Баш мыйзамдын жаңы беренелери

Баш мыйзам.

2016-жылы 11-декабрдагы референдумда кабыл алынган Конституциянын айрым беренелери 1-декабрдан баштап күчүнө кирет. Расмий бийлик өкүлдөрү Баш мыйзамдагы бул өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтип, парламентаризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт деп ишендирүүдө.

Кыргызстанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылы 11-декабрда өткөн. Ага жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышып, 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү колдоду деп табылган. Бирок анын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери 1-декабрдан тартып күчүнө киргени жатат.

Коалициянын туруктуулугу күчөйт

Маселен, Баш мыйзамдын 70-беренесиндеги жаңы өзгөртүүгө ылайык, парламенттик көпчүлүктөгү фракциялардын андан чыгуу боюнча чечими фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен гана кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциянын чыгышы үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коёт.

Парламенттеги социал-демократтар фракциясынын төрагасы, Коалициялык көпчүлүктүн лидери Иса Өмүркулов бул өзгөртүү коалицияны жана өкмөттү туруктуу кылат деген ойдо:

- Бул коалицияны бекемдейт. Себеби коалиция бат-бат тарап турса, мыйзам боюнча өкмөт да кызматтан кеткенге аргасыз болот.

75-беренедеги өзгөртүү боюнча, коалициянын парламенттик көпчүлүк статусун жоготушу Жогорку Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарын депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен тастыктоо зарылдыгын жаратат. Бул болсо коалициянын тарабашына спикердин кызыкчылыгы болот деген сөз.

Жогорку Кеңеш.

Депутат өкмөткө барса мандаты сакталат

Ал эми Баш мыйзамдын 72-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугу сакталат.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашевдин оюнча, өкмөттүн укуктары кеңейгени менен жоопкерчилиги көбөйгөн жок:

- Канча укук болсо, ошончо милдет-жоопкерчилик болушу керек. Бул юриспреденциянын алтын эрежеси. Ошондо теңсалмак болот. Эми туура, булар Батышты айтып жатышат. Батышта жоопкерчилик маселеси да бар да. Жалпылап айтканда, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, партиялардын ролу өсөт. Биздеги партиялар партия эмес да, “акционердик коом” болуп калды да.

Бекбосун Бөрүбашев.

81-беренеге ылайык, бюджет, салыктарга байланыштуу мыйзамдар боюнча премьер-министр аны кол койбостон арка кайтарууну өтүнүп президентке кайрыла алат.

Парламенттеги социал- демократтар фракциясынын төрагасы Иса Өмүркуловдун пикиринде, бул берене өкмөттүн позициясын бекемдейт:

- Вето укугу мурда президентте гана болсо, азыр өкмөттө да болот. Бул өзгөрүүлөр өкмөттүн позициясын да бекемдейт. Ошондой эле өкмөт менен парламенттин ортосундагы тең салмактуулукка алып келет. Себеби, парламент каржылык негиздемеси жок мыйзамдарды кабыл ала турган болсо, албетте, аны өкмөт аткара албайт да. Эми өкмөттүн ошого вето укугу болот.

1-декабрда күчүнө кире турган дагы бир 87-берене боюнча, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны болгон күндөн тартып өкмөт кызматтан кетти деп эсептелет. Ошондой эле премьер-министр жумуштан бошотууну сунуш кылган өкмөт мүчөсүн беш жумушчу күндүн ичинде президент ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, өкмөт башчы парламенттеги көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин аны өз чечими менен бошотууга укуктуу болот.

Андан тышкары өкмөт башчы сунуш кылып, парламент жактырган талапкерди президент үч жумушчу күндүн ичинде кызматка дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, ал дайындалды деп эсептелет.

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев Конституциядагы өзгөртүүлөргө мындайча баа берди:

- Бул кетип жаткан президентке кармап турганга мүмкүнчүлүк берет. Де-факто ал башкаруучу партиянын жетекчиси эмеспи. Ошол партия жана фракция аркылуу мамлекеттик түзүлүш маселелерине таасир эте алат. Ошондуктан бул кимге, кандайча кызык болгону көрүнүп турат. Бул азыркы президентке толук көзөмөл кылганга мүмкүнчүлүк берип жатат.

Парламентаризмге карай кадам

Президент Алмазбек Атамбаев 20-ноябрдагы басма сөз жыйынында Конституциядагы өзгөртүүлөрдү парламентаризмге карай дагы бир олуттуу кадам деп баалаган. Ал өнүккөн 53 мамлекеттин 51и парламенттик демократия менен жашаарын, Кыргызстан үчүн Германиянын парламенттик системасы ылайыктуу экенин белгилеген. Бирок бул үчүн шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү зарыл экенине да токтолгон:

- Кадам-кадам менен жасап, 2040-жылы биз толук парламенттик башкаруу системасына өтүшүбүз керек. Анткени ал бизде Улуу Кыргыз каганатынан бери бар. Бизде Манасты хан шайлашкан. Ал гана эмес Манасты хан кылып шайлашып, башкы кол башчы кылып башка адамды шайлашкан. Көчмөн демократия биздин каныбызда бар.

Президент Алмазбек Атамбаев жана жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков.

Атамбаевдин пикиринде, жаңы президенттин ыйгарым укуктары аныкынан аз болот:

- Менин "өлкөнүн жаңы президентин колдоп коюңуздар" деген бир гана өтүнүчүм бар. Анткени анын ыйгарым укуктары меникине караганда аз. Меники болсо Отунбаеваныкына караганда аз болгон. Жаңы Конституциядагы өзгөртүүлөрдүн баары 1-декабрда күчүнө кирет. Андыктан көбүрөөк иштеши үчүн жаш өкмөттү көбүрөөк тепкилегиле...

Президенттин укуктары демекчи, мамлекет башчы Жогорку Кеңештин макулдугу менен башкы прокурорду дайындайт. Өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик органдардын (анын ичинде УКМК башчысын, коргоо министрин) жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот.

Өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде президент Кыргыз Республикасынын атынан чыгат. Ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, премьер-министр менен макулдашуу аркылуу эл аралык келишимдерге кол коет жана башка көп укуктарга ээ.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.