Буга Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы Абдылда Капаровдун аталган телеканалда сүйлөгөн сөзү себеп болгон.
- Сот Башкы прокуратуранын “Сентябрь” телеканалында чыккан материалды экстремисттик деп таап, каналдын телеберүүлөрүн чектеп, интернет аркылуу таратууга тыюу салуу боюнча арызын канааттандырды. “Сентябрь” каналы аркылуу таркатылган Капаровдун интервьюсу экстремисттик материал деп табылсын. “Сентябрь” каналынын теле жана радио берүүлөрүнө, www.september.kg интернет сайтына тыюу салынсын, - деди Жумабаева.
Судья чечим дароо күчүнө кирерин кошумчалады. “Сентябрдын” ишмердүүлүгүн токтотуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке жүктөлдү.
Анткен менен телеканалдын жетекчилиги сот чечими мыйзамсыз экенин айтып, жогорку инстанцияларга даттанарын билдирүүдө. Каналдын өкүлү Кайыргүл Урумканова Капаровдун маеги Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналынан чыкканын айтууда:
- Биз Башкы прокуратуранын арызын колубузга алган жокпуз. Бизди эмнеге айыптап жатканы менен таанышууга үлгүргөн да жокпуз. Экинчиден, Абдылда Капаров тууралуу материал биздин санарип каналдан чыккан эмес. Ал Жалал-Абаддагы аналогдук “Сентябрь” каналына чыккан. Экөө эки башка канал. Булар кайсы мыйзам менен чечим чыгарганын түшүнбөй жатам.
Башкы прокуратура Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы “Сентябрь” каналы кайра каттоодон өткөнүн, экөө бир эле мекеме экенин жүйө келтирди.
Сот чечими кызуу талаштарга жем таштады. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова “Сентябрдын” ишине тыюу салууну саясий куугунтуктун уландысы катары эсептейт:
- Мыйзам боюнча экстремисттик материал тараткан адамдын өзү жоопко тартылышы керек. Телеканал ким кандай сөз сүйлөрүн кайдан билмек эле? Бул жөн эле саясий куугунтук. Экстремисттик материалды сот аныкташы керек. Бул жерде болсо көз боёмочулук менен эле чечим чыгарып жатышат.
“Сентябрь” телеканалы оппозициялык саясатчы, орус ишкерлеринен пара алды деп сегиз жылга эркинен ажыратылган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык.
Текебаев менен Чотоновго сот өкүмү чыкты
Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген. Анда ал Аравандагы мектептин ачылышында Өзбекстандын гимнинин ойнотулушун айыптап, улут аралык кастыкты козутканы айтылат. Мындан тышкары Капаров аталган маегинде Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду 2010-жылдын июнь калабасына бөлүнгөн акчаларды жеп алган деп айыптаган. Башкы прокуратура Капаровдун айткандары боюнча тиешелүү экспертизалар жүрүп, анын айткандары экстремисттик экени аныкталды деп билдирди.
Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы, полковник Абдылда Капаров учурда Нарындагы жатак абагында жазасын өтөөдө. Аны Ош облустук соту 2017-жылдын июнь айында бир тууган Жээнбековдордун беделине шек келтирген, улут аралык кастыкты козуткан деген айыптоолор боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Капаров тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин бир тууган Жээнбековдордун куугунтугу катары баалап келет.