Ош мамлекеттик университетинде куран окутуу расмисине чектөө киргизилгени турат.
Жакындары каза болгон окутуучулар кесиптештерин жана тааныш-туугандарын батага чакырса, мал союуга тыюу салынат. Мындай демилгени көбү колдоого алса, айрым педагогдор салтты тыйып салууга болбостугун айтып, муну эркиндикти чектөө катары кабылдашууда.
Куран окутуудагы ашыкча-чыгымдарга тыюу салуу демилгесин Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги окутуучулардын өздөрүнүн өтүнүчү менен киргизип жатканын айтууда. Окуу жайдын тарбия департаментинин директору Замир Божонов бул тууралуу “Азаттыкка” мындай деди:
- Каада-салттын мазмуну эч кандай өзгөрбөйт, формасы гана өзгөрөт. Тарыхтан жакшы билебиз, салттар зарылчылыкка, заман талабына ылайык модернизацияланып келген. Мындан кийин деле жаңыланып турушу керек. Жамааттын талабы жана макулдугу менен ушундай чекти киргизип атабыз. Ошол куран окутуудагы ашыкча чыгымдарга тыюу салууга окуу жайда иштегендердин 93% макул болду. Анда ошол эч кандай дасторкон жайбастан, мал сойбой өткөрүү эрежеси киргизилет. Куран окутуунун өзүнө тыюу салынбайт, болгону анда ашыкча чыгымга тыюу салынат. Маркумдун жакынына келгендер кадимкидей көңүл айтып кете беришет, болгону тамак-аш коюлбайт.
Божоновдун белгилешинче, буга чейин модага айланып кеткен куран окутуу расмиси маянасы аз окутуучулар үчүн кыйынчылык жаратып аткан экен:
- Жакындары каза болсо сөзсүз түрдө мал союп, толтура дасторкон жайып, кафе-ресторанда куран окутуу азыр адатка айланып калды. Шаарда жашаган биздин ар бир кызматкер деле ошондой кылып өткөрүп жатат. Ошону биз эсептеп чыксак, бир куран окутууга 60 миң сомдун тегерегинде кетип калат экен. Бул эми минималдык сумма. Кээ бир байлары, же тааныш-туугандар көптөрү 100-200 миң сом жумшап жиберип атышат. Элестеткиле, куран окутууга эле ушунча акча сарптап атат. Ал эми аз айлык алган катардагы мугалим үчүн бул оордук алып келет. Ошол себептүү жалпы жамаат муну аң-сезимдүү түрдө түшүнүп, ушуну тыйышыбыз керек деп атышат.
Ош мамлекеттик университетинде учурда 1500дөн ашык мугалим болсо, анын миңдейи демилгени колдоого алган. Аз күндө Окумуштуулар кеңеши бекитип берсе, жобо ошол замат күчүнө кирет. Демилгенин тарапкерлеринин бири - окутуучу, теолог Зайнабидин Ажымаматов:
- Куран окутуп аткандар айласыз эле, өзүнүн каалоосунан сырткары аткарып аткандыгы көрүнүп турат. Себеби көп эле мугалимдердин айлык-маяналары аз, өз жашоосуна араң эле жетет. Анан коомчулуктагы ушундай бир аң-сезимдин, көз караштын, стереотиптин айынан болгон нерсесинин баарын ушул расмиге жумшап салып отуруп калат. Элге, тууган-урукка, дос-жорого уят болбоюн деп, зарыл болсо карыз алып маркумга куран окутуп атышат. Ачык айтышпаганы менен абал ушундай. Ошол себептүү да бул нерсеге тыюу салуу демилгесин окутуучулар кубануу менен колдоп атышат.
Ошол эле кезде куран окутуу расмисине чектөө киргизүүнү нааразылык менен кабылдагандар да бар. Бир даары бул салт экенин айтып макул болушпаса, көбү демократия заманында мындай тыюусу суу кечпестигин айтууда. Университеттин дагы бир окутуучусу Чынарбек Алипбеков:
- Куран окутуу бул диндин негизинде кыргызга салт болуп калган. Илгертен муктаждыктын айынан, алыс-жакындан келгендерге мал союп узатышкан. Азыр деле эгер чама-чаркы жетип турса, мүмкүнчүлүгү бар болсо, өзү өткөрө алам десе кыла берсин. Анан ага каршы болуп, “антпе, минтпе” деген туура эмес болуп калат. Кээде сыйлуу конок келип калышы мүмкүн, же аттуу-баштуу дегендер бар, аларга эт тартып койсо ашыктык кылбайт. Союш сойбой, жөн эле куран окуп чыгат деген менимче туура эмес болуп калат.
Канткен менен ОшМУ демилгесин калаадагы башка окуу жайларга жана мекеме-ишканаларга да сунуштоодо. Бирок демилге окуу жайдын өзүндө канчалык деңгээлде аткарылат - баары ошондон көз каранды.
“Бишкек консенсус” изилдөө институту Кыргызстанда жыл сайын каада-салт, үрп-адат, ай-тойлорго 40 млрд. сомдой каражат сарпталаарын эсептеп чыккан. Ушуга байланыштуу жер-жерлерде да жамандык-жакшылыкка ашыкча чыгымдарды коротууга тыюу салуу ойлору айтылып келген. Буга чейин Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда тойлордо, тажияларда ашыкча мал союуга чек коюу демилгеси айтылган.