Текебаевдин сот ишиндеги бурулуш

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов сот залында.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишиндеги мурда каралбай калган жаңы жагдайларды териштирүүгө киришти.

Анын негизинде жаңы далилдер изилденип, иш боюнча жаңы күбөлөр сотко чакыртыла турган болду. Мамлекеттик айыптоочу тергөөнүн мурдагы айыптоо корутундусун кайталап окуду. Өмүрбек Текебаев аларга буга чейин коюлган айыптоо саясий мүнөздө болуп, далилдер менен бышыкталбаганын белгиледи. Дүйшөнкул Чотонов айыптоодогу 1 млн. доллар бергенин айткан доогердин көргөзгөн убактысы, орду жана келтирген жүйөлөрү чындыкка дал келбегендигине карабастан сот өкүмү чыгып, эки жарым жылдан ашуун жалган жалаа менен түрмөдө отурушканын белгиледи.

Адвокаттардын өтүнүчтөрү

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайлар боюнча 12-сентябрда каралып, сот ишти кароонун тартибин аныктоодон баштады. Соттун чечимине ылайык видеотасма тартууга тыюу салынып, аудиого уруксат берилди. Адвокат Таалайгүл Токтакунова жаңы ачылган жагдайлар боюнча жаңы далилдерди жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн териштирүү тууралуу өтүнүч келтирди. Буга байланыштуу жаңы күбөлөрдү көрсөтмө бериш үчүн сотко чакырууга да өтүнүч берилди.

Ишти караган судья Айнура Сатарова адвокат берген өтүнүчтүн экөөнү канааттандырып, бирөөнү ачык калтырды:

Айнура Сатарова.

«Негизинен депутат Жанарбек Акаевдин суроо-талабы боюнча берилген маалыматтар. Анан Маевскийдин ошол көрсөткөн арызында Кыргызстанда болгонун жана анын Бишкектеги «Хаят» мейманканасында чынында эле конгонун териштирүү жаңы ачылган жагдай катары Жогорку соттун чечиминде келтирилген. Ал эми мен өз алдымча карап, ошол кезде алардын кайда болгонун аныкташ үчүн телефондук байланыштарды базалык станциялар аркылуу аныктоо боюнча өтүнүчтү ачык калтырам. Азырынча жогорудагы маселелер боюнча күбөлөр суралат. Кийин анан ал маселеге кайтып келебиз».

Жаңы ачылган жагдайлар кайсылар?

Жактоочу тарап айыптоодогу доогер Леонид Маевскийдин Текебаев менен 2010-жылы 13-майда Өкмөт Үйүнүн №306 кабинетинде жолугушканы, ошол эле күнү түштөн кийин «Супара» ресторанда сүйлөшүүлөр улантылганы боюнча көрсөтмөсүн текшерүүнү өтүндү. Анткени, адвокаттын айтымында, ошол кезде №306 кабинет Өмүрбек Текебаевге эмес, Алмазбек Атамбаевге таандык болгонун ырастаган күбөлөр бар. Анан Леонид Маевскийдин ошол учурда Кыргызстанда болуп, «Хаят» мейманканасына конгону да күмөн жарата турганы айтылды. Жактоочу тарап доогердин арызында «Супарада» жолугушуу болгонун арызда көрсөткөнү менен ал учурда Маевский менен Модин шаардын борбордук райондорунда жүргөнүн ырастаган алардын мобилдик байланыштары базалык станциялар аркылуу аныкталганын да мисал келтирди.

Мурда соттук инстанцияларда каралбай калган ошол жагдайлар эми терең изилдене турганы айтылды. Буга байланыштуу жаңы күбөлөр сотко чакыртыла турган болду.

Айыптоо корутундусу

Ошол эле кезде сот мамлекеттик айыптоочулардан айыптоону колдогон күбөлөр качан көрсөтмө берүүгө келерин сурады. Мамлекеттик айыптоону колдогон прокурорлор мурдагы сот жараяндарында Текебаев менен Чотоновго каршы көрсөтмө бергендердин арасынан кимдер сотко келе турганын айта алышкан жок. Алар азырынча күбөлөрдү сотко чакыруу жагы камсыздала элек экенин айтуу менен чектелишти.

Дагы караңыз Текебаев менен Чотоновдун иши каралды (видео)

Ал эми мамлекеттик айыптоочу «Текебаевдин Леонид Маевский менен бир нече ирет жолугушканы тергөөдө аныкталган» деген айыптоо корутундусун кайталап, окуп берди:

«2010-жылы 13-майда Маевский, Модин, Маматкеримов, Чотонов ошол кездеги парламенттин имаратына барышып, ал жактагы Текебаевдин кызматтык бөлмөсүндө сүйлөшүүлөр болгон. Анда Өмүрбек Текебаев өзүн өзгөчө ыйгарым укуктагы жогорку кызмат адамы катары тааныштырып, Леонид Маевскийге «Альфа-Телеком» жабык акционердик коомунун акцияларын сатып алууну сунуш кылган. Бул үчүн алгач Маевскийге караштуу адамды компаниянын башкармалыгына киргизүүгө көмөктөшүү маселеси сүйлөшүлгөн. Ошол эле күндүн экинчи бөлүгүндө Текебаев менен Чотоновдун демилгеси менен сүйлөшүүлөр Аламүдүн районундагы «Супара» ресторанында улантылган. Анда Текебаев Маевскийдин өкүлдөрүн «Альфа-Телекомго» киргизиш үчүн андан 1 млн. АКШ долларын талап кылып, келечекте компаниянын акцияларынын көзөмөл пакетин Леонид Маевскийдин сатып алышына көмөк көрсөтүү милдетин алган».

«Адашкан тергөө», айныксыз далилдер

Жогорку сот 21-августта жаңы ачылган жагдай деп тапкан далилдердин бири - 2010-жылы 13-майда ошол кездеги өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Дүйшөнкул Чотоновдун Бишкекте болбогону. Анткени ошол кезде өлкөнүн түштүгүндө абал курчуп, ал башка жооптуу кызмат адамдары менен бирге тик учак менен Ошко учканы белгиленген. Дүйшөнкул Чотонов буга чейин оозеки көрсөтмөлөр болсо, эми аны ырастай турган документалдык далилдер да соттун кароосуна берилгенин айтты:

Дүйшөнкул Чотонов.

«Биздин 2010-жылы 13-май күнү Ошко учуп кеткенибизди «Кыргыз навигация» ишканасы мурда Атамбаевден чочулап, расмий түрдө ырастай алган эмес. Кийин депутат Жанарбек Акаевдин суроо-талабы менен алынган бул мекеменин расмий жообу азыркы учурда кылмыш ишине тиркелди. Биз ошол күнү генерал Исмаил Исаков баш болгон ошол кездеги ички иштер министринин милдетин аткаруучу Бактыбек Алымбеков, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Курманакун Матенов баш болгон бир топ аскер адамдары менен бирге кырдаалды жөнгө салыш үчүн Ошко учкан болчубуз. Буга чейин күбөлөр оозеки көрсөтмө берип, бирок соттор аны атайылап көңүлгө албай келсе, эми азыр документалдык негизде расмий түрдө тастыкталды. Биз менен чогуу ошол оор кырдаалда бирге болгон Ош облусунун жана Ош шаарынын ошол учурдагы жетекчилери да сотко келип, өз оюн айтат деген ишеним бар».

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев козголгон кылмыш иши саясий буюртма болгонун, анын жалаң жалган жалаага негизделгени боюнча кошумча далилдер жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар экенин айтты. Ошондуктан Өмүрбек Текебаев соттон ишти ар тараптуу, калыс териштирүүнү өтүндү:

Өмүрбек Текебаев.

«Бул атайылап саясий максатты көздөгөн, кара өзгөйлүк менен жасалмаланган иш жана жалган жалаа. Коррупция кызматтык кылмыштарга кирет. Бул үчүн кызмат адамы ыйгарым укугунун алкагында кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыгына карата чечим кабыл алышы керек. Менин милдетим ошол кезде Баш мыйзамдын текстин даярдап, иштеп чыгуу гана болгон. Менин ыйгарым укугум ошонун эле алкагында болчу. Мен мындан башка иштер боюнча кандайдыр бир чечим кабыл алууга таасир эте алмак эмесмин. Мен аталган укугумду кандай пайдаландым? Аны өзүмдүн же башка бирөөнүн жеке кызыкчылыгына карата пайдалангандыгым тууралуу айыптоо корутундусунда бир сөз жок. Менин кандайдыр бир кылмыштуу аракетимдин кесепетинен мамлекетке же жаранга материалдык зыян келтирилгени тууралуу кылмыш ишинде эч нерсе жок».

Мына ушул жаңы ачылган жагдайларга баа бериш үчүн судья соттук териштирүүгө жаңы күбөлөрдү чакырууну камсыздоо маселесин көтөрдү. Буга байланыштуу судья ишти кароону 1-октябрга жылдырып, ага чейин сот жараянына тыныгуу жарыялады.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.