«Батукаев Жаныш Бакиевге алмашылмак»

Алмазбек Атамбаев жана Шамил Атаханов.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу, анын ордуна Жаныш Бакиевди кайтаруу үчүн чечен тарап менен сүйлөшүү жүрүп, бирок бул боюнча соодалашуу эмне үчүн бүтпөй калганы тууралуу маалымат ачыкка чыкты.

Бул тууралуу мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди беттештирүү протоколунда сөз болгону Интернетке чыгып кетти. Анда Алмазбек Атамбаев сурак протоколуна жооп берген эмес. Ал эми Шамил Атаханов УКМКнын төрагасы болуп турганда ага мамлекет башчысы Жаныш Бакиевди алып келүүнү тапшырып, бирок анын мыйзамдуу жолдору калбай калгандыктан атайын операция уюштуруу маселеси келип чыкканы тууралуу көрсөтмө берген. Айрым саясатчылар муну жеке кызыкчылыкты жашырууга багытталган, ойдон чыгарылган шылтоо катары карашса, атайын кызматтын айрым отставкадагы генералдары эгерде чынында эле ошондой операция уюштуруу планы болсо, анда анын мыйзамсыздыгын жана бул эл аралык чырга алып келчү коркунучтуу авантюра экенин белгилешти.

Атахановдун беттештирүү учурунда берген көрсөтмөлөрү

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошоткон кылмыш ишинин алкагында Жаныш Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча атайын операция даярдаса болорун, бирок ага акча керектиги тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кабардар кылганын айтып, тергөөгө көрсөтмө берген. Атаханов 2011-жылы Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыровдун жакын адамы, Орусиянын Мамдумасынын депутаты Адам Делимханов жеке учагы менен Бишкекке келип, мурдагы президенттин уруксаты менен ал аны менен жолугушканын айткан. Андан соң тараптар кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуш үчүн ордуна Жаныш Бакиевди кайтаруу жагы макулдашылганы белгиленген. Шамил Атаханов Жаныш Бакиевди алып келүүгө кепилдик алыш үчүн мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Рамзан Кадыров менен да сүйлөшкөнүн кийин ага Адам Делимханов айтып бергенин кошумчалаган.

«Ишке ашпаган авантюра»

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов эгерде ошондой «соодалашуу» жүргөнү чын болсо, анда бул өтө коркунучтуу авантюра болгон деп эсептейт.

Марат Иманкулов.

- Атаханов өзү ушунун бардыгынын жоопкерчилигин мойнуна алып, өзү жасай албайт болчу, - деди ал. - Бул жерде бардыгы Атамбаевдин буйругу менен анын түздөн-түз көзөмөлүнүн астында жүрдү. Батукаевди бошотууга мамлекеттик машинени ишке салууга Атахановдун жалгыз алы келмек эмес. Булардын планы ишке ашып, Рамзан Кадыровдор Жаныш Бакиевди уурдап алып келе турган болсо, анда ошондо эле чоң эл аралык жаңжал чыкмак. Демек, бул план чын болсо, анда алар өтө чуулгандуу авантюрага камынган экен. Соттун өкүмү жок эле, мыйзамсыз түрдө Жаныш Бакиевди ал жактан уурдап келип же болбосо көзүн тазалоо аракети болсо, бул эл аралык чыр-чатакка алып келчү, мамлекеттик деңгээлдеги киши өлтүрүүгө байланыштуу кылмыш да. Рамзан Кадыров деген Орусиянын бир субъектисинин жетекчиси. Анан аны ортого салып, ошонун күчү менен Жаныш Бакиевди Минскиден уурдап чыгып алып келсе же ал жактан тындым кылышса, анда эле биз Кыргызстан мамлекет катары эл аралык коомчулуктун астында шерменде болмокпуз. Аны укуктук негизде Кыргызстанга кайтаруунун башка толтура мыйзамдуу жолдору бар болчу. Бирок ошол кездеги Атамбаевдин бийлиги ага ынтызар болуп, натыйжалуу аракет кылган эмес.

Ошондой эле генерал-майор Марат Иманкулов бирөөнүн көмөгү менен чет жерден адам уурдоону уюштурууга байланыштуу операция атайын кызматтын ички жобосуна, мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге сыйбай турганын, мындай аракет кылмыштуу бийлик режимдерине гана таандык экенин кошумчалады.

Кызыкчылыктардын аралыгы

Ошол эле кезде мурдагы президентти колдоп келген «Жаңы жүздөр» гезитинин баш редактору Лейла Саралаева Алмазбек Атамбаевде кримтөбөл Батукаевди бошотуш үчүн жеке кызыкчылыгы болбогонун айтып, аны Жаныш Бакиевди алып келип, сот жообуна тартууга кызыкчылыгы болгонун билдирди:

Лейла Саралаева.

- Атамбаевди азыр «Батукаевди бошоткону үчүн ал чоң акча алган» деп айыптап жатышкандай анда кандайдыр бир жеке кызыкчылык болгон эмес. Бул жерде башка мамлекеттердин кызыкчылыгы жана биздин өлкөнүн улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгы турган. Ошондуктан Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмашуу жагын келишкен болсо керек. Маалымат чыгып кетип, анан бул операция үзгүлтүккө учураган. Мына ошол учурда бийлик Жаныш Бакиевди алып келип, мыйзам алдында жазалоого кызыкчылыгы болгон. Аны эми чечендердин жардамы менен болсо да ишке ашыруу жагы каралган болушу мүмкүн. Анткени максатка жетиш үчүн бардык каражаттар жакшы.

