Июнь окуясы: кайгыны ынтымак жеңет

Санпадагы эскерүү. 10-июнь, 2017

Бүгүн июнь окуясынын жети жылдыгы эскерилип жатат. Буга байланыштуу иш-чаралар Ош жана Жалал-Абад облустарында өттү.

“Энелердин көз жашы” эстелигинин жанында өткөн эскерүүгө өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, 2010-жылы июнь коогасында Ош шаарынын коменданты болгон ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов жана каза тапкандардын жакындары катышты. Андан кийин өкмөт башчы Сузактагы Санпа окуясы болгон жерге барды.

"Айыптуулар жазасыз калбасын"

"Санпа шейиттери" коомунун төрагасы Сырдаш Мамарасулов июнь коогасында бир тууган инисин жоготкон. Ош-Бишкек унаа жолунун Топурак Бел участкасына курулган эстелик монументин кароону ал өз көзөмөлүнө алган. Эскерүү иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө Мамарасулов күнөөлүүлөр толук жазаланбай жатат деп билдирди.

- Ошондо атасын жоготкон балдар азыр жетиге чыкты. Канча адамдар курман болду. Бул жердеги эскерүүгө буга чейин эч бир чиновник басып келген эмес, быйыл гана премьер-министр келип куран окутуп жатат.

Санпада өткөн эскерүү иш-чарасына катышкан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков элди ынтымакка үндөп, бөлүнүп-жарылууга барбоого чакырды.

- 2010-жылы май-июнь айларында сепаратисттер баш көтөрүп, уюмдашуу иштери күч алып, айрыкча түштүк жергесинде активдешти. Ал ошол учурда этностор аралык кагылышууга алып келди. Элдин биримдиги жана ынтымагы менен биз ал күндү да жеңе алдык. Бийлик өз учурунда чара көрүп, кагылышууну токтото алды. Жакынкы Чыгыш, Украинадагы акыбал мына ушундай жагдайдан улам башталган. Бирок биз ага жол берген жокпуз. Ынтымакты, биримдикти жана мамлекет бүтүндүгүн көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бул ар бир кыргызстандык жарандын жүрөгүндө болушу керек. Президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жасашы керек деп отура бербей, ар бир адам өзү мамлекет жана эл үчүн иштеши керек.

Ынтымакты, биримдикти жана мамлекет бүтүндүгүн көздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бул ар бир кыргызстандык жарандын жүрөгүндө болушу керек.
Сооронбай Жээнбеков

Коогада жоголгон уулун ушу кезге чейин издеп келген Марсиана Мамаева таарынычын өкмөт башчыга айтып, премьерден жабырлануучуларды өз алдынча кабыл алуусун өтүндү.

- Эки улут ортосуна от жаккандардын толук жазасын албаганы бизди өкүндүрөт. 2010-жылы мамлекеттин бүтүндүгүн бузганга жол бергендер жазасын алмайынча биздин көксөөбүз суубайт. Мен "Ата-Журтун коргогон баатырлар" коомунун жетекчиси катары дайыма эле сүйлөп келгем. Эки жыл мурда сын айтып койгондон баштап мага такыр сөз беришпейт. Бүгүн да атайылап премьер-министрдин астында абийирибизди төгүп салат деп коркуп сөз бербей коюшту. Кадыржан Батыровду сыртынан соттобой, кармап келишпейби. Ушул сыяктуу жагдайлар бизди ызалантат.

Жалал-Абад облусунда июнь коогалаңында 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашуун кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 65% бети ачылган. Тергөөдөн качып жүргөн 51 адамга издөө жарыяланып, анын 13ү кармалган. Калган 38 адам эл аралык издөөдө. Алардын ону Орусияда, экөө Өзбекстанда жана бирөө Швецияда жүргөнү аныкталган. Ал эми Интерполго берилген он адам боюнча аталган кызмат издөө жарыялоодон баш тарткан.

Достук бузулбасын

Кандуу калабанын жабырлануучуларынын бири, Жалал-Абад шаарынын тургуну Зиядахон Мехманакунова улуттар арасындагы достукту чындоого чакырды.

25 жашка жаңы толгон Дилмурат деген баламдан айрылгам. Азыр ал учурду эстесем жүрөгүм сыгылып кетет.
Зиядахон Мейманакунова

- Мен коогада 25 жашка жаңы толгон Дилмурат деген баламдан айрылгам. Азыр ал учурду эстесем жүрөгүм сыгылып кетет. Айла жок экен. Эмне болгон учурда дагы эки улуттун өкүлдөрүнө сабыр берсин, ынтымакта бололу. Мурдатан бери келе жаткан достук мамилебиз эч качан үзүлбөсүн. Бүгүнкү эскерүүгө кызым жана неберем менен чогуу келдик.

Санпадагы эскерүүдөн кийин бардык жабырлануучуларга сый тамак тартууланды. Шаар бийлиги жакынын жоготкондорго акчалай көмөк көрсөтүп, улуттар арасындагы достукту чыңдаган иш-чара байма-бай өтүп жатканын Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев айтты:

- Жабырлануучуларга азыркыга чейин мамлекет тарабынан көмөк берилип келе жатат. Жыл сайын медициналык кароодон өтүп, социалдык пенсия да алышат. Быйыл каза болгон 33 адамдын жакындарына миң сомдон акчалай жардам бөлдүк. Шаарда канча улут болсо баарынын диаспоралары уюшулган. Даталуу күндөрдө майрамдашып, атүгүл ар бири өз-өзүнчө иш-чараларды уюштуруп турушат. Буларга шаар бийлиги колдон келген жардамын берип келе жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Июнь окуясы: ынтымакты сактайлы

2010-жылдын 12-июнь күнү Ош – Бишкек жолундагы "Санпа" пахта тазалоочу заводунун жанындагы каргашада 16 адам набыт болуп, экөө дайынсыз жоголгон. Ошондой эле тогуз автоунаа өрттөлгөнү айтылган. "Санпа" окуясына тиешеси бар деген 19 адам кармалып, алардын 17си өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында жалпысынан 446 адам набыт болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.