Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Өкмөттөгү кадрдык жүрүштөр


Өкмөт башчы Сапар Исаков менен Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов. 4-октябрь, 2017-жыл
Өкмөт башчы Сапар Исаков менен Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов. 4-октябрь, 2017-жыл

Кыргыз өкмөтүндө кезектеги кадр алмашуулар орун алды. Төрт ай мурда вице-премьерликке дайындалган Толкунбек Абдыгулов кайрадан Улуттук банктын жетекчилигине бекитилди. Муну менен кыска убакытта премьер-министрдин дээрлик бардык орун басарлары орун которду.

Өкмөттөгү кадрдык тынымсыз өзгөрүүлөр парламентте сынга алынды. Мамлекеттик кадр кызматы кадр маселесиндеги кенемтени толтуруу үчүн улуттук кадрлар резервин түзүүгө киришкенин билдирди.

Жогорку Кеңеш Толкунбек Абдыгуловду вице-премьерликтен бошотуп, Улуттук банктын төрагалыгына кайрадан бекитти. Муну менен Абдыгулов төрт ай өтпөй мурдагы кызматына кайтып келди. Сапар Исаков жетектеген өкмөттө Абдыгулов биринчи вице-премьерликке бекитилген эле.

Мындан эки ай өтпөй экономика тармагын тескеген вицеликке которулган болчу. Эми бир айга жетпеген убакыт ичинде кайрадан кызмат которуп, Улуттук банкты жетектөөгө укук алды.

Өкмөттөгү кадрдык жүрүштөргө Абдыгулов жалгыз мисал эмес. Буга чейин дагы бир вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев да Мамлекеттик мүлк фондуна жетекчиликке которулган. 21-декабрда Зилалиевдин бул кызматтан отставкага кеткени белгилүү болду.

Ал эми Улуттук банктын мурдагы жетекчиси Кубанычбек Кулматов ушул ай башында Бажы кызматынын төрагалыгына дайындалган. Кулматов бул кызматка чейин Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеген эле.

Өкмөттөгү мындай кадрдык алмашууларды айрым депутаттар сындап чыкты. Депутат Жанар Акаев кадрларды дайындоого жоопкерчиликсиз мамиле жасалып жатканын белгиледи:

- Кыргыз өкмөтүнүн тарыхында кадрларга мындай жоопкерчиликсиз мамиле жасаган өкмөт башчылар болбосо керек. Ай сайын аны бул жакка, кайра тигил жакка коюп жатат. Өкмөт башчы 100 күндүк ишмердүүлүгүндө “биз бул убакта өкмөттүн иши менен таанышууга кетти” деп интервью берип жатат. Алар өкмөткө даяр болуп барышы керек да. Өзүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” деген программасы бар, анын бирөө дагы ишке аша элек. Өздөрүн жаш реформатор деп атап, азыр алардын бирөө дагы жанында калган жок.

Аалы Карашев
Аалы Карашев

Бийликчил партия өкүлдөрү болсо мындай кызматтык жүрүштөр азыркы кырдаалга жараша кабыл алынып жатканын айтып, өкмөттүн аракеттерин акташууда.

Маселен, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Аалы Карашев мамлекеттик кызматкерлер жетекчилик дайындаган кызматка барууга милдеттүү:

- Абдыгуловго карата бул кызматка келдиң, кеттиң деп ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат. Толкунбек Сагынбекович - мамлекетчил ишмер. “Мен үч ай биринчи вице болоюн, эми жөнөкөй вице болоюн, эми Улуттук банкка жетекчи болоюн” деп өзү каалаганы үчүн кеткен жок. Өкмөт ылайыгына жараша карап көрүп, сунуштаган үчүн ушундай чечимдер кабыл алынып жатат.

Ушул жылдын 25-августунда парламенттен колдоо тапкан премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөт реформатор-технократтардан куралды деп сыпатталган. Вице-премьерлик орундарга жана айрым министрликтерге жаштар дайындалган.

Учурда Исаковдун орун басарлыгына дайындалган төрт вице-премьерден жалгыз гана Чолпон Султанбекова өз ордуна иштеп жатат.

"Күлү додо болбоду"

Коомдук ишмер Накен Касиев кадрдык саясаттагы башамаландык жалпы өкмөттүн ишине кедергесин тийгизет деген пикирде:

- Бизде кызматтан кеткен же башка ишке өткөн адамдарды улам эле мурдагы ордуна алып келүү көндүмгө айланганы байкалууда. Бул деген мурдагы эле кадрдык саясат эч өзгөрүүсүз уланат дегенди билдирет. Экинчиден, алардын тез-тез орун алмашуусу болуп жатат. Мындай кырдаал өлкөдөгү жалпы кадрлардын деңгээли төмөндөп жатканын көрсөткөндөй. Кыргызда "күлү додо болду" деген сөз бар. Ошол сыяктуу кадрлар бир жерде эки-үч жыл кызмат кылып "күлү додо болгон" соң анын ишинин жыйынтыгын карап, чечим кабыл алуу зарыл деген ойдомун.

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду

Өкмөт кадрларын алмаштырмай болду

Кыргыз өкмөтүндө орун которуштуруулар болуп жатат. Президент бир апта мурун мактаган өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Дайыр Кенекеев реалдуу сектор боюнча вице-премьерлик кызматка сунушталды.

Ал эми саясий эксперт Алмазбек Акматалиев болсо кадр саясатындагы туруксуздук бийликтеги бир нече чечим кабыл алуучу борбор пайда болгону менен түшүндүрдү:

- Мындай кадрдык туруксуздукка чечим кабыл алуучу бир нече борбор пайда болгону себеп болуп жатат деген ойдомун. Бийликтеги бир нече борбордун кадрлар боюнча чечимдери бири-бирине туура келбей калып, кадрлар өзгөрүп жатат окшойт. Азыркы кырдаалга ушул фактор да өзүнүн таасирин тийгизүүдө.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо жаатында Кадр кызматы иш алпарат. Бул орган мамлекеттик жогору же саясий кызматтардан башка орундар кардларды тандайт, сунуш берет.

Кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров өлкөдө кадрларды даярдоо жана дайындоо жаатындагы кемчиликтер бар экенин моюнуна алат. Мадумаров бул жааттагы кемчиликтерди жоюу үчүн учурда кадрлардын резервин түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын "Азаттык" радиосуна айтып берди:

- Мамлекеттик Кадр кызматы Улуттук кадрлар резервин түзүү боюнча иш баштады. Анын негизинде өлкөдөгү мамлекеттик, муниципалдык жана административдик жогорку кызматтарга кадрлардын тизмеси даярдалып, орноштуруу боюнча система түзүлөт. Себеби, учурда кадрлардын жетишсиздиги, алардын деңгээлинин төмөндүгү, азыркы шартка жооп бербей жатканын көйгөй экенин билебиз.

Өкмөттөгү жетекчилердин кызматтан кетүүсү талкууланып бүтө электе айрым министрлердин орун алмашуусу мүмкүн экени тууралуу маалыматтар айтылып жатат. Парламентте азырынча билим берүү министрин алмаштыруу боюнча сөз жүрүп жатканын айрым депутаттар ырасташты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG