Адвокат Сүйүнбаеванын сабалышы иликтенүүдө

Назгүл Сүйүнбаева

Ошто милиция кызматкерлери тарабынан сабалды делген адвокат Назгүл Сүйүнбаеванын арызынын негизинде облустук прокуратура иликтөө иштерин баштады.
4-июлда эртең менен адвокат Назгүл Сүйүнбаева ага милиция кызматкерлери кол көтөргөнүн журналисттерге кабарлаган болчу:

- Мен өзүм жактап жаткан Эрнист Казаковду Жаза аткаруу мекемесине каттоодон өткөрүү үчүн мекемеге алып барган элем. Жетекчини 15 мүнөттөй күтүп, сыртта турдук. Саат 8.40 болуп калган. Ошол убакта эки машине болуп кишилер келди. Алар өздөрүн "милициянын ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери" деп тааныштырып, машинемди ачууну талап кылышты. Алар мен жактап жаткан кишини алып кетебиз дешти. Мен алардан тинтүүгө жана Эрнист Казаковду кармоого санкция сурадым. Санкция көрсөтүшкөн жок. Бир кызматкер артымдан келип, колумду кармап, экинчиси машиненин ачкычын колумдан жулуп алды. Манжаларымды тытып, канатып жиберишти. Күчүм жетпеди, алар машинеден Эрнист Казаковду чыгарышып, белгисиз тарапка алып кетишти.

Адвокаттын айтымында, Эрнист Казаков жеке коопсуздугунан чочулап, жактоочусунан аны коштоп жүрүүсүн суранган. Сүйүнбаева буга чейин да тартип коргоо кызматкерлери ага бир нече жолу чагымчыл иш-аракеттерди жасоо аракетин көрүшкөнүн белгиледи:

- Эрнист Казаков 7 ай мурун Кылмыш кодексинин 129-беренеси ("зордуктоо") менен айыпталып, сотто күнөөсү далилденген эмес. Бейбаштык боюнча айыпталып, камалган. Убактысынан мурда камактан чыгып, ай сайын Жаза аткаруу мекемесине келип, каттоодон өтүп турат.

Назгүл Сүйүнбаева аларга кол көтөргөн кишилерди Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери экенин божомолдоп жатат. Аталган башкармалыктан бул божомол туура эместигин «Азаттыкка» билдиришти.

Ош облустук прокурору Айбек Турганбаев бул иш боюнча прокуратура иликтөө иштерин баштаганын айтты:

- Бизге арыз түшөрү менен кызматкерлерибиз териштирүү иштерин баштады. Адвокаттын божомолу боюнча чын эле бул милиция кызматкерлериби же башкаларбы, аны иликтөө жыйынтыгы көрсөтөт.

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева өзүнө кол салуу боюнча медициналык-эксперттик текшерүүдөн да өткөнүн айтты. Экспертизанын жыйынтыгы эми чыгат. Белгисиз кишилер алып кеткен Эрнист Казаковдун дайыны да маалым боло элек.

Ош облустук жана шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев бул иш боюнча милиция да териштирүү иштерин баштаганын кабарлады.