Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата уюштурулган илимий жыйын парламенттик демократиянын абалы менен келечегин талкуулоого арналган.
Бирок бул жыйында парламенттин вазийпасына караганда саясий маселелер көбүрөөк талкууланды. Айрыкча президент Сооронбай Жээнбековдун Конституцияны өзгөртүү боюнча маселеге жооп кайтарганы катышуучулардын бүйүрүн кызытты.
Сооронбай Жээнбеков акыркы учурда саясий чөйрөдө көтөрүлүп жаткан конституциялык реформа баш болгон маселелер боюнча суроолорго минтип жооп кайтарды:
- Бир ай мурда Бишкек шаарында болуп өткөн коомдук-саясий күчтөрдүн курултайынын мага жөнөткөн резолюциясында Конституция жана курултай жөнүндө эки сунуш камтылган.
Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз кылганда төмөнкү жагдайларды унутпасак. Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында абдан узакка созулган талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган. Ага карабай, бүгүнкү күнгө чейин, жыйырма беш жыл ичинде, Баш мыйзамыбызга он жолу өзгөртүү киргизилген. Ал эми 2010-жылы референдум аркылуу "Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн" деп элибиз добуш берген. Элдин ошол чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди. Ошондуктан, 2010-жылдагы окуяларды эстеп, элдин эркин сыйлап, Баш мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм. Эми чынын айтканда, кеп Конституцияда эмес, кеп мыйзамды сыйлаган же аны бузган адамдарда болуп жатпайбы. Анын үстүнө азыркы Конституциянын алкагында эле чечиле турган абдан актуалдуу маселелер жана мамлекетибиз үчүн керектүү реформалар бар. Азыр өтө кечиктирилгис көйгөй катары мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүнү, бизнеске жакшы шарт түзүп, түз инвестицияларды көбөйтүүнү атасам болот.
Ошентип президент Жээнбеков 24-ноябрда Бишкекте өткөн саясий күчтөрдүн курултайындагы негизги талапка так кесе жооп бергендей болду.
Жээнбеков Конституциянын ордуна шайлоо мыйзамдарын өзгөртүп, партиялык системаны өнүктүрүү зарыл экенин билдирди. Ошондой эле курултай өткөрүү боюнча мыйзам кабыл алуу жагы бышып жетилгенин кошумчалады.
Сооронбай Жээнбековдун мындай билдирүүсү талкуунун өңүтүн парламентаризмден конституциялык реформага бурду. Жыйынга катышып жаткан, кезинде "легендарлуу парламенттин" төрагасы болгон Медеткан Шеримкулов президенттин жүйөлөрүнө каршы экенин билдирди. Ал Баш мыйзамды өзгөртүүгө эң ыңгайлуу учур келди деп эсептейт.
- Азыр шашпай эң ойлонулган, негиздүү жаңы Конституцияны кабыл алууга эң ыңгайлуу мезгил, - дейт ал. - 2010-жылдагы Баш мыйзамда аны "2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт" деп жазылып турат. 2020-жыл жакындап келе жатат. Легендарлуу парламентте алгачкы Баш мыйзамдын үстүнөн үч жыл иштегенбиз. Жарым жыл Конституциянын концепциясын талкуулап, иштеп чыкканбыз. Андан соң төрт жолу жалпы элдик талкуудан кийин гана кабыл алганбыз. Биздин алдыбызда эки жыл бар. Эгер биз парламенттик башкарууга өткүбүз келсе, ушундай жол менен өтүшүбүз керек.
Экс-спикер "эгер эки жыл талкуулап, конституциялык реформа ишке ашса, Сооронбай Жээнбеков реформатор катары тарыхта калаар эле" деген оюн кошумчалады.
Конституциялык реформа боюнча талап 24-ноябрда президенттин бир жылдык ишмердигине арналган курултайда көтөрүлгөн. Анын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров эгер президент Баш мыйзамды өзгөртүү жана Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү боюнча аракетти кийинки жылдын 7-апрелине чейин баштабаса, элдик демилге катары кол топтоло баштала тургандыгын эскерткен.
Президенттин "жакын арада конституциялык реформа болбойт" деген жообуна Азимбек Бекназаров нааразылыгын жашырган жок. Ал "парламентаризм боюнча жыйындын жүрүшүндө эми демилгени Жогорку Кеңештин депутаттары колуна алыш керек" деп, эл өкүлдөрүнө кайрылды:
- Мен президентти ушул жерден көрүп, 47 коомдук-саясий уюм жиберген курултайдын чечимине расмий жооп алсам деп келдим эле. Алдым. Биздин Кыргызстандын элинин бийлигибизди жана байлыгыбызды коргоого укугу бар. Урматтуу депутаттар, 47 уюмдун атынан сиздерге конституциялык реформага баргыла деп кайрылам, жалбырып суранам.
Бекназаров азыркы парламенттин мындай кадамга бара турганына ишеним аз экенин кыйытып, депутаттарга "эл аракетке өтөт" деп эскерткендей болду.
Ошол эле учурда президенттин "саясат менен алышпай, өлкө экономикасын өнүктүрүүгө мезгил жетти" деген жүйөлөрүн оң баалагандар да бар.
Маселен, экс-премьер-министр Темир Сариев "келген президенттерди мыйзамды эмес, мыйзамга жараша өзүн өзгөртүшү керек" деген пикирде.
- Ар бир келген президент эле Конституцияны өзгөртө берсе, анда мамлекетте туруктуулук, өзгөчө өсүш болбойт, - деди ал. - Муну так, ачык билишибиз керек. Ошондуктан, президенттер Конституцияга ылайыктап, өздөрүн өзгөртүшү керек. Анткени ошол Конституциянын негизинде шайланып жатышат. Эгер конституциялык реформа өтө турган болсо, атайын кеңешме түзүлүп, узак мөөнөттүү иш болуш керек. "Бүгүн эле Баш мыйзамды өзгөртсөк, эртең турмуш өзгөрөт" дегенден алыс болушубуз зарыл.
Кыргызстандын Баш мыйзамы акыркы жолу 2016-жылдын декабрь айында өзгөртүлгөн. Анда өкмөттүн ыйгарым укуктары күчөтүлүп, ал кездеги бийлик "Конституциянын мурдагы редакциясындагы айрым "миналар" жоюлду" деген жүйө келтирген эле.
Дагы караңыз Баш мыйзам парламенттин күчүн арттырдыАпрел окуяларынан соң "Баш мыйзамды 10 жылга чейин өзгөртүүгө болбойт" деген жобого карабай экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын ошондой кадамга барышы саясий чөйрөдө пикир келишпестик жараткан.
Бул кадам Атамбаевдин Убактылуу өкмөттөгү бир катар санаалаштары менен мамилесинин бузулушуна алып келген.
Быйыл 24-ноябрда Бишкекте курултай өтүп, анын соңунда жаңы Конституцияны кабыл алуу, Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу, паспорттогу “улуту” деген графаны кайра жазуу сыңары сунуштар айтылган.