Митингдер жанданууда. Кырдаал курчуйбу?

Кыргызстанда нааразылык акциялары кайрадан жандануу алдында турат. Өткөн жылдын соңунда мугалимдер айлык акыларды көтөрүү талабы менен чыкса, январь айында “Люстрация” кыймылы нааразылык акцияларга чыга баштады. Парламенттеги жана башка оппозициялык күчтөр да бийликти демитип турушат.
Мугалимдер, "Люстрация" кыймылы

Эбегейсиз бюджеттик тартыштык, анын натыйжасында айлык акыларды көтөрүүгө дээрлик мүмкүнчүлүктүн жоктугу, ага кошул-ташыл баалардын кескин өсүшү өкмөттү оор абалга алып келүүдө.

Өз кезегинде мугалимдер, дарыгерлер мындан ары “сары чака” айлык менен отура албасын айтып, көчөгө чыгышты. Коалициялык өкмөт мындай акциялар парламенттеги саясий оппоненттер тарабынан уюштурулганын түкшүмөлдөп турат.

Бул арада парламенттен сырт күчтөр активдешип, алгачкы акцияларын өткөрө баштады. Маселен, 13-январда “Люстрация” кыймылынын өкүлдөрү Бишкекте, Нарында, Балыкчыда, Аксыда акцияларын өткөрдү.

Кыймылдын активисттери койгон талаптар тууралуу кыймылдын төрагасынын орун басары Лира Усубалиева буларды маалымдады:

- Коалициялык көпчүлүк түзгөн өкмөттүн курамына каршыбыз. Акаев, Бакиев, 7-апрель элдик ыңкылаптан кийин бийликке келген Убактылуу, Техникалык өкмөттөр учурунда жең ичинен сатылып кеткен жерлер, жаратылыш кен байлыктарына түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылып, кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгы эске алынып, жаңыдан келишим түзүлсүн.

“Люстрация” кыймылы талаптарды аткарууга бийликке 13-февралга чейин мөөнөт коюп, эгерде ал кезге чейин аткарылбаса, жер-жерлерде нааразылык акцияларын өткөрүүгө киришерин эскертет.

Ошол эле мезгилде саясий айдыңда Элдик курултайды чакыруу идеясы кайрадан көтөрүлө баштады. Маселен, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Элдик курултайды чакыруу идеясын көтөрүп чыкты. Аны “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов, "Ата журт" партиясынын лидери
Камчы Ташиев кайсы бир деңгээлде колдоп чыкты.

Кезинде Бакиев тарабынан түзүлгөн Ынтымак курултайы да элге кайрылуу менен чыгып, февраль айында курултай чакыруу демилгесин көтөрдү.

Саясий күрөштүн курчушу, экономикадагы оор абал, бюджеттик тартыштык, жандана баштаган саясий талаптар бийликти да чочулатып жатканы байкалууда. Маселен, президенттик аппараттын башчысы Эмил Каптагаев Кыргызстанда көңтөрүш жасоо оңойлугун, бирок андан кийин кырдаалды көзөмөлдөп калуу кыйындыгын 12-январда бир иш-чарада белгиледи.

Албетте, негизги саясий күчтөрдүн парламентте турганы саясий күрөштүн көчөгө чыкпоосуна кайсы бир деңгээлде кепилдик берет.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев кырдаал көзөмөлдөн чыкпайт деген пикирде:

- Кырдаал көзөмөлдөн эмнеге чыкмак эле. Өкмөт жаңы эле шайланды. Парламент келип иштеп жатат. Ал эми жанагылар болсо бири-бирине басым жасап, коркуткан эле маселелер.

Бирок күзүндө боло турган президенттик шайлоо парламенттеги күчтөрдүн ортосунда айгышкан кармашты пайда кылып, ал эмес коалициянын өзүнө коркунуч туудурушу ыктымал. Мына ушул жагдай өлкөдө туруксуздукту жаратууга жөндөмдүү.

Саясат таануучу Элмира Ногойбаева президенттик таймаш Кыргызстанда башталганын белгилеп, бирок өлкө системдик кризисттин алдында турганын эскертет:

- Кыргызстанда азыркы болуп жаткан нерселер системалык кризистен
кабар берип турат. Ал биздин саясий системанын базиси болгон экономиканын кыйроосуна байланыштуу. Бүгүн, мына январда биринчи белгилери байкалып жатат. Кийин, апрелде, майда эмне болоорун элестетип көрүүгө болот. Бул өтө татаал кырдаал. Мындай учурду пайдаланууну көздөгөн күчтөр көп болот.


Бюджеттик тартыштык өтө чоң болуп, сырттан анын ордун толтуруу булактары аныкталбай турган чакта бюджеттик айлык акыларды көтөрүү бул дефолтко алып баруучу жол. Биз ага карай баратабыз жана ал жакын арада болушу мүмкүн, деп кошумчалады Элмира Ногойбаева.

Саясат таануучунун пикиринде, нааразылык акциясына мугалим, дарыгерлер айлык акылардын аздыгына, оор социалдык абалдарына байланыштуу чыгышты. Бирок аларды пайдаланып кетүүчү күчтөр даяр.