Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:03

ЖЭБ соту: зыян боюнча талаш


Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга айыпталгандардын жактоочулары «ЖЭБди модернизация кылууда мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтирилген» деген эксперттердин корутундусунан күмөн санап жатышат.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) «экспертиза зыяндын көлөмүн так аныктаган эмес» деп жатат. Ошол эле учурда энергетика тармагы боюнча айрым адистердин эсебинде ЖЭБди модернизациялоодо мамлекетке келтирилген зыян 111 миллион доллардан да ашып түшүшү мүмкүн.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция үчүн айыпталгандардын иши боюнча баштапкы соттук угуу уланды. 27-февралдагы жараянда сот жактоочулардын ишти кайра прокуратурага жөнөтүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев Башкы прокуратуранын айыптоо корутундусуна макул эмес. Жоошев анда айыпталуучулар менен алардын жактоочуларынын жүйөлөрү тиркелбей калганын билдирди. Ушундан улам сотко ишти кайра прокуратурага жиберүү тууралуу өтүнүч берилип, ал канааттандырылган жок.

Адвокат ошондой эле «ЖЭБди модернизациялоодо мамлекет 111 миллион доллар зыян тарткан» деген экспертизанын корутундусун да далилдердин катарынан алып салыш керек деп эсептей турганын айтты:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Сотко экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу боюнча өтүнүч келтирилди. Ушундан кийин айыпталып жаткандардын бирөө «эксперттер «ЖЭБди модернизациялоодо 111 миллион доллар зыян келтирилди» деп жыйынтык чыгарышты. Бирок ал каражат кандай саналганы боюнча кагаздар тергелген иште жок» деди. Биз ал сумма каяктан келип чыкканын түшүнүшүбүз керек да. Ал кагаздар болсо жок. Мына ушул Башкы прокуратуранын айыптоо корутундусун жокко чыгарууга дагы бир себеп болуп жатат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 14-февралда Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын жарыялаган.

Ал экспертизанын жыйынтыктарына таянып, жабдуунун жана курулуштун чыгымдарын эң жогорку баалар менен эсептеп чыкканда ЖЭБди модернизациялоо 275 миллион долларды гана түзгөнүн айткан. Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 150 миллион долларга бааланганын эске салган.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Бишкек ЖЭБи коңшу өлкөлөрдө салынган жана жаңыртылган жылуулук электр борборлоруна салыштырмалуу арзан бүткөнүн айтып, ага кеткен каражатты эсептеген экспертизанын жыйынтыгынан күмөн санады:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

- Башкы прокурор да, тергөө тобу да «ЖЭБди модернизациялоодо келтирилген зыяндын суммасы - 111 миллион доллар» деп айтты. Алар 111 миллион долларды каяктан алышты? Эксперттик топтун чыгарган бүтүмүн биздин эксперттер да алып, карап чыгышты. Алар совет бийлигинин убагында болгон эсептөөлөрдү эле чаптап жатышат. «Бул иште Сапар Исаков коррупциялык схемаларды ойлоп таап, ошонун башында турган» деп Сапар Исаковду чоң эле мафиянын башчысы катары көрсөтүп жатышат.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон негизги кылмыш иши менен Башкы прокуратура эки жума мурун таанышып чыгып, сотко өткөргөн. Прокуратура анда тергөөдө коюлган айыптарды өзгөртүүсүз бекиткен. Ага ылайык, «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен сегиз кишиге айып коюлган.

Алар: мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов. Булар учурда камакта отурат. Андан тышкары айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова да бар. Ал камакка алынган эмес.

ЖЭБдин айланасындагы иштерди иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев сөз болуп жаткан 111 миллион доллар кантип эсептелип чыкканын сот жакшылап териштириш керек деген ойдо.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Күнөөлөнүп жаткан адам «ооба, биз 111 миллион доллар зыян келтиргенбиз» деп айтмак беле? Ошондуктан бул ишти сот терең караш керек, - деди Масалиев. - Парламенттен биз деле: «Келтирилген зыянды кантип эсептедиңер?» деп сурап, жооп ала алган жокпуз. «Аны эксперттер эсептешти» деп эле коюшту. Аны кайсы эксперттер эсептеди, кантип эсептеди - белгисиз. Мен кантип эсептелип чыкканы боюнча так жооп алган жокмун. Ошондуктан сот 111 миллион доллар кайдан чыкканын такташ керек. Соттолуучулар деле «111 миллион долларды кантип эсептедиңер?» деп сурайт да.

Энергетика тармагы боюнча адис Расул Умбеталиев ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыпталып жаткандардын жактоочуларына кошулбайт. Ал келтирилген чыгымдын суммасы 111 миллион доллардан да ашып кетиши мүмкүн экенин айтты:

Расул Умбеталиев.
Расул Умбеталиев.

- Бул боюнча 30-40 эксперттен турган мамлекеттик атайын техникалык, курулуш экспертизалык топ иштеген. Алар кол коюп беришкен. Эгер туура эмес болсо алар жооп берет. Мен ЖЭБди модернизациялоодон 111 миллион доллар эмес, 170-180 миллион доллар уурдалып кеткенин айтып жатам. Анткени модернизация иштеринде мыйзамдар сакталган эмес. Себеби өкмөт техникалык тапшырма берген эмес, техникалык-экономикалык негиздеме болгон эмес жана тендер өткөн эмес. Ошонун негизинде акча уурдалып кеткен. Башкы прокуратура 111 миллион долларды насыя алынган 2013-жылдагы курс менен эсептеп атат. Ал жылы 1 доллар 48 сом болчу. Ошондуктан «111 миллион доллар зыян келген» деген туура эмес. Анткени аны бүгүнкү курс менен эсептеш керек. Ошондо жалпы зыян 7 млрд. 700 миллион сомду түзөт.

Коомчулукта резонанс жараткан ЖЭБди модернизациялоо иши боюнча баштапкы соттук териштирүү 18-февралда башталган. Ал Жазык-процесстик кодекске ылайык жабык өтүп жатат. Адвокаттар эми соттук жыйын башталганда аны ачык өткөрүүнү талап кылышууда. Ишти Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова карап жатат.

ЖЭБ: Зыяндын суммасы күмөн жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:58 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG