Үч фракция өкмөттүн ишин жактырган жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги азчылыкты түзгөн "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика - Ата Журт" фракциялары өкмөттүн бир жылдык отчетун угуп чыгышты. Анда негизги талкуу-талаш Кумтөр, Тогуз-Тородогу жагдай, "Акылдуу шаар" долбоору, ГЭС куруу, коррупцияга каршы күрөш жана башка жагдайларга байланыштуу болду. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт мүчөлөрү катышты.