Жүйөнүн негизсиздиги

Ошол эле кезде Шамил Атахановдун кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз түрмөдөн бошотууну «атайын операция» деп тергөөгө берген көрсөтмөсүн чындыкка коошпогон жүйө катары баалагандар болду. Алардын бири, парламент депутаты Исхак Масалиев Чечен Республикасынын жетекчилиги кримтөбөл Батукаевди бошотуш үчүн Жаныш Бакиевди уурдап, алып келип берүүгө эч качан макул болмок эмес деп эсептейт. Ал муну кылмышты жаап-жашыруунун амалы катары кабыл алды:

Исхак Масалиев.

- Бул эми мыйзамдарга да, логикага да туура келбейт. Андай шартта Чеченстандын жетекчиси Рамзан Кадыров кримтөбөл Азиз Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштырып, Кыргызстан тарап менен бирге кандайдыр бир атайын операция жүргүзүүгө макул болмок эмес. Бул жөн эле жомок, жаш баланын сөзү. Эч качан андай болушу мүмкүн эмес. Бул жерде башка кызыкчылыктар болушу мүмкүн. Канчалаган кыргыз жаранынын өмүрүнө кол салган коркунучтуу кылмышкерди түрмөдөн бошотуп, аба майданынан узатып, салып жиберүү - бул мамлекеттин аброюна шек келтирген чоң кылмыш. Бул жерде жөнөкөй эле каалоо болгон. Тигил жактан сунуш түшүп, кайрылуу болгон, биздин жетекчилер алардын талабын аткарышкан. Мында кандайдыр бир акча кызыкчылыгы да болушу мүмкүн.

Ал эми Шамил Атаханов Азиз Батукаевди бошотуу иши менен УКМКнын төрагалыгынан кеткенден кийин да алектенип, бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) ошондогу төрагасы Зарылбек Рысалиев менен болгон татаал мамиледен улам, бул ишке президенттик аппараттын бөлүм башчысы Бусурманкул Таабалдиев тартылганын айтып сурак берген. Батукаев бошотулуп, бирок Жаныш Бакиев кайтарылбай калганын Атаханов ага кабар жетип калып, ал ошол мезгилде Дубайга качып кеткени менен түшүндүргөн.

«Жашыруун протокол» кандайча жарыяланды?

Ал эми УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков ал жашыруун сурак протоколу кимдин кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыкканын айтып, андагы Атахановдун көрсөтмөсүнө карата мүнөздөмө берди:

Артур Медетбеков.

- «Жашыруун» деген белги коюлган беттештирүү протоколунун Интернетке жарыяланып кеткени бекер жерден эмес. Ал материалдар жашыруун болбогон учурда деле сот өкүмү чыкканга чейин ачыкка чыкпашы керек болчу. Бул ишти кароонун алкагында тергөөчү, адвокаттар же ишти караган судья ага кандайча жол берип койгону кызык. Абдан таң калычтуу. Бул жерде аталган иштин фигуранттарын айыптоо жагынанбы же коргоо жагынанбы, сурак протоколун сыртка чыгарып, кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөгөнү айдан-ачык эле көрүнүп турганын байкоого болот. Бул боюнча тергөө иштерин жүргүзгөн тараптарды Ички иштер министрлигинин Өздүк коопсуздук кызматы териштирип чыгышы керек. Мындай болбошу керек эле. Анткени бул иш боюнча сот жүрүп жатканда анын сыртка чыгып кетип жатышы да жөн жеринен эмес. Анан дагы Атахановдун ошондой берген көрсөтмөсү чын болсо, анда ошондой операция эмнеге ишке ашпай калды? Эмнеге кыргыз тарап убадасын аткарып, чечен тарап сөзүнө турбай койгон? Ушуга окшогон толтура сырдуу суроолор бар.

Адвокаттар сурак протоколун ырасташты

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул кылмыш иши эбак эле тергелип бүтүп, сотко өткөрүлүп берилгенин айтуу менен андагы айрым бир жашыруун деген материалдардын Интернетке чыгып кеткени боюнча комментарий бере албай турганын билдирди.

Анткен менен Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев «кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу Алмазбек Атамбаев менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атахановду беттештирүү протоколу» деген документтин чындыгынан күмөн санабайт. Ага ал өзү да кол койгон. Бирок Замир Жоошев документтин сыртка чыгып кетишине адвокаттардын тиешеси болушу мүмкүн эмес экенин айтты:

Замир Жоошев.

- Абдан карап көрсөңүздөр, анда тиешелүү адамдардын койгон колдору турат. Менин да колум коюлган. Башка адвокаттардын коюлган колдору турат. Анан да тергөө тобунун жетекчиси Аширходжаевдин колу коюлган. Бул протоколдор купуя сыр болгону үчүн ал иштин материалдары тергөөчүлөргө жана ишти караган судьяга гана жеткиликтүү болчу. Андан башка эч кимдин ага ээ болууга мүмкүнчүлүгү жок. Бизди болсо тергөөчүлөр аны менен тааныштырып чыгып, кол койдурушкан. Бирок биз анын көчүрмөсүн чыгарып кала албайбыз да.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо тобу менен Бишкекке жеткирилип, андан ары «Манас» эл аралык аэропортунан Чеченстандын Грозный шаарына учуп кеткен. Ички иштер министрлиги 2019-жылдын башында бул кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген. Бул боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон онго чукул кызмат адамдарына жана дарыгерлерге айып тагылган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​