Парламент өкмөттү көбүрөөк сындай баштады

Өкмөт курамы Жогорку Кеңеште.

Жогорку Кеңеш өзү учурунда кызуу колдоп шайлаган өкмөттүн ишине ичи чыкпай, кайра сындай баштады.

Өкмөттүн иш-аракетин сындагандардын ичинде коалициядагы фракциялар, анын ичинде социал-демократтар өзгөчө жигердүүлүк көрсөтүп жатат. Ушундан улам коомчулукта "Жогорку Кеңеш өкмөттү таратат" деген кыңыр кептер күч алды.

Сапар Исаков башында турган өкмөттү парламент колдоп бергенине беш ай толук боло элек. Жаштардан куралган өкмөт ишке киришкени ири долбоорлордун айланасындагы чырларга байланыштуу жана кадрдык жүрүштөрү менен коомчулукта бир топтордун сынына кабылган.

КСДП министрликке "эки" койду

19-январда КСДП фракциясы өкмөттүн тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын өнүгүүсү боюнча аткарылып жаткан иштери тууралуу маалымат алып, жыйынтыгында “эки” деген баа койду. Бул жыйында фракция лидери Иса Өмүркулов "Айыл чарба министрлиги канчалык зарыл?" деген суроону кабыргасынан койгонго чейин барды.

Иса Өмүркулов.

- Урматтуу жаңы вице-премьер (Санжар Муканбетов - ред.), 5 миң киши иштеген министрликтин кебетесин көрүп жатасыз. "Көзүң кана?" десең кулагын көрсөтөт. Кантип иштейсиңер силер? Өкмөттө инвестиция деген жаңы мекеме ачтыңар. "Региондорду өнүктүрүү жылы" деп коюп, эмнеден башташты көрбөй жатасыңар. Иштей албасаңар арыз жазып, кетпейсиңерби?

Ушул эле күнү "Республика-Ата-Журт" фракциясы өкмөттүн жол коопсуздук системасын реформалоо боюнча аракетин сынга алды. Депутаттардын мындай маанайы коомчулукта "Жогорку Кеңеш өкмөттү кетирүүнүн амалын кылууда” деген кеп-сөздөргө жем таштады.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев өкмөттү таратууга байланыштуу чыгып жаткан сөздөр ал үчүн жаңылык болбогонун айтып, шайлангандан бери ар кандай көйгөй, сындан башы чыкпай келе жаткан өкмөттүн тагдыры азыр КСДП башчыларынын колунда экендигин белгиледи.

Исхак Масалиев.

- Азыркы өкмөттүн башчысы бир жылга жетпей эле “кетет” деген сөздөр чыга баштады. Бул сценарий ишке ашып кетсе мен таң калбайм. Бирок аны коалициялык азчылык чечпейбиз, ошол эле КСДП чечет. Чындап айтканда социал-демократтардын башында тургандар чечет. Демек мурунку жана азыркы президенттер өкмөттүн тагдырын чече тургандай болуп калды.

Жазга барып тиреш күчөйт

Социал-демократ Рыскелди Момбеков азырынча аткаруу бийлигин кетирүүгө эч кандай негиз жок деп эсептейт. Бирок "жазга барып кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн" деген оюн жашырган жок.

- Азырынча өкмөт менен мыйзам чыгаруу бийлиги эриш-аркак иштеп жатат. Бирок майда-барат иштердеги көйгөйлөрдүн бардыгы чогулуп отуруп, жаз мезгили менен чоң талкуу болушу мүмкүн. Эгерде жазында өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосунда кандайдыр пикир келишпестик менен тирешүү пайда болуп калса, анда же парламентти, же өкмөттү таркатууга туура келет.

“Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров болсо өкмөткө айтылып жаткан сынды кадыресе көрүнүш катары сыпаттап, андан өкмөттү таратуу кызыкчылыгын издөөнүн кажети жок деп эсептейт.

- Парламент өкмөткө сын айтып турушу керек, Жогорку Кеңештин табияты ушундай. Ар кыл депутаттан айтылган сын өкмөттү чыйралтат. Мен деле өкмөттү сындап келем. Бирок “иши начар, өкмөт кетсин” дегенден алысмын. Жаштардын өкмөтүнө ишенич жана үмүт чоң. Биз дагы убакыт беришибиз керек жана алар өздөрүн көрсөтөт деген ойдомун.

Жогорку Кеңеш.

Ишинен сөзү көп өкмөт

Саясий эксперт Марс Сариевдин көз карашында, бул оюндун төркүнү тереңде жана анын башында КСДП партиясы турат.

Марс Сариев

- "Жазында парламент тарайт" деген сөздөр күчөп баратпайбы. Бирок бул сөздөр депутаттарга албетте жакпайт, себеби Сапар Исаковдун өкмөтүнүн ишке караганда сөзү көп болуп жатат. Андыктан азыр эң эле оптималдуу чечим – өкмөттү кетирүү. Анткени парламенттик шайлоо болсо, тышкы оюнчулар шайлоого кийлигишип, өлкө бүтүндүгү боюнча маселе чыгып жатат. Менимче жазында оппозиция баш көтөрүп, элдин нааразычылыгы күчөй баштаганда өкмөттү кетирип, бийлик өз жүрүшүн уланта берет.

Сапар Исаковдун өкмөтү кечээ жакында “Жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды чакыртып алганда депутаттардын нааразылыгына кабылган. Андан мурдараак Нарын каскадын курууга “Лигласс” компаниясы менен келишим түзүп, кайра жокко чыгаруу менен “упайын” жоготкон. Ошондой эле өкмөттүн “Мегаком” компаниясын сатуудагы, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруудагы аракеттерине бир топ депутаттардын ичи чыкпай жүрөт.

Өз кезегинде өкмөт “Жаңы доорго кырк кадам” долбоорунун алкагында иш алып барып, реформалардын жыйынтыгына коомчулук жакын арада күбө боло баштайт деп убада берип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.