Жогорку сот жаңыча иштөөгө убада берди

Жогорку сот.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот тутумун реформалоонун алкагында соттордун өз алдынчалыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

7-августта журналисттер менен жолугушуу учурунда Айнаш Токбаева "электрондук сот өндүрүшү" долбоорун ишке киргизүүнүн айрым жагдайларын айтып берди.

Анын айтымында, долбоордун алкагында соттук иштерди кароодо иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү, жараянды уюштурууну техникалык жактан камсыз кылуу жана соттук актыларды Интернет-сайттарга жайгаштыруу сыяктуу иштер аткарылат. Алар чечим кабыл алууга сырттан кийлигишүүнү азайтуу максатын көздөйт. Бирок жарандык активисттер далай жылдардан берки ушундай аракеттерге карабастан жакшы жыйынтык чыкпай келе жатканын айтышууда.

Сот актылары толук жарыяланбады...

Жолугушууда сот тутумунун ачык-айкындуулугун камсыз кылыш үчүн sot.kg жана act.sot.kg интернет-сайттары туруктуу иштеп, сот иштери, соттук жараяндын убактысы, орду тууралуу маалыматтар жана соттук актылар жарыяланып жатканы айтылды. Учурда бул сайтта 100 миңдей соттук актылар жарыяланганы белгиленди. Бул соттук актылар менен ар бир кызыккан тарап таанышууга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок айрым журналисттерди алардын арасында коомчулукта бүйүр кызытып, "саясий мүнөздөгү иштер" катары сыпатталган өкүмдөр менен чечимдердин сайттарга жарыяланбай жатканы кызыктырды.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева соттор жабык каралган иштерден тышкары бардык соттук актыларды коомчулукка жарыялоого милдеттүү экенин айтып, бул жоопкерчиликти жогорулата турганын айтты:

Айнаш Токбаева.

- Жабык соттук жараяндарда каралган иштердин чечимдеринен тышкары, бардык соттук актылар бул сайтка өз убагында жайгаштырылышы керек. Биз азыр ай сайын мониторинг жүргүзүп турабыз. Беш айдын жыйынтыгы боюнча республикада кабыл алынган соттук актылардын 78 пайызы жайгаштырылганы аныкталды. Бирок ошол эле кезде соттук актыларын сайтка жайгаштырбаган 13 судьяга чара көрүү жөнүндө мен жакында тартип комиссиясына сунуш киргиздим. Бул маселе тартип комиссиясында каралып, алар тартип жазасына тартылса, анда соттордун жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары, сот имараттарында жана сот жараяндарын өткөрүү залдарында үн жана видео жазуу тутумун орнотуу иштери жүрүп жатканы айтылды. Мындай долбоорлор Бишкек район аралык сотунда, Свердлов райондук жана Аламүдүн райондук сотторунда сыноодон өтүп жатканы белгилүү болду.

Соттук иштерди бөлүштүрүүнүн жаңы жолу

Жолугушууда автоматташтырылган маалымат тутуму же электрондук сот өндүрүшү жакын арада Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизилери айтылды. Бул долбоор сотко арыз түшкөндөн тартып, материалдар архивге кеткенге чейинки документтердин баарын электрондоштурууга багытталган.

Аламүдүн райондук сотунун төрагасы Азамат Узакбаев соттук иштер эми автоматтык түрдө бөлүштүрүлүп, ага таасир этүүчү адам фактору азая турганын айтты:

Ишти кайсы судья карай турганын алдын-ала билүүгө мүмкүн болбойт жана ага таасир этүүгө жол берилбейт.

- Сотко иш кабыл алынган күндөн баштап аны бөлүштүрүү, сот жараянын дайындоо жана сот актысы чыгып, жарыяланып, анан материалдар канцелярияга тапшырылганга чейинки процедуралардын баары ачык-айкын катталып, соттордун өзүн-өзү көзөмөлдөөсүн камсыз кылат. Бул жерде ишти мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөтүндө кароо негизсиз жылдырылса же сот жараяны атайылап создуктурулса, анда анын чыныгы себептери монитордон көрүнүп калат. Азыркы учурда тесттик режимде соттук иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү сыноодон өткөрүлүп жатат. Ишти кайсы судья карай турганын алдын ала билүүгө мүмкүн болбойт жана ага таасир этүүгө жол берилбейт. Бул жерде соттук иштер соттордун адистешүүсүнө жараша баарына бирдей, туура бөлүштүрүлүшү да маанилүү.

Ордунан жылбай келген демилге

Азыркы убакта Жогорку сотто иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү тутуму толук ишке киргизилип, ийгиликтүү иштеп жатканы белгиленди. Бул долбоорлорду Европа Биримдиги жана USAID сыяктуу эл аралык донорлор каржылаган.

Бирок бир катар жарандык активисттер сот тутумундагы мындай өзгөрүүлөрдөн жыйынтык чыгаарына ишенишпейт. Жаш саясатчы Мавлян Аскарбеков бул боюнча мындай дейт:

Мавлян Аскарбеков.

- "Сот тутумун реформалоо" деген шылтоо менен ага ушул күнгө чейин эбегейсиз чоң каражат коротулду. Анын көпчүлүгү эл аралык донор уюмдардан грант катары берилсе, кайсы бир бөлүгү мамлекеттик казынадан каралган. Азыркы кезде бардык сот имараттарында ал каражатка сатылып алынып, бирок эбак эле иштебеген видео байкагычтар дагы эле илинип турат. Тилекке каршы, бул долбоорлор сот чечимдеринин калыс жана мыйзамдуу чыгышына багытталган эмес. Булар ошолордун жыйынтыгын гана жарыялап, анан толгон-токой семинарларды, конференцияларды өткөрүп, гранттык каражаттарды кумга сиңген суудай эле жок кылып туруп, отчет берип коюшат. Бирок ушул кезге чейин укуктун үстөмдүгү, соттун өз алдынчалыгы боюнча кандайдыр бир жыйынтыкты жеке мен көрө алган жокмун.

Долбоордун башкы максаты катары электрондук сот өндүрүшү сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга жана иштерди мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого өбөлгө түзөрү белгиленген. Ал бюрократиялык бөгөттөрдү жоюп, сот системасынын ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган.

Долбоорду иштеп чыккандардын баамында, бул арыз берүүчүлөр менен сот системасында иштегендердин ортосундагы байланышты азайтып, жыйынтыгында ал корруппциялык көрүнүштөрдү азайтышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.