"Өгөй кызын зордуктады" деп айыпталган кишини райондук сот 15 жылга эркинен ажыратты. Бирок жабырлануучунун жакындары секелекти зордуктаган кишини өмүр бою абакка кесүүнү эми Ош облустук сотунан талап кылышууда.
Эрте төрөттүн жүгү оор
Эрте төрөттүн жүгү оор
Беш жылдан бери өгөй атасынан кордук көрүп жүргөн секелектин таежеси Зулфия Токсонбаева журналисттер үчүн маалымат жыйынын өткөрдү. Ал секелекти зордогон өгөй атага Өзгөн райондук соту жеңил жаза бергенине нааразы:
- Мен сотторго нааразымын. 11 жаштагы кызды беш жыл бою зордуктаган зөөкүргө 15 жыл гана берди. Ал сот ошол кыздын ордуна өз кызын коюп, жазаны чегериш керек эле. Сот аяктагандан кийин анын жактоочусу: "Мына, мен айткандай болду, көрдүңбү?" деп кобурашып отурганын уктук. Биз ошондо күйүп кеттик. Аны атууга кетириш керек болчу же өмүр бою камалыш керек эле.
Бирок Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов Өзгөн райондук соту зордукчуну мыйзам талабына жараша жазага тартканын билдирди.
- Соттук териштирүү учурунда соттолуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Бирок сот күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизалардын корутундусу, беттештирүү протоколдору жана иштин ичиндеги башка материалдардын негизинде соттолуучуну күнөөлүү деп тапкан. Кылмыш-жаза кодексинин 49-беренесинин 8-бөлүмү менен жашы 50дөн өткөн адамдарга карата жаза чегерүүгө чектөө коюлган. Ага ылайык, жаш курагы 50дөн өткөн кишилердин кылмышына чегерилүүчү жаза мөөнөтүнүн төрттөн үч бөлүгүн гана колдонууга болот. Бул соттолуучуга эң көп жаза 20 жыл деп табылган. Бул жазанын төрттөн үч бөлүгү 15 жылды түзөт.
"Экөө менен тең жашай берем"
Бул арада кызынын зордукталып келатканын секелектин апасы билип жүргөнү ачыкка чыкты. Зулфия Токсонбаеванын айтымында, зордуктоо боюнча айыпталган өгөй ата эне-баланы бирдей аялдыкка алууга да аракет кылып көргөн.
- Кыз атасынын кылыктарын бир жолу апасына айтыптыр. Апасы болсо: “Намыс керек, шерменде болгуң келип атабы? Оозуңду жап”, - деп урушкан экен. Апасы ошентип урушса кыз кимге айтат? Энеси күйбөсө кыз кимге барат? Апасы азыр да ушунун ачыкка чыгышына каршы болууда. Ошонун айынан бир туугандар да араздашып калдык. Эжем: "Айтпа, мен өз кызымды эмне кылышты өзүм билем, киришпегиле", - деп жатат. Кантип киришпей коё аласың? Күйөөсү болсо тергөөдө кылмышын мойнуна алган. "Сотко ашырбагыла, кыздын курсагындагы баланы да өзүм багам. Апасы менен да жашайм, кызы менен да жашайм. Экөөн бакканга менин күчүм жетет" дегени бир күйгүздү.
Көз жарган секелек баласынан баш тартып, аны балдар үйүнө тапшырып бергени белгилүү болду. Запкы көргөн кыз учурда тайнесинин колунда турат.
Молдонун арачы болуу аракети
Ал арада Өзгөн районунун Мырзаке айылынын молдокелери да ортого түшүп, секелектин таенесинен тосмо арыз сурап жатышканы айтылды. Зулфия Токсонбаева буларды билдирди:
- Өзүн "Мырзакенин молдосу" деп тааныштырган Самидин деген киши бир кишилерди ээрчитип, ортого түшүп апама келишиптир. “Буларды жараштырбасаңыз сиз чоң күнөөгө батып каласыз. Буларды жараштырып коюңуз, аксакал экенсиз”, - деп, молдолор апама басым жасап кетишиптир. Ал молдолордун оюнда биз тосмо арыз берип, Жуман менен жарашып калышыбыз керек экен. Аны угуп, апамдын кан басымы көтөрүлүп кетти. Ошондон бери төшөктө жатат.
Балдарды кордоо азайган жок
Кыргызстанда жыл сайын жүзгө чукул өспүрүм өз жанын кыят, дагы ушунча кыз сексуалдык кордук көрөт.
Өзгөн районунун казысы Акжол Козубаев Мырзаке айылында чындап эле Самидин аттуу имам бар экенин ырастады. Бирок райондун казысы айыл имамы иштин жөнүн толук билбей эле, эки тарапты жараштырып коюу максатында барышы мүмкүн деген оюн айтты.
- Мырзаке айылында Самидин деген аксакал имамыбыз бар экени ырас. Бирок ортого түшүп барган киши ошол имамбы же башкабы, азырынча билбейм. Бирок Самидин молдодон чатакташкандардын бир тарабы суранып, иштин жөнүн толук түшүндүрбөй, адаштырып, ортого салып барышы толук мүмкүн. Молдо киши чатакташкан кишилерди жараштырайын деген ак ниети менен жабырланган тараптын үйүнө барышы мүмкүн. Бирок ал жабырланган кишиге басым жасайын, зулумдук кылган адамга болушайын деген ой менен аракеттенбейт деп ойлойм.
Андан бери беш жыл бою өгөй атанын зомбулугун көргөн кыз эки ирет өз жанын кыюуга аракет кылганы да айтылды.
- Ал кыз эки жолу өлүмдөн калыптыр. Биринчисинде уксусту алып, эжесинин 1-класста окуган кызын ээрчитип тамбашына чыгыптыр. "Мен уксусту ичкенден кийин мени түртүп жиберчи", - дептир. Анысы ыйлап ынабай коюптур. Ошентип экөө бир сааттай тартышып, кайра түшүптүр. Арканды көтөрүп барып, жаңгакка да асынганга аракет кылып көрүптүр. "Жаңгактын дарагына бир аз чыктым. Андан ары бутагы жок экен, чыга албадым. Аркандын бир учун ыргытып, такыр бутакка иле албай койдум. Өлүштүн жолун таппай жүрөм", -дейт. Ошондон бери көзүмдү албайм. Бечара кызды өлтүрүп албайын деп корком, - дейт Зулфия Токсонбаева.
Жети балалуу болгондо үй-бүлөнүн кожоюну 2010-жылы каза болуп калган. Сөз болуп жаткан өгөй ата ошол эле жылы, жети балалуу жесирдин үстүнө кирип алган. 2014-жылы экөө дагы бир балалуу болушкан. Ал мурда ИИМдин атайын даярдыктагы тобунда иштеген.