Мамасалиева: Түштүктө бийликтин көзөмөлү жетишсиз

Ош шаары

Ош жана Жалал-Абаддагы тургундар арасында дале болсо кооптонуу, тартип коргоо кызматкерлерине ишенбөөчүлүк өкүм сүрүүдө. Бул тууралуу “Интербилим” уюмунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева “Азаттыкка” курган маегинде билдирип, бул көрүнүштүн себеп, кесепеттери боюнча оюн ортого салды.
“Азаттык”: Ош жана Жалал-Абадда абал тууралуу ар кандай пикирлер, эл арасында дале чыңалуу бар деп айтылып жатат. Сиздер жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгы эмне көрсөтүүдө? Чындап эле ушундай жагдай барбы?

Гүлгаакы Мамасалиева: Мониторинг дегенде биз элдер менен сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Андан кийин бизде форум болгон. 21-апрелдеги форумда бейөкмөт уюмдар азыркы абалды талкуулаганбыз. Анда саясатчыларга, бийлик органдарында иштеген кызматкерлерге кайрылуу жөнөткөнбүз.

Форумдун жыйынтыгы менен, эл менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүбүздүн жыйынтыгында айтылган кайрылуулар көбүнчө эле азыркы абалдагы коопсуздукка байланыштуу болуп жатат.

Канткенде биз ошол коопсуздукту камсыз кыла алабыз? Эл беймарал, тынчтык өкүм сүрөөрүн күтүп жатышат. Кандай болгондо биз тынч жашоону улантсак болот деп.

“Азаттык”: Натыйжада негизги көйгөйлөр эмне болуп жатат? Мындай кооптонууларга эмне себеп болууда?
Азыр бир да саясий партия иштебей жатат. Адамдардын мамлекетке ишеними жок болсо, жок дегенде ушул саясий партиялар чыгып иштеши керек...

Мамасалиева: Мисалы үчүн этникалык өзбек жарандары өздөрүнүн алган жаракаттары боюнча ооруканаларга ачык кайрыла алышпайт. Себеби кайрылса, июнь коогалаңына катышкансың деп жоопко чакырылышы мүмкүн. Ошон үчүн алар коркушат. Ал жерде эми жөн эле тынч эл болуп калышы мүмкүн да.

Же болбосо кечээ күнү биздикилер Жалал-Абадга мектепке барып келишти, ал жакта жаш балдар мушташып кетишкен. Эми мушташ деле кыргыздардын ортосунда эле болгон. Бирок ошол себеп деле, ошол жагдай деле көрсөтүп жатпайбы, ошол балдар көзөмөлдүн жоктугун түшүнүп жатышат. Бийлик тараптан көзөмөлдүн жоктугун түшүнүп жатышат. Ошон үчүн ошондой зөөкүрчүлүк байкалган учурлар да бар.

“Азаттык”: Ош жана Жалал-Абадда ар кыл ушак-айыңдар таркап жатат дейт. Бул кандай ушактар, аларды кимдер таркатууда?

Мамасалиева: Мисалы тоо-таштан, айыл-жерден балдар келип, былтыр каза болгон жакындары үчүн өч алышы мүмкүн деген имиш бар. Бул жакта көбүнчө шаарда жашагандар тынчсызданып жатышат.

Коопсуздук сакталышына кепилдик керек


“Азаттык”: Бул ушак айыңдар атайын чагымчылдыкты көздөгөн бирөөлөр тарабынан чыгарылып жаткан жокпу?

Мамасалиева: Чагымчыл тараптар да болушу мүмкүн. Абдан туура суроо бердиңиз. Аны кайсы адамдар чагымчылдык кылып жатканын билбейбиз. Эми биз өзүбүз иштеген коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Кандай чагымчыл тарап болсо да ишенбеңиздер деп. Ошондуктан мамлекет да ушул багытта иш кылышы керек.

“Чагымчыл тараптар таркаткан айың-ушактарга көңүл бурбагыла, биз деген мындай-мындай аракет жүргүзүп жатабыз”,-деген үгүт көбүрөөк болсо, ошондо карапайым калк коопсуздук сакталганын түшүнө тургандай болушу керек. Эгерде провокация болсо деле бизди ушундай коргой турган аракеттер бар турбайбы деген маалымат болушу керек да ар биринде.

“Азаттык”: Демек сиздин айткандарыңыз боюнча, аймактагы чыңалуунун болушу бийлик өкүлдөрүнүн толук кандуу аракет кылбай жатканына байланыштуу болуп жатабы?

Мамасалиева: Ооба, мамлекет тарабынан, андан кийин тартип коргоо органдары, коопсуздук кызматкерлери, милициялар. Мисалы атайын кызматтардын ишин көрбөй жатабыз.

“Азаттык”: Натыйжада сиздер кандай сунуштарды айтып жатасыздар? Канткенде абалды мындан да турукташтырып, тынчтыкты, коопсуздукту сактоого болот?

Мамасалиева: Ар бир мамлекеттик стуруктура өзүнүн жаранына жооп бериши керек. Мисалы айылдан өч алып келебиз дегендерди кармоо ар бир ошол айыл өкмөттүн, же болбосо ошол жаран жашаган аймактын жоопкерчилиги болушу керек да.

Бийлик органдарында иштеген, ар бир аймакта иштеген кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү керек. Бул жерде азыр бир да саясий партия иштебей жатат да. Адамдардын мамлекетке ишеними жок болсо, жок дегенде ушул саясий партиялар чыгып иштеши керек.

“Азаттык”: Рахмат.