Апта: «Азаттык» кабылган жагдайлар, Текебаевди актаган күбөлөр

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (30-сентябрь - 6-октябрь).

«Сөз эркиндиги коркунучта»

«Азаттык Медиа» мекемеси кабылган соңку жагдай Кыргызстандагы сөз эркиндигине байланыштуу маселени козгоду жана журналисттердин коопсуздугу тууралуу талкууну күн тартибине чыгарды. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык медиа уюмдар, саясатчылар жана коомдук ишмерлер Ош шаарында «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун каракталышына байланыштуу камтамачылык билдиришти.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жагдайга кунт коюп көз салып жатканын жарыялады. Уюмдун изилдөөчүсү Лора Миллс «Азаттыкка» комментарий берип жатып, бул окуя терең иликтенип, журналистке кол салгандардын ким экени аныкталарына ишеним артты:

- Журналисттерге каршы кандай гана кол салуу болсо да, биз аны айыптайбыз. Журналисттер өз ишин эч кандай тоскоолдуксуз аткарууга тийиш. Айрыкча зомбулук, опуза болбошу керек. Мамлекетте журналисттин коопсуздугу маанилүү. Себеби, сөз эркиндиги - демократиялык коомдун пайдубалы.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) Айбек Кулчумановго кол салуу боюнча кабатырлыгын билдирди. Уюмдун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир «Твиттердеги» баракчасына «Маалымат каражатынын кызматкерине карата мындай мамиле жарабайт. Мен бийликти бул окуяны кылдат иликтөөгө чакырам», деп жазды.

Марс Төлөгөнов

Кыргызстандагы «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марс Төлөгөнов бул көрүнүштү басма сөз эркиндигине кол салуу катары сыпаттады жана журналист иликтөө жүргүзүп жатканда кайсы жерди тартарын алдын-ала барып айтууга милдеттүү эмес экенин белгиледи:

- Журналист «биз ушундай иликтөө жүргүзүп жаттык эле, ушул жерден барып тартканы жатабыз» деп алдын-ала барып айтпайт. Өткөндө бир журналист «геолокация болушу керек» дейт, ал да туура эмес маалымат берип жатат. Журналисттик иликтөө жанры өзү ушундай – «кандайдыр бир мыйзам бузуу болуп жатат» десе ошону коомчулукка жеткириш үчүн журналист же иликтөө жүргүзүп жаткан топ алдын-ала кабарлабай туруп барып ошол жерден маалымат топтоп алып келиши керек.

Садык Шернияз

«Азаттык» кабылган жагдайга байланыштуу бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер да үн катты. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Садык Шернияз «Жебе» телеканалына берген комментарийинде, «Азаттык» бир топ жылдардан бери демократиянын жакшы үлгүсүн көрсөтүп келатканын айтты.

- «Азаттык» көпчүлүк учурда демократиянын, ачыктыктын, туура, калыс сөздүн үлгүсүн көрсөтөт. Эгерде «Азаттыкка» кандайдыр бир басым жасалып, «анын аброюн түшүрөлү» деген аракеттер болсо анда бул жаңылыштык. Анткени кимдин гана заманы өткөн жок. Баарынын заманы өткөн. Бир кезде Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин заманы өткөн. Мүмкүн азыр Матраимовдун заманы болуп жаткан чыгар, анын дагы заманы өтөт. «Азаттык» калып келген жана кала берет. Кээ бир учурда алардын аша чаап кеткен учурлары байкалат, бирок мындай учурлар өтө аз.

Кыргыз өкмөтү да «Азаттык» радиосунун айланасындагы окуялар тууралуу үн катты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев өкмөт «бул окуянын сөз эркиндигин чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгиси келерин» айтты:

- Кыргыз өкмөтү «Азаттык» радиосунун журналисти менен болгон окуяга тынчсызданат, бирок биз бул окуянын себептерин жана бардык деталдарын козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө аныкташы керек деп эсептейбиз. Ошол эле учурда окуяга турмуштук пикир келишпестик себеп болгонуна жана сөз эркиндиги менен журналисттик ишмердүүлүктү кандайдыр бир чектөөгө тиешеси жок экенине ишенгибиз келет, - деди Султаналиев.

