Кыйноонун "акыбети" же жыйырма жылдык жаза

Иллюстрация

20 жылга эркинен ажыратылган Улан Самат уулунун жакындары ага адам өлтүрүү айыбы кыйноо жолу менен тагылганын айтып чыгышты.

Бирок милиция кызматкерлери өз дарегине айтылган доолорду четке кагууда. Укук коргоочулардын билдиришинче, Кадамжай райондук милиция кызматкерлери бир жарым сутка бою Улан Самат уулуна кыйноонун бир нече түрүн колдонушкан.

2014-жылдын 7-мартында Кызыл-Кыя шаарынын жанындагы Марказ айылында 37 жаштагы Динара Юсупова мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кадамжай райондук милициясы бул кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Улан Самат уулун окуядан алты күндөн кийин, 13-мартта кармашкан.

Бир жарым жылга созулган соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгында Кадамжай райондук соту Улан Самат уулун 20 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарган. Уландын атасы Самат Эргешов уулуна күнөө кыйноо жолу менен илинген деген пикирде.

- Уулум күнөөсүз. Кыйноо болгон. Ошол кылмышты уулумдун моюнуна илишкен. Башына 40 жолу желим баштык кийгизишкен. Муну кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Колдошев Кубаныч, анын колундагы Маматкулов Давран, Асланов Заир, Момунбаев Каныбек, Хажиканов Улук, Тургунбаев Каныбек, Тургунов Феруз деген кызматкерлер ишке ашырган. Алар буга окшогон кылмыштарды дайыма кылып жүрөт.

Уландын жактоочуларынын айтымында, башына 11 жолу темир түтүк менен чабылып өлтүрүлгөн Динара Юсупова менен Улан Самат уулу мурда тааныш эмес болчу. Бирок ошол каргашалуу күнү маркум Динара Уланга биринчи чалып, смс-кат жазган.

Жактоочу Көкөн Тургунбаев Уландын күнөөлүү экенине ошол телефон байланышынан ынанымдуу далилдер жок дейт.

- Улан унаасына Динараны салып жүргөн болсо, унаадан анын издери табылышы керек эле, ал жок. Маркумду 11 жолу башка чабууга колдонулган деп далил буюм катары сакталган темир түтүктүн кесиндисин көрдүк. Ал дат баскан эски түтүк экен. Аны менен адамды 11 жолу урганда темир канга боёлуп калышы керек эле. Түтүктө кандын изи жок. Кандын биологиялык курамы болушу керек. Жаңы темирди жууса болот. Бирок дат баскан эски түтүктөн кандын изин жоготуу мүмкүн эмес. Бирок ал дагы таза.

Ал эми Кадамжай райондук милиция кызматкерлери Улан Самат уулун кыйнаган деген доону караманча четке кагып келет. Тескерисинче, Кадамжай райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Колдошев Уландын ишин тергеген кызматкерлер Башкы прокуратура тарабынан коркутууларга кабылганын айтып чыкты.

- Милиция урат деп ким айтты сага? Тескерисинче, милиция урганды, өлтүргөндү кармап, далилдерди топтоп, сотко өткөрө турган орган. Самат уулунун иши боюнча далилдер жетиштүү, алтүгүл ашык. Ал маркумдун үйүн кантип тапкан, кимдерден сураган, каерде отурушкан - мунун баарына күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бар. Сот дагы жөн эле адамды 20 жылга кеспейт да. Анын күнөөсү далилденгени үчүн ошондой өкүм чыгарган. Керек болсо бул ишти тергеген кызматкерди Башкы прокуратурадан бирөөлөр чакыртып алып коркуткан фактылар бар.

Деген менен укук коргоочулар милициянын сөзүн четке кагып, тескерисинче, Улан Самат уулу милицияга түшкөн бир жарым сутка ичинде кыйноонун эң катаал түрлөрүнө кабылганын ырасташты.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери менен бирге Улан Самат уулунун денесинен кыйноонун бир нече белгилерин тапканын, андан сырткары айыпталуучунун өз оозунан башына 40 жолу желим баштык кийгизилгенин укканын айтат.

- Бул иш шектүү кармалгандан баштап мыйзам бузуу менен жүргөн. Улан Самат уулун милиция эч себебин айтпастан тамаркада иштеп жаткан жеринен алып кетишкен. Кылмыш иши Кадамжай районунда болгонуна карабай шектүүнү Кызыл-Кыяга алып келишкен. Улан кандай кылмышка шектелип кармалганы тууралуу ата энесине дароо кабарланышы керек эле, бул аткарылган эмес. Уулун ата-энеси бир жарым сутка издеген. Бул убакытта 38 саат бою баланы Кызыл-Кыя шаардык милициясынын имаратына алып кирип сабай беришкен. Кыйноонун тактары биз бир айдан кийин барганда да кете элек болчу. Самат уулунун кыйноого алынганын Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, акыйкатчынын өкүлү менен бирге беш киши тастыктап документтештиргенбиз. Анда 40 жолу башына желим баштык кийгизилгени, таманына дубинка менен урганы, кылмышты моюнуна албаса, өлтүрүп каналга агызып жиберерин айтып коркутушканы белгиленген.

Башта аты аталган кызматкерлерге карата кызмат абалынан ашыкча пайдаланган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Алардын иши учурда Ош шаардык сотунда териштирилүүдө. Баткен облустук милициясы кыйноо боюнча айыпталып жаткан сегиз кызматкер тең райондук милицияда иштеп жатканын билдиришти.

Коомчулукта кыргыз милициясы кылмыштын бетин ачуу үчүн далил топтоого ашыкпай, муштум колдонууга маш деген сындар айтылып келет. 2015-жылда бир эле "Кылым шамы" укук коргоо уюму кыйноо боюнча 41 фактыны каттаган. Анын ичинен 13 факты боюнча кылмыш иши сотко өткөн.