Памирлик кыргыздар жарандык сурашты (видео)

Нарында окуп жаткан памирлик кыргыздардын балдары.

Ооганстандан көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алып, тарыхый мекенинде биротоло калууну көздөп жатышат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, алардын кайрылман статусу болгондуктан жарандык жеңил берилет.

Бирок Тышкы иштер министрлиги памирлик кыргыздар Кыргызстанга билим алуу боюнча гана келишим менен келгенин, жарандык маселесинде ооган бийлиги менен түшүнбөстүк чыгышы мүмкүн экенин эскертти.

Жаңыча жашоого ылайыкташуу үчүн Ооганстандан Нарынга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар кыргыз жарандыгын алуу ниетин 22-майда Бишкекте өткөн жыйында билдиришти. Азыр алардын кийген кийиминен тартып сүйлөгөн сөзү да жергиликтүүлөрдөн дээрлик айырмаланбай калган экен.

Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын бири Абдылвахид Жээнбек уулу алар жарандык алып Кыргызстанда биротоло калууну чечишкенин, мыйзам жол берсе Ооганстандын да жарандыгынан чыкпай турушканын айтты:

«Жерибиз, турак жайыбыз болсо бир жерде өзүнчө айыл болуп жашасак жакшы болмок. Антпесе ар жерде бирден үй-бүлө болуп жашаш бизге деле кыйын экен. Нарында жумуш табуу, бирөөнүн үйүндө жашап батирде мал багуу оор. Бир жерде жашап, кезектешип малыбызды карасак дейбиз. Эгер Кыргызстан менен Ооганстандын мыйзамдары туура келсе жарандык алсак деген үмүтүбүз да бар».

Памирлик кыргыздар. 22-май, 2019-жыл.

Кыргызстанга жеткирилген памирлик кыргыздарга кайрылман статусу берилген. Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бул статус ооруканада дарыланууга, билим алууга, төрөлгөн балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана үйлөнгөндөргө нике күбөлүгүн алууга укук берет. Ошондой эле жарандык алууга да өбөлгө болот.

Ушул эле статус менен памирлик кыргыздардын балдары айына 1215 сомдон жөлөкпул, бир адам пенсия алып жатат. Кыргызстанга келгенден кийин төрөлгөн төрт балага сүйүнчү пул берилген. Дагы бир памирлик кыргыз Абдыгафар Абдырасул аларга түзүлгөн шарт жакканын, башка да боордоштор келүүгө ниеттенип жатканын айтты:

«Журналисттер «Кайра кетесиңерби же каласыңарбы?» деп сурашат. Биз биротоло калабыз. Биз элибизге, жерибизге барабыз деп 11 үй-бүлө келгенбиз. Азыр Памирден Кыргызстанга келебиз дегендер да көп».

Дагы караңыз Памирлик кыргыздар турак жайга муктаж

​Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти четтен келген кыргыздар жеңилдетилген жол менен жарандык алса болорун кабарлады.

Ошол эле учурда ал өзүнүн мамлекетинин жарандыгынан баш тартпай коюуга укугу бар. Бул тууралуу аталган департаменттин бөлүм башчысы Гүлбарчын Турдубаева билдирип, жарандык алуунун жол-жобосун түшүндүрдү:

«Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин милдети - документтерди чогултуп, президентке караштуу Жарандык маселе боюнча комиссияга жөнөтөт. Акыркы чечимди ошол комиссия кабыл алат. Алар президенттин жарлыгын берсе биз эки жуманын ичинде документтерди даярдап беребиз».

Деген менен тышкы иштер министринин кеңешчиси Алмазбек Асанбаев памирлик кыргыздарга кыргыз жарандыгы берилсе, Ооганстандын бийлиги менен маселе жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

Анткени алар Кыргызстандан билим алып, кайра Ооганстанга барып ал жактагы адамдардын кат-сабатын өнүктүрүү келишими менен келген. Ал эми чоңдор балдарга баш-көз болуш үчүн гана кошо жиберилген.

Алмазбек Асанбаев.

«Ар бир мамлекет өз жарандарын алып калууга аракет кылат. Ага эч ким тоскоолдук да кыла албайт. Анткени алар ошол мамлекеттин жараны. Анын үстүнө памирлик кыргыздар «кайра кайтабыз» деп келишкен. Эгер бул келишимди аткарбаса Ооганстан «булар кетсе кайра келбей коёт экен» деп башка памирлик кыргыздарды чыгарбай коёт».

Асанбаев андан тышкары Ооганстандын Кичи Памир жана Улуу Памир өрөөндөрүндө турган 2 миңдей памирлик кыргызга жардам жеткирүүгө да бөгөт коюлуп калышы мүмкүн экенин белгиледи.

Памирлик кыргыздардын турак жай жана жер маселесин көтөрүп, аларды министрликтин өкүлдөрү менен жолуктурган депутат Аида Исмаилова бул маселелер алар кыргыз жарандыгын алганда гана чечилерин айтып жатат.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов памирлик кыргыздар жана жалпы эле кайрылмандардын маселесине токтолду:

Болотбек Ибраимжанов.

«Кыргызстанда кайрылман статусун алган 40 миңден ашык жаран бар. Бардыгы жер, үй талап кылып жатышат. Бирок бүгүнкү күнү силер Ооганстандын жаранысыңар. Былтыр жарандык алуу боюнча оюуңар жок болчу. Быйыл «жарандык алабыз» деп чечиптирсиңер. Бул туура чечим, мен аны колдойм. Жарандык алгандан кийин өкмөт силердин маселени чечип берет».

2017-жылы жаңыча жашоого ылайыкташуу үчүн Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келген. 11 үй-бүлө же 49 киши Нарында жашаса, экөө Ошто окуп жатат. Былтыр 18и Ооганстанга кетип, кайроо бирөө гана кайтып келген.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Памирлик кыргыздар жарандык алгысы келет

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.