Матраимов комиссияга арызданды

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна байланыштуу Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды териштирген комиссияга кайрылганы белгилүү болду. Депутат Айбек Кулчумановдун каракталышы тууралуу «Азаттыкка» жарыяланган материалдар боюнча даттанган. Анда «Азаттыктын» орус тилиндеги сайтында текст түрүндөгү «12 макаланын 11инде радионун көз карашы жана алардын позициясын колдогон, коргогон тараптардын пикири жазылган», - деп белгиленген Матраимовдун даттануусунда.

Ал окуяны чагылдыруунун сапатына баа берүүнү, Журналисттик этика кодекси бузулуп-бузулбаганын текшерүүнү, жарык көргөн макалаларды талкуулаш үчүн тараптарды чакырууну, журналист Ыдырыс Исаковдун Матраимовдун тарапташы менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн аныктыгын текшерүү боюнча демилге көтөрүүнү суранган.

Дагы караңыз «Азаттыкка» каршы иш жана сөз эркиндиги (видео)


Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды териштирүү комиссиясынын өкүлү Асел Сооронбаева Искендер Матраимовдун «Азаттык» боюнча арызы калыс каралат деп ишендирди:

- Искендер Матраимовдун «Азаттык» радиосунун үстүнөн жазган арызы келип түшөрү менен комиссиянын курамындагы «Азаттык» радиосунун журналисти Санжар Эралиев дароо өз каалоосу менен жараяндан чыкты. Себеби, ал кызыкчылыктар кагылышы болушун каалаган жок. Ал бул арызды кароого, чечим кабыл алууга катышпайт. Ошондуктан Матраимовдор менен «Азаттык» радиосунун чырында бейтарап чечим чыгат деп ишендире алам.

Комиссия арызды келаткан жумада карамакчы.

Ушул убакта Ош шаарынын мэриясы «Азаттыктын» материалдарда сөз болгон, Райымбек Матраимовдун бир тууганы Руслан Матраимовдун Оштогу үйү салынган жер качан жана кандай шартта берилгенин териштире баштады. Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаров «Азаттыкка» комментарий берип жатып, буга чейин азыркы мэрдин атына Матраимовдун үйү жолдун үстүнө салынганын айтып бир да тарап арызданбаганын айтты.

- Жер кайсы мэрдин тушунда берилгени тууралуу так маалымат жок. Коомчулукта «жолду тосуп алды. «Келечектин» айланасын тосуп алды» деген сын-пикирлерден кийин мэрия тиешелүү мамлекеттик органдар менен текшерүү иштерин баштайбыз, - деди Абсатаров.

Буга чейин "Келечек" балдар борборунун башчысы «Азаттыкка» Руслан Матраимовго караштуу турак үй «Келечек» балдар борборунун эксперименттерди өткөрүү аянтчасына курулганын айткан. Андан сырткары Балдар борбору менен эксперименталдык аянтча, борбордун ортосунан Ош шаардык билим берүү башкармалыгына өткөн жол да тосулган.

Дагы караңыз Кулчумановго кол салуу: соцтармактагы резонанс


Матраимов ошондой эле "Келечек" балдар борборунун «П» формасында курулган имаратынын ортосундагы бош аянтты да тосуп алган. Сөз болуп жаткан жер Ош шаарынын Ленин көчөсү менен Токтогул эс алуу багынын ортосунда жайгашкан.

Руслан Матраимовдун агасы, депутат Искендер Матраимов 2-октябрда «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө иниси үй салган үч жер участогун 1999-2000-жылдары 119 миң сомго сатып алганын айткан жана бул окуяга байланыштуу тартип коргоо органдарына басым-кысым кылып жатат деген дооматтарды четке каккан.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов жана Руслан Матраимовдун бакча кызматкери Ооматбек Абдыкадыр уулуна жасалган соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:

- Ош шаардык соттук-медициналык экспертизанын кароосунун корутундусу. Жабырлануучу Ооматбек Абдыкадыр уулу мээсинин жабык түрүндөгү жаракат алып, мээси чайкалган, төбөсүнүн оң тарабындагы терисинин алдына кан уюган жана сыйрылган. Ушул жаракаттар катуу, жумуру нерселердин таасиринен пайда болушу мүмкүн. Мээсинин жабык түрүндөгү жаракаты, мээси чайкалышы ден соолукка кыска мөөнөттүү зыян алып келген жеңил дене жаракатынын катарына кирет. Экинчи, Айбек Кулчумановго карата Ош шаардык соттук-медициналык экспертизанын корутундусу. Кулчумановдун денесинде эч кандай жаракат жана анын издери байкалбайт. Мээсинин жабык түрүндөгү жаракаты, мээсинин чайкалышы, бети, башына сокку да болгон эмес. Ошондуктан соттук-медициналык экспертизалык баа берүүгө жатпайт.

Сыдыков «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов арызында «мээм чайкалган болушу мүмкүн» деп көрсөткөнүн, бирок ал дарыгерлер тарабынан аныкталбаганын айтты. Денесинен жаракат алганы да байкалбаганын кошумчалады.

“Азаттык” радиосунун кызматкерлерине байланыштуу катталган иш толугу менен Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө турарын айтып билдирүү таратты. Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Назира Султанкулованын айтымында, тергөөгө байланыштуу жагдайлар убагы келгенде ачыкка чыгат.

- Учурда тергөө, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн купуялыгын эске алуу менен тергөөгө тиешелүү жагдайларды убагы келгенде ачыкка чыгарабыз. ИИМ “Азаттык” мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу жагдай Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганын, окуя толугу менен кылдат жана акыйкат иликтене тургандагын белгилейт.

Ош шаарында 28-сентябрда оператор Айбек Кулчуманов телеберүү тартып жүргөндө бейтааныш адамдар ага кол көтөрүп, техникасын, документтерин жана түшүп жүргөн автоунаасынын ачкычын тартып алышкан.

Кол салгандар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун атын аташкан. Алар да «жеке менчигибизди тасмага тартып, коопсуздугубузга коркунуч жаратты» деген негизде милицияга арызданган.

Кулчуманов шаардык милицияга кайрылган жана Жазык кодексинин 201-беренесинин 4-пунктунун («Топ адам тарабынан уюшкан каракчылык») негизинде кылмыш ишин козголгон.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

«Азаттыктын» кабарчысына кантип кол салышкан?


«Азаттык» оператор Айбек Кулчуманов Ошто каракталашына байланыштуу козголгон кылмыш ишин коопсуздук маселелеринен улам Ош шаарынан Бишкекке которууну өтүнүп башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылды. Андан сырткары Ош шаарындагы укук коргоо органдарына айрым бир кызыкдар тараптар басым көрсөтүп, тергөөнүн жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылышы мүмкүн деп кооптонуу дагы бар.

Мунун алдында айрым социалдык тармактарда ашынган маанайдагы чакырыктардан улам «Азаттык» Айбек Кулчуманов менен Оштогу аймактык кабарчысы Ыдырыс Исаковдун коопсуздугуна байланыштуу Ички иштер министрлигине (ИИМ) да кат жолдогон эле.

«Азаттык Медиа» мекемеси соңку окуяны Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн чоң коркунуч, чабуул катары баалайт деп билдирүү таратты. Анда бул иштин укук коргоо органдары тарабынан ачык, так иликтенишине кылдат көз салып турары, «Азаттык» курч темаларды, орчундуу маселелерди көтөрүп, коррупцияга каршы иликтөөлөрүн уланта берери айтылды.

Текебаевдин иши: күбөлөргө «тил бүттү»

Бишкектин Биринчи май райондук соту 1-октябрда ушул тушта үй камагында отурган «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону улантты. Анда күбөлөргө байланыштуу талаш-талкуу чыкты. Адвокаттар кошумча күбөлөрдөн көрсөтмө алуу демилгесин көтөрүштү.

Талаш-тартыштан кийин сот айыпталуучу тараптын жүйөсүнө көндү. Адвокат Таалайгүл Токтакунова 2010-жылдын 13-майында Чотонов Ошто болгонун тастыктоо үчүн сотко күбө катары жалпысынан 13 адамды чакыруу өтүнүчүн келтирди.

Алардын арасында ошол жылы ИИМ башчысынын орун басары, кошумча министрдин милдетин аткарып турган Бакыт Алымбеков, мурдагы коргоо министри, экс-депутат Исмаил Исаков, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, Ош облусунун экс-губернатору Мамасадык Бакиров, Чотоновдун жансакчысы Тынчтык Аметов, “Кыргызаэронавигация” ишканасынын өкүлү Татьяна Пинчук, убактылуу өкмөттүн аппараттын мурдагы кызматкери Сатымгүл Бактаева, экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева жана башкалар бар экени маалым болду.

