ЖЭБ соту жарыш сөзгө өттү

ЖЭБдеги коррупция боюнча сот.

Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоорундагы коррупция боюнча соттук териштирүү жыйынтыктала баштады.

Мамлекеттик айыптоо соттон кылмышка шектүүлөрдү акчалай айып салуудан тартып 17 жылга чейин эркинен ажыратууну суранды. Бул аралыкта мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин туугандары Кытайдын насыясын жабыш үчүн мамлекеттин эсебине 100 млн. сом акча которгону сотто белгилүү болду. Сот жараянында жарыш сөз башталып, айыпталуучулар жана алардын адвокаттары коюлган айыптарды четке каккан өз жүйөлөрүн келтиришти. Соттолуучулардын арасынан сот жараянындагы жарыш сөзгө мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев чыгып сүйлөдү.

Мамлекеттик айыптоонун өтүнүчү

Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан териштирүүдө соттолуучуларга карата айыптоо корутундусу окулду. Мамлекеттик айыптоо аларды жазага тартууну жана эркинен ажыратуу мөөнөттөрүн чегерүүнү соттон суранды.

Мамлекеттик айыптоочу Үмүт Конкубаева мамлекетке 110 млн. доллар зыян келтирген коррупциялык иштин негизинде айыпталуучуларга карата соттон суралган жаза мөөнөттөрү тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Мамлекеттик айыптоо соттук териштирүүнүн жүрүшүн жыйынтыктап келип, биз соттон мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиевди 17 жылга эркинен ажыратууну сурадык. Ал эми дагы бир мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге, Салайдин Авазовго, Жолдошбек Назаровго жана Темирлан Бримкуловго Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 49-беренесинин негизинде, аталган соттолуучулар 55 жаштан ашкан жаш курагын эске алып, алардын ара бирин 11 жыл 3 ай мөөнөткө кесүүнү сурандык.

Дагы караңыз ЖЭБ соту: зыян боюнча талаш

Мүлк, ордендер жана наамдар

Прокурорлор сот жараянында буга чейин эркиндикте жүргөн мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы сот залынан камакка алып, аны 7 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүштү. Мындан тышкары мамлекеттик айыптоо мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго 15 жылдык жаза мөөнөтүнөн тышкары анын үй-мүлкүн конфискациялап, дипломатиялык рангы менен «Манас» орденин алып салууну сунуш кылды. Айыптоочу тарап «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге 17 жылдык жаза мөөнөтүнөн сырткары андан Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен «Даңк» медалын алып салып, ТВЕА компаниясынан алынган автоунааны сатуудан түшкөн 1 миллион 627 миң сомду өндүрүүнү суранды. Ошол эле кезде айыптоочулар 11 жылга кесилген Жантөрө Сатыбалдиевдин, Темирлан Бримкуловдун, Салайдин Авазовдун жана Жолдошбек Назаровдун үй-мүлкүн конфискациялап, аларды да мамлекеттик сыйлыктары менен наамдарынан ажыратууну өтүндү.

Артыкбаевдин айыбын жумшартуу

Мамлекеттик айыптоочу Марат Кулжабаев мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин коррупцияга аралашканы далилденбей, анын айыбы башка беренеге которулганына байланыштуу ага акчалай айып салууну соттон өтүндү:

- Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Осмонбек Артыкбаевдин коррупцияга аралашканы жана аны аткарууга шериктеш болгону далилденбегенине байланыштуу биз анын аракеттерин мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүнө которууну сунуш кылдык. Өз ыктыяры менен 100 млн. сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун төлөгөнүн жана саламаттыгынын абалын эске алган Жазык кодексиндеги жазаны жумшартуучу жагдайларга байланыштуу мамлекеттик айыптоо ага эң жогорку айып пулдун өлчөмүн, тагыраагы 5 млн. сомду мамлекеттин пайдасына төгүү жазасын чегерүүнү соттон сурайт.

Дагы караңыз ЖЭБ: соттор шаштыбы же создубу?

