Адабияттын бууданы акка моюн сунду

Сүйүнбай Эралиев. (Сүрөт Vb.kg сайтынан алынды)

Кыргыз Эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев бүгүн, 16-июлда 95 жашында келбес сапарга аттанды.

Сүйүнбай Эралиев 1921-жылы Талас районундагы Үч-Эмчек айылында туулган. Акындын ырлары 1939-жылдан тарта жарыялана баштаган. Алгачкы жыйнагы «Биринчи жаңырык» деген ат менен 1949-жылы жарык көргөн. Эралиев кыргыз поэзиясында биринчи болуп эркин ыр формасын 1966-жылы жазылган «Жылдыздарга саякат» поэмасында пайдаланган.
Ал кыргыз окурмандары үчүн орус адабиятынын классиктери Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Александр Твардовскийдин чыгармаларын которгон.

Акын көп жыл гезит-журналдарда, жазуучулар союзунда иштеген.
1974-жылы Кыргыз эл акыны наамын алган. Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, III жана I даражалуу Манас, “Элдердин достугу” ордендеринин ээси. 2000-жылы элдердин достугун бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Казакстандын “Алтын көпир” эл аралык сыйлыгына татыган. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилген. Акындын “Ак мөөр” лирикалык поэмасы эл арасында белгилүү.

Кыргыз тилинде 36, орус тилинде 20, башка тилдерде төрт китеби жарык көргөн.

Эл акыны менен президент Алмазбек Атамбаев. 7-май, 2016-жыл

Сүйүнбай Эралиев согушта төрт жыл болгон. 1985-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу биринчи даражадагы орден менен сыйланган.

Согуштан Ата журтка кайтып келаткан учурун акын мындайча эскерген жайы бар:

- Менин согуш талаасында төрт жылым, аны менен кошо ден соолугум, жаштыгым калды. Ата журтка кайтып келатканда абалым абдан начар эле. Басалчу эмесмин. Үйгө чейин атайын фронттон бир кыз жеткирип келди. Кудайга миң мертебе шүгүр, келгенден кийин оңолуп кеттим. Кудай мени элиңе калемиң менен кызмат кыл деди. Мына жетимиш жылдан бери элиме ыр жазып кызмат кылып келатам, - деп "Азаттыктын" кабарчысына төрт сап ырын окуп да берген:

Траншея тынч бүгүн, бейпил кандай,

Ак булуттар каалгышат алда кайда.

Моюндары мейкинден уюп, талып,

Куштар учуп келатат алыс жактан.

"Согушта"

Уктадык, уктасак да курал алып,

Ок аттык, кулап кайра тура калып.

Кыргында жараланып жатып дагы,

“Ата журт, сен үчүн!” деп урааладык.

Биз анда бар да болдук, жок да болдук,

Биз анда ач да болдук, ток да болдук.

А бирок акыл эсте-кала берди,

Кыргында төрт катар тарткан кордук!

"Азаттык" радиосунун жамааты Эл акынынын келбес сапарга узаганына байланыштуу анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.