Дагы караңыз Текебаевдин сотундагы 13 күбө


Соңку сот отумунда күбө катары чакырылгандардын көбү суралды. Биринчи болуп көрсөтмө берген Бакыт Алымбеков Ал 2010-жылдын 13-майында Дүйшөнкул Чотонов Убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен Бишкектен Ошко тик учак менен учуп келгендердин арасында болгонун ырастады. Муну Исмаил Исаков да бышыктады:

- Бакиевдин жактоочулары түштүк аймагында бийлик имараттарын басып алган. Бул боюнча маалымат келери менен убактылуу өкмөт 13-майда саат 14:00дөрдө чукул жыйынга чогулганбыз. Жагдайды калыбына келтирүү боюнча ишти мага дайындашып, саат 16:00дө Ошко учуп кетмей болдум. Аэропортко баратканыбызда Оштун аба майданы жабык, учактын жолуна шагыл түшүрүп коюшту, «учак уча албайт» деген кабар келди. Натыйжада мен “Фрунзе-1” аскердик аэродромдо тик учакты даярдоого тапшырма бердим. Ошентип аэродромдон Курманакун Матенов, Дүйшөнкул Чотонов, Бакыт Алымбеков жана башка бир топ адамдар менен чогуу учуп, Ошко саат алтыдан кийин, жетилерге жакын бардык.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Ошто аларды өзү тосуп алганын билдирди.

- 2010-жылы Убактылуу өкмөт келгенден кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жетекчи болгом. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, Убактылуу өкмөткө каршы күч пайда болуп, 13-майда облустук администрацияны басып алган. Аны басуу үчүн ошол учурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, ички иштер министринин биринчи орун басары Бакыт Алымбеков, өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов Ошко учуп келген. Шаардын Кулатов кичирайонунда жайгашкан аскердик базада аларды тосуп алууда мен да болгом жана кийинки сүйлөшүүлөргө мен да катышкам, - деди.

Таалайгүл Токтакунова

Айтор, Текебаев менен Чотоновдун сотунда күбөлөрдү баары аларды актап көрсөтмө берип жатат. Адвокат Таалайгүл Токтакунова күбөлөрдүн маалыматы аларга алиби катары кызмат кылат деп эсептейт:

- Биз толук актоого далилдерди алып келгенге мүмкүнчүлүгүбүз жетет деп айтканбыз, мына жаңы күбөлөрдү алып келдик. Булардын ичинен айрымдары мурда көрсөтмө берген, бирок көбү убактысы жетишпей же бийликтен коркуп келе албай калган. Бирок баары келишти жана эң маанилүү көрсөтмөнү берип кетишти. Мурда 13-май күнү Ошко катар-катар учактар жана тик учактар учуп турганын айтып келишкен, бүгүн күбөлөр жана «Кыргызаэронавигациясы» бир гана тик учак учканын тактап беришти. Маевский менен Модиндин берген көрсөтмөлөрү калп экени толук ачыкка чыкты. Ушул күбөлөрдүн маалыматтарынын негизинде сот негиздүү, мыйзамдуу өкүм кабыл алышы керек. Сот саясий жактан көз каранды болбошу зарыл. Мыйзамдуу өкүм бул бирөө эле – биз биринчи секундадан баштап аны айтып келе жатабыз, Текебаев менен Чотоновдун күнөөсү жок, ал акталышы керек, - деди ал.

Бирок ошол эле кезде Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралып, үй камагына чыкканын кайра эле саясий таасирлер менен байланыштыргандар бар.

Акыркы соттук отурумдарды интернеттен түз эфирде, тасмадан көрүп, угуп, байкоо салып келаткан талдоочу Айнура Арзыматова буларга токтолду.

- Ооба, күбөлөрдүн баары 2010-жылы 13-майда Чотонов Ошко учуп кеткен деп айтып жатышат. Көбү убактысын так айта алган жок, аэронавигация өкүлү гана тик учак кечинде 17:00дөн кийин учуп кеткенин билдирди. Бирок ага чейин эмне болду? Модин менен ошого чейин деле кезиксе болот да. Бул бир жагдай. Анан кийин, албетте азыр баарыбыз эле билип жатабыз, соттор азыркы убакта өз алдынча чечим кабыл албайт. Себеби, сот реформасы жүргөн жок. Көрүп атпайбы, кээ бир адамдарга жөн эле иш ачылып, тергөө абагына кармалып атат. Айрымдары жөн эле абактан чыгып жатат. Текебаевдин иши боюнча да бийлик эмне деп айтса, ошондой чечим кабыл алынат деп ойлойм. Бийлик алар акталсын десе акталат, акталбасын десе акталбайт.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Муну алар мурдагы бийликтин куугунтугу катары баалашкан.

