Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

"Занозаны" тушаган дагы бир сот чечими


Сот "ПроМедиа" фондуна Zanoza товардык белгисин колдонууга тыюу салды. Сот бул чечимин аталган брендди башка жаран паттенттегени менен түшүндүрдү. Буга ылайык, эми аталган фонд Zanoza.kg сайтын иштете албай калышы мүмкүн.

“ПроМедиа" фондунун Zanoza товардык белгисин колдонуусуна тыюу салуу боюнча чечимди 25-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Венера Жаныбек кызы чыгарды. Сот мындай чечими менен аталган брендди патенттеп алган Александр Рябушкиндин доо-арызын канааттандырган.

Zanoza.кg сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Нарын Айып сот чечими боюнча буларды билдирди:

- Рябушкин Zanoza деген ысымды пайдаланышпасын деп, бизди сотко берген. Анткени ал өзүнө каттатып алыптыр. Биз сайттын доменин алганыбыз менен, аны атайын “Кыргызпатент” ишканасына барып каттоодон өткөн эмеспиз. Биз эми аны ким талашмак эле деп ойлогонбуз да. Анан сотко берген биринчи күнү эле сот анын пайдасына чечим чыгарып, Zanoza товардык белгисин колдонушубузга тыюу салып коюптур. Муну орусча “обеспечение иска” деп коет, кыргызча “кийинки соттун чечими үчүн кепилдик” дегендей мааниде да. Аны да “чечим чыккандан кийин дароо күчүнө кирет” деп жазган. Бирок ошол эле чечиминде апелляциялык арыз берүүгө укугуңар бар деп коюптур. Ошол себептүү биз азыр сайтты кадимкидей эле иштетип жатабыз. Анткени биз он күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна кайра даттанабыз да. Дагы бир белгилей кетчү жагдай бул иште Рябушкиндин кызыкчылыгы жок, ал не кылып жатканын өзү деле түшүнбөйт. Анын артында күүлөп, колдоп жаткан чоңдор турат.

Нарын Айып.
Нарын Айып.

Кеп болуп жаткан Александр Рябушкин ушул эле “ПроМедиа” фондунун кожоюндарынын бири Александр Кимдин мурдагы өнөктөшү. “Рубикон” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкин 2015-жылы “Вечерний Бишкек" басылмасынан үлүш талап кылып, Кимди соттон утуп алып, гезитке ээлик кылып калган.

Гезиттин кожоюну алмашкан соң жаңы саясатка макул болбой жумуштан бошогон журналисттер тобу Zanozа.kg сайтын негиздеген. 2015-жылы ачылган сайт иштегенине бир жылча болуп калганда, 2016-жылы Рябушкин Zanoza товардык белгисин да өз алдынча патенттеп алган. Натыйжада ал «ПроМедиа» фондунун үстүнөн товардык белгини колдонууга тыюу салуу талабы менен сотко арыз жазган. Жагдай боюнча Рябушкиндин өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бирок иштеп жаткан сайттын үстүнөн башка киши патенттеп алуусу канчалык мыйзамга туура келет деген суроону биз “Кыргызпатент” мамлекеттик мекемесинен сурап көрдүк. Ишкананын товардык белгилерди каттоо бөлүмүнүн эксперти Дариха Иманалиева буларды түшүндүрдү:

- Zanozа.kg сайты бул домен катары эле катталган. Ал эч кандай белгилүү ишкана эмес. Ал тургай катардагы ишкана катары да катталган эмес. Экспертиза учурунда биз аны товардык белги менен бирдей кое албайбыз. Ошол себептүү биз Zanozа товардык белгисин Рябушкинге каттап бергенбиз. Мыйзам боюнча биз биринчи келген кишиге каттап берүүгө милдеттүүбүз. Андан баш тартууга бизде эч кандай негиз жок. Рябушкинден мурда наркылар келсе, аларга каттап бермекпиз.

“Вечерний Бишкектин” талаш-тартышы учурунда анын мурдагы жетекчилиги жана жамааты Рябушкиндин жана сот чечиминин артында ошол кездеги президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов, Икрамжан Илмиянов жана президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевдер турат деп айыптап чыгышкан. Бирок Александр Рябушкин муну четке каккан.

“Занозага” каршы үч иш

“Занозага” каршы үч иш

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 29-июнда "Заноза" сайтынын журналисттерине байланыштуу үч жараян башталды.

Алар бул жолу Zanozа.kg сайтынын брендине тыюу салуунун артында да мурдагы саясий куугунтукту улантуу турат деп санашууда. Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өкүлү Адил Турдукулов да ушундай пикирде:

- "Заноза" сайтына карата соттошуулар саясий буйрук экени, сөз эркиндигине кысым экени башынан эле билинген. Бул аракеттер келе жаткан шайлоо менен түздөн-түз байланыштуу. Анткени алар өзүнө жакпаган журналисттерди, активисттерди, саясатчыларды саясий талаадан тазалоо жүргүзүп жатышат. Эми "Занозаны" иштеткендер жаңы сайт ачып, жаңы долбоор башташса, аны деле жаба беришет.

Деген менен КСДП фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты, мурдагы журналист Рыскелди Момбеков бул ишке саясий боёк сүртө берүүнүн ордуна, "занозачыларды" жаңы сайт ачып алып ишти улантууга чакырууда:

- Эгер сайтты бийлик жаптырып жатса, анда саясий куугунтук десе болот. Бул жерде эки адамдын ортосундагы чарбалык эле соттук териштирүү болуп жатпайбы. Ким менен Рябушкин соттошуп чечишип алышы керек. Антпесе, утулуп калышса Zanozа.kg сайтын жаап, Zanovа.kg деп ачып алышсын да, кайра иштей беришсин. Кааласа Zanozа+ деп атап алып иштерин уланта бериш керек. Мындай кырдаалдарга кезинде мен да тушуккам. “Ачык саясат” гезитин жаап салганда мен эртеси эле, “Ачык саясат+” деп гезит ачып алып иштей бергем. Аны да жабышканда, “Эл сөзү” деп басылма ачып алдым, аны да камакка алышканда, “Форум”, кийин “Фабула” деп гезит чыгарып, амал тапканбыз. Аны да алабыз дешкенде “Фабула+” болуп бүгүн деле чыгып жатат.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Быйыл мартта башкы прокурор Индира Жолдубаева Zanoza.kg сайтына чыккан айрым материалдар президенттин ар-намысына шек келтирди деп сотко жалпысынан 27 миллион сомдук доо арыз берген. Иштер Октябрь райондук сотунда каралып, 24 миллион сомдук доо арыздар толугу менен канааттандырылган. Дагы 3 млн сомдук арыз боюнча чечим чыга элек.

Ал эми соңку сайттын ысымы боюнча соттошуу zanozа.kg сайтына коюлган алтынчы доо арыз болуп калууда.

24-июлда Ысык-Көлдө өткөн маалымат жыйында президент Алмазбек Атамбаев Zanoza сайтына карата берилген арыздар кайра алынбай турганын, муну менен айрым журналисттерге сабак берүүнү каалаганын, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилбесин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG