Анда “Баш мыйздамдан колуңарды тарткыла” деген ураандын астында парламенттеги башкаруучу коалицияга кирген үч фракция лидерине бул демилгени кайра артка чакыртып алуу боюнча талап коюлду. Митинге чогулгандарга Ак үй расмийлери чыгып, жолугушкан жок. Буга чейин мыйзамдын демилгечилери мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу үчүн Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү турмуштук зарылдык экенин жүйө келтиришкен болчу.
Чийилген портреттер
Парламенттеги үч фракциянын жетекчилеринин портреттерин көтөргөн активисттер тобу эртең менен Ак үйдүн алдына чогулду. Аталган саясатчылардын портреттеринин үстүнө атайын чырым коюлуп, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесинен баш тартуу чакырыгы ташталган. “Убадага тургула”, “Конституция оюнчук эмес” жана “Баш мыйзамдын күчү анын туруктуулугунда” деген сыяктуу ураандарды көтөргөн жарандар Конституцияга 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизбөө боюнча конституциялык ченемди сактоону бийликтен талап кылышты.
“Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдугулов каршылык акциясына чыгуунун максаты туурасында мына буларга токтолду:
- Биз бул саясатчылардын сүрөттөрү тартылган плакаттарды көтөрүп чыкканыбыздын себеби мына ошолордун колу менен биздин Баш мыйзам бузулуп жатканын коомчулукка көргөзөлү дедик. Бул көрүнүш мыйзамды сактабагандыктын жыйынтыгы. Демилге президенттик аппараттан чыккан соң, бул ишке президенттин дагы катышы бар. Ошондой эле анын эрки мына ошол куурчак фракциялардын жетекчилеринин оозу менен жасалууда. Биз Баш мыйзамды коргоо боюнча күрөштү аягына чейин улантабыз.
Кызыкчылыктар каякта?
Акцияга чогулгандар Конституцияга өзгөртүүлөр боюнча долбоордун маани-маңызын талкуулап, аны мамлекеттик кызыкчылыкка пайда келтирбеген сунуштар катары мүнөздөштү. Ошондой эле активисттердин айрымдары Конституциялык палатаны сот тутумунун курамынан чыгарып, аны өзүнчө Конституциялык кеңешме катары түзүүгө каршы чыгышты. “Эркин эл” саясий партиясынын төрагасы Мавлян Аскарбеков Баш мыйзамды өзгөртүүнүн түпкү себеби туурасында чогулгандарга мына буларды айтып берди:
- Конституцияны өзгөртүү демилгеси элдин же мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн жери жок. Ал мына ошол президенттин, болочоктогу өкмөт башчысынын жана фракция лидерлеринин бийлигин күчөтүүгө багытталган. Сот бийлигин биротоло көз каранды кылып, колго алуу аракети байкалат. Бул жерде биз жеке кызыкчылыктан улам гана Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетин көрүп жатабыз.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын лидерлери Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков жана Өмүрбек Текебаев сунуштаган. Мыйзам долбоор 2010-жылдагы референдумда камтылбай калган айрым тактоолорду киргизүү максатында иштелип чыкканы мурда жарыяланган болчу.
Коомдук активисттердин бүгүнкү чакырыгы боюнча фракция лидерлери комментарий берүүдөн баш тартышты. Буга чейин парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Азаттыка” Баш мыйзамга өзгөртүүгө түрткү болгон жагдайлар туурасында айткан эле:
- Мамлекеттик деңгээлде айрым иштердин аткарылбай калганы, премьер-министрдин күчү алсыз болуп, акимдерди башкара албаганы, иштен ала албаганы айтылып келген. Ошондуктан премьер-министрдин укугун күчөтүү керек деген маселе болуп келген. Өзгөртүү киргизүү демилгеси сот реформасынын аксап атканынан, нааразылыктын дале көп болушунан улам аларды кантип жакшыртабыз дегенден келип чыкты. Президентке байланыштуу эч нерсе деле жок. Бир гана нерсе Жогорку Соттун төрагасына талапкерди Жогорку Кеңешке президент көрсөтөт деген эле нерсе бар.
Таңууланган тапшырма
Демилгечи тарап Баш мыйзамга өзгөртүүлөр бийлик вертикалын чыңдоого жана мамлекеттик коопсуздукту бекемдөөгө багытталганын бир топ жүйөлөр менен негиздеп келген. Бирок парламент депутаты Равшан Жээнбеков Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин Кремлдин буюртмасы деп атады:
- Кремль биздин жетекчилерге кайра-кайра Конституцияны өзгөрткүлө деп айтып келген. Бүт бардык бийликти толугу менен көзөмөлгө алгыла, жарандык коомду көзөмөлгө алгыла, эркиндикти көзөмөлгө алгыла деген тапшырма мурда эле болгон. Биздин өлкөнүн саясий жетекчилиги мына ошол тапшырманы чекесинен аткара баштады. Мына ошондуктан бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөй турган мыйзам кабыл алынып, демократиялык кыймылды кысымга алуу күчөдү.
Баш мыйзамга өзгөртүүнү караган мыйзам долбоору бүгүн парламентте каралмак. Бирок ал маселени кароо 29-июнга жылдырылды. Эгерде бул мыйзам долбоору парламентте кабыл алынса, анда Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси күзүндө жалпы элдик референдумга коюлат.