Жогорку сот 21-августта «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон. 12-сентябрда ишти кайра кароо башталган. Ал күнү адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилген. Судья 1-октябрдагы отурумду күндүн ортосунда жыйынтыктап, дагы эки апта артка жылдырды. Тагыраагы келерки отурум 17-октябрь, саат 10:00гө белгиленди.

Украина: «Штайнмайер формуласы» бүлүк салды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев "Штайнмайер формуласы" деп аталган документке байланыштуу нааразылык жаралгандан кийин чукул билдирүү жасады.

Анда «өлкөнү сатты, Орусияга багынып берди» деген дооматтарды четке какты:

- Келгиле, алгач бул кандай формула экенин түшүнүп алалы. Анда Украина Крымдын аннексиясын таанып, Донбасстан баш тартат деп турабы? Жок. Анда Донбасстагы шайлоолор автомат кундагы алдында өтөт деп турабы? Жок.


Украин президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнө караганда, Донбасстын өзгөчө макамы тууралуу жаңы мыйзамды парламент «коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта жана ачык талкуулоо аркылуу» иштеп чыгат.

- Бул маселени чечүүдө алдыбызда узак жана татаал жол турат. Биз бул жолду чогуу басып өтүүгө тийишпиз. Ал үчүн бизге ынтымак керек. Мен ар бир жарандын конституциялык укугун сыйлайм. Мен сиздерди угуп жатам, мен эч качан Украинаны сатпайм!

1-2-октябрда Жогорку Раданын алдында «Штайнмайер формуласына» каршы нааразылык акциялары болуп өттү. Киев шаарынын тургуну Надежда:

- Биз бүгүн эгер биздин баалуулуктар, эгемендигибиз, аймактык бүтүндүгүбүз коркунучта калса, канча киши көчөгө чыгууга даяр экенин президент Зеленскийге көрсөтүү үчүн Майданга чыктык. Зеленскийге добуш берген адамдар Украинаны баскынчыга берүү үчүн добуш берген эмес.

Беларустун Минск шаарында 1-октябрда Киев, Москва жана ЕККУ эл аралык коомчулукта «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанымал документ тууралуу макулдашкан. Ага ылайык, өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик жумурияттары» (“ДНР” жана “ЛНР”) деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөйт.

«Штайнмайер формуласы» деп аталган документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуш кылган. Анда белгиленгендей, Донецк жана Луганскиде Украинанын мыйзамдарына ылайык шайлоо өтөт жана аны ЕККУ эл аралык стандарттарга төп келет деп тааныса, Киев бул облустардын өзгөчө макамы тууралуу мыйзам кабыл алат. Ошондой эле Москва менен Киев туткундардын баарын алмашат.

2-октябрда Владимир Зеленский «Штайнмайер формуласы» боюнча парламенттеги фракция лидерлери менен жолугушкан. Жолугушуу жабык өтүп, 40 мүнөткө созулган. «Европа тилектештиги» фракциясынын мүчөсү Ирина Геращенко жолугушууда «маанилүү, бирок бардык маселелерди чечүүгө жетишсиз сөз» болгонун журналисттерге билдирди.

Өлкөнүн экс-президенти, «Европалык тилектештик» партиясынын лидери Петро Порошенко буга байланыштуу атайын видео кайрылуу аркылуу Владимир Зеленскийдин саясатын айыптады. Ал жана анын тарапташтары «Штайнмайер формуласынын» шарттарына көнбөсүн айтты.

Украинанын мурдагы премьер-министри, «Батькивщина» партиясынын төрайымы Юлия Тимошенко «Фейсбуктагы» баракчасына бул келишим Украинанын «улуттук коопсуздугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине коркунуч келтирет» деп жазды.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган жана Луганск, Донецк облустарындагы жикчилдерди колдоп келет.

Владимир Зеленский быйыл апрель айында президенттик шайлоодо жеңип келгенден кийин 13 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган согушту токтотууга убада кылган. Өткөн айда Киев менен Орусия бири-бири менен туткундарды алмашкан жана бул жараян дагы уланары айтылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.