чыккан. Биз кытай элчилигине дагы бир жолу "Бул боюнча силердин позицияңар кандай?" деп расмий нота жибергенбиз. Жообун да алганбыз. Алар "TBEA буйрутманы аткара турган жалгыз компания" деп жооп беришкен. ​

ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия 3-апрелде да жыйынын улантат.

УКМК ЖЭБдеги аварияга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Анын негизинде өткөн аптада өкмөттүн мурунку аппарат башчысы Нурханбек Момуналиев сурак берген. "Момуналиевдин жакын тууганы түзгөн" деп кеп болгон компания Жылуулук электр борборунун от казандарын оңдош үчүн өткөрүлгөн жасалма тендер, ири өлчөмдө акча кымырып алуу фактысы боюнча айыпталып жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ЖЭБ: кырсыктын жаңы жагдайлары

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.