Соодагерлер базарды көчүрүүгө каршы

Батыш базары.

Ош шаарынын Кулатов кичирайонундагы Батыш базарынын ордуна аллея куруу тууралуу мэриянын буйругу 8-январда күчүнө кирет.

Базардын көчүрүлүшүнө каршы соодагерлер президентке, борбордук жана жергиликтүү бийлик башчыларына кайрылып, аллеянын курулушун 2025-жылга чейин токтотууну өтүнүшүүдө.

Базар эл ичинде "Батыш кичирайону" деп аталган Кулатов кичирайонунун аймагындагы Бекмамат Осмонов жана Көкүм бий көчөлөрүнүн тоомунда жайгашкан. Базарда 200дөй киши соода кылат. Алардын ичинен 93 чакан ишкер базарда соода жайын белгилүү мөөнөткө ижарага алып иштетет.

Камчыбек Жээнтаев.

Аталган кичирайондо алгачкылардан болуп соода борборун ачып, иштетип келаткандардын бири Камчыбек Жээнтаев буларды айтты:

- 1996-97-жылдардан бери иштеп келатабыз. Андан бери канча мэр алмашты, ар бири ар кайсы кепти айтат. Улам бири биздин күркөлөрдү алмаштырып, чоңойттуруп атышты. Ар биринин талаптарына көнүп, дүкөндөрүбүздү жакшыртып, кеңейтип келатабыз. Эми минтип “такыр алгыла, кеткиле” дегени түшүнүксүз болуп жатат.

Бекмамат Осмонов жана Көкүм бий көчөлөрү Баткен облусу, Араван району менен да байланыштырып тургандыктан, аталган базарга ары-бери каттагандар көп кайрылышат.

Ош шаарына танапташ жайгашкан Жапалак, Ишкаван, Кызыл-Байрак айылдарынын, Араван, Ноокат райондорунун дыйкандары түшүмүн шаардыктарга ушул базар аркылуу сатышат.

Айтолкун Адылбекова.

Анар кичирайонунун тургуну, базардагы соодагерлердин бири Айтолкун Адылбекова кошуна Төлөйкөн, Анар кичирайондорунун тургундарына да ушул базар ыңгайлуу болгонун айтты:

- Долбоордо айтылган “Нирвана” кафесинен тартып, “Блондер” же “Барсбек” кафелерине чейинки аймакты аллея куруп, жашылдандыра беришсин. Базарга тийбей эле коюшсун. Борбордук базар бизге алыс. Бул базарда ар бир соода түйүнүндө үч-төрттөн киши иштеп, үй-бүлөсүн багып жатат. Жыл сайын бюджетке 6 миллион сом киреше түшүрүп турабыз. Ижара акы төлөп жатабыз.

Ал эми укук коргоочу Жеңиш Исмаилов мэриянын буйругу мыйзамга каршы келет деп эсептейт.

Жеңиш Исмаилов.

- Мэриянын буйругу мыйзамга туура келбейт, Жер кодексине, Жарандык кодекске каршы келет, - деди ал. - Муниципалдык жерди шаар мэри каалагандай буйрук чыгарып, элге тиричилик кылуусуна тоскоол болбошу керек. Аллея курулчу жер базардан тышкары да кеңири турат. Базар - элди тиричилик жактан тейлеп турган жер. Андан жалаң эле ишкерлер пайда көрүп жаткан жок. Жакын жашаган тургундар үчүн да пайдалуу.

Ушундай жүйөлөрдү келтирген соодагерлер жана алардын тарапкерлери шаардын жетекчилигин "кеңешип-кептешпей чечим чыгарды" деп сындап жатышат.

Шаардын жетекчилиги болсо бардык аракеттер мыйзам чегинде жана алдын-ала эскертүүлөргө ылайык жүрүп жатканын, жерди ижарага алуу мөөнөтү бир жылдан ашык мөөнөткө түзүлбөй турганын айтууда. Ош аймактык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы Ажымурат Жолдошев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келатат. 2014-жылы да базардагы соодагерлерге эскертилген. Алардын ар биринен “талап кылынган күнү жерди бошотуп беребиз” деген тилкаттар алынган. Шаар бийлигинин бардык аракеттери мыйзамдуу. Аймакта аллея атайын түзүлгөн долбоордун алкагында курулат. Шаардын муниципалдык менчигине кирген 850 метр жерге аллея курулат.

Жасур Азимов.

Вице-мэр Жасур Азимовдун айтымында, соодагерлердин жаңы орду боюнча так чечим кабыл алына элек, бирок Кулатов районуна жакын аймактан жер караштырылууда.

Буга чейин чакан ишкерлерге шаардагы канаттуулар базарынын аймагынан иш орундар сунушталганы, бирок соодагерлер көнбөй, "насыяларды төлөп алалы" деп, 2025-жылга чейин базарды көчүрбөй турууну суранып жатышканы кабарланган.

Базардын көрүнүшү.

Кулатов кичирайонундагы жолду жээктеген базарды, соода жайларын көчүрүп, ордуна аллея куруу тууралуу буйрукту шаар мэриясы 2018-жылдын 25-ноябрында чыгарган. Бул буйрук 8-январда күчүнө кирмекчи.

Ош шаарында союз мезгилинен бери калган Токтогул жана Навои атындагы эки ири парк бар. Алардан тышкары бир нече майда скверлер жайгашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.