Камакта өлгөн Каныбектин туугандары чындык издейт

Маркум Каныбек Уметовдун туугандары.

Көк-Жаңгак шаарынын тургуну 36 жаштагы Каныбек Уметов милициянын убактылуу кармоочу жайында каза болду. Милиция ал өзүнө кол салган деген тыянак чыгарды.

Маркумдун туугандары милициянын бул бүтүмүнө макул эмес. Алар өлүмдүн себебин тартип коргоо кызматкерлеринен көрүүдө. Каныбек Уметов тогуз жыл мурда Орусияга иш издеп кетип, бир ай мурда үйүнө кайтып келген.

- Эртең менен сегизде апасына айтып чыгып кеткен экен. Кийин дарыгерден чыкканда үйгө келип кетиптир. Кечинде эле милиция суук кабар угузуп жатпайбы. Ал асына турган бала эмес болчу. Өзүн карап, жакшы жүргөн. Биз буга ишенбейбиз, - дешти тажыяга чогулган туугандары.

Уметовдордун үй-бүлөсү кечээтен тарта аза күтүүдө. 1979-жылы туулган Каныбек Уметов 5-июнда Жалал-Абад шаарына тиш догдурга кетип, кечинде анын каза болгондугу тууралуу кабар келген.

Маркумдун коңшусу Мамат Карабаев окуяга жеринде аралашып, өлүктү жууп жатканда денесиндеги көгала тактарды көргөнүн билдирди:

- Муну калыс териштирип чыгуу керек. Мен сөөктү жууп жатып ары оодарсам, бөйрөк тушу көгала экен. Өлүкканага барганыбызда аны байкаган жокпуз, анткени адамдын денеси таза кезинде билинбейт экен. Мен ойлойм бала муунуп эмес, токмоктун айынан каза болгон. Мына кечээ жерге бердик, бирөөсү келип сурап же бата кылганга жараган жок.

Каныбекти Жалал-Абад шаарындагы Көк-Жаңгакка каттаган автоунаалар токточу жайдан тартип сакчылары мас абалында кармаган. Коомдук жайда эрежени бузганы үчүн ал административдик жазага тартылып, үч суткага камалган. Бирок арадан бир аз убакыт өтпөй күзөттө турган милиция кызматкерлери аны өз кийимине асынган жансыз денесин табышкан. Шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Шералиев бул тууралуу мындай деди:

- Жакындарынын “милиция уруп, каза болду" дегени чындыкка жатпайт. Мас абалдагы кишини эмне үчүн алар урат? Күзөттө турган кызматкер алаксып калганбы, бир заматтын ичинде эле Каныбек камерага киргенден кийин өзүнүн спорт кийимине асынып алыптыр. Денесинде таяктын изи жок. Эми аны дагы экспертиза аныктайт. Биз да ич ара кызматтык териштирүү жүргүзүп жатабыз. Бул жерде кызматкерлер көзөмөл кылбагандыгы үчүн гана күнөөлүү болуп жатат. Ал эми уруп, кыйнады деген чындыкка жатпайт. Ал кызматкерлердин үстүнөн да өзүнчө чара көрүлөт. Жумуштан бошойт же башка жакка которулат.

Каныбек Уметов 2006-жылы жумуш издеп Орусияга кеткен бойдон тогуз жыл өткөндө ата конушу - Көк-Жаңгакка кайтып келген. Маркумдун агасы Асыл Уметов инисин ур-токмокко алгандар жазага тартылышын талап кылууда:

- Жаман кабарды угарым менен Орусиядан келдим. Инимди тогуз жылдан бери көргөн эмесмин. Акыркы жылдары Магнитогорскиде документтерин жоготуп, Кыргызстанга кайта албай кыйналып жүргөн экен. Акча жана башкаларын даярдап берип жибердим эле. Инимди тирүүсүндө көрө албай, ак кепинге оролгон жансыз денесин көрүү мен үчүн кыйын. Өлгүсү келсе Орусияда кыйналып жүргөн кезде эле муунуп же башка жолдор менен өлүп алмак. Бул жакка келип милициянын колунан каза болуп жатпайбы. Ким өлтүрсө, кимдер урса да жазасын алышы керек. Мен баарынан суранам, акыйкат карап, чындыкты тактап бергиле.

Учурда жагдайды териштирүүнү "Кылым шамы" укук коргоо уюму да өз көзөмөлүнө алды. Уюмдун өкүлү Максатбек Бердимкулов маркумга күч колдонулган деген пикирде. Укук коргоочу да жеринде текшерүү ишин жүргүзүп, Каныбек кийимине асынып өлгөн эмес деген тыянакка келген.

- Мен кечээ окуя менен жеринде тааныштым. Жакындары менен сүйлөштүм. Сөөктү соттук медициналык кароодон өткөрүүгө бир да тергөөчү катышпаптыр. Бул да туура эмес. Анан өзүм сүрөткө тартып алдым, маркумдун оң колунда көгала так бар. Ал эми моюнунда кызыл так калган. Эгер муунса, ал көгөрүп кетмек. Кийимге асыныптыр деген сөз чындыкка дал келбейт. Андай болсо адам бир топ убакытта жан бериши мүмкүн. Камеранын ичи ызы-чуу болушу керек эле. Ушуга чейин эч бир милиция көрбөгөнү таңкалычтуу болууда.

Азыр чуулгандуу бул окуяны облустук прокуратура тергеп жатканы маалым болду. Ошол эле маалда укук коргоочулар жабык жайлардагы кыйноо азайбай жатканын белгилеп келишет. Көбүнчө жарандардан кыйноолорго жана акча талап кылууларга байланыштуу арыз-даттануулар көп түшөт.