Мамлекетке түшкөн жүз миллиондун негиздемеси

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө судья Инара Гилязетдинова Кытайдан алынган 386 млн. доллар насыяны жабууга жардам берүүнү негиздеп, айыпталуучу Осмонбек Артыкбаевдин жакындары «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын эсебине 100 млн. сом өлчөмүндө акча каражатын которуп бергени тууралуу ырастаманы окуп берди.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты Асел Рысбаева акчаны которуу насыяны төлөөгө көмөктөшүү экенин айтып, аны айыпты моюнга алуу катары кароого мүмкүн эмес экенин айтты:

Осмонбек Артыкбаев өзү эмес, анын туугандары өз ыктыяры менен ушул акча каражатын которуп беришти.

- Осмонбек Артыкбаев өзү эмес, анын туугандары өз ыктыяры менен ушул акча каражатын которуп беришти. Бул жерде ал акча келтирилген зыяндын ордун толукташ үчүн эмес, алынган мамлекеттик насыяны төлөөгө жардам катары салынды. Бул Осмонбек Артыкбаев күнөөнү мойнуна алды деген сөз эмес. Ал 100 млн. сом акча ага айыбы угузула электе эле мамлекетке төлөнүп берилди. Мамлекеттик айыптоочулар сотто билдиргендей, андан коррупцияга байланыштуу шек санаган тергөөнүн айыптоосу соттук териштирүү учурунда далилденген жок. Бул анын коррупцияга аралашпаганын көрсөтүп турат. Бул жагдайды кылмыш ишинин материалына тиркелген көптөгөн документтер дагы далилдеп турат.

Мындан сырткары соттук териштирүү жыйынтыкталып, соттолуучуларга жана алардын адвокаттарына жарыш сөзгө чыгып, сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилди. Биринчилерден болуп 28-ноябрдагы сот жараянында мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жарыш сөзгө чыгып, аны тергөөнүн «мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген, коррупциялык келишимди колдогон» деген мазмундагы айыптоого негиз жок экенин билдирди.

Сатыбалдиев Текебаевге шилтеме берди

Жантөрө Сатыбалдиев ошол кездеги парламенттеги фракция жетекчилеринин Бишкек ЖЭБин жаңылаш үчүн насыя алууну жана ошол долбоорду ишке ашырууну колдоп сүйлөгөн стенограммасын мисал келтирди:

Жантөрө Сатыбалдиев.

- «Ата Мекен» фракциясынын ошол кездеги жетекчиси Өмүрбек Текебаев бул боюнча парламентте чыгып сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы бул ишке тиркелген. Мына ошондон баштайын. Ал Бишкек ЖЭБин жылытууга Казакстандан көмүр сатып алыш үчүн жылына 40 млн. АКШ долларынан ашуун акча каражаты мамлекеттин бюджетинен чыгымдалып жатканын белгилеп, ал жаңыланса, анда ошол акча Кыргызстанда кала турганын айткан. Анткени ЖЭБ модернизациялоодон өтсө, ал Нарындагы Кара-Кече көмүрүн пайдаланууга ыңгайланышып, көмүрдү сырттан ташуунун көлөмү азая турганын белгилеген. 40 млн. доллар канча болот? Бул 22 млрд. сом. Ал акчаны биз башка социалдык объектилерди оңдоп, ошол тармактагы башка иштерди баштоого жумшамакпыз. Ошондуктан бул жалаң эле президенттик аппараттын же өкмөттүн иши эмес. Бул парламенттин да демилгеси болгон. Келишим даярдалганда ал бир катар экспертизадан өтүп, ага байланыштуу макулдашуу барагына бардык өкмөт мүчөлөрү кол коюшкан.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек шаары бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн соң Бишкек ЖЭБин оңдоп-түздөөдө коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу мурдагы эки өкмөт башчысы - Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков баш болгон сегиз мурдагы жогорку кызмат адамы сот жообуна тартылууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​