Оштун Манас-Ата кичирайонунун тургундары Кытайдын арматура чыгаруучу ишканасынан чыккан түтүн саламаттыкты жана экологияны бузуп жатат деп нааразы болушууда. Алардын талабы - бул кичизаводдорду шаардын сыртына чыгаруу.
Оштун Манас-Ата кичирайонунда жер үйлөрдүн биринде жашаган Данакан Ахмедова бул жердеги Кытай арматура кичи заводунан чыккан түтүнгө көптөн бери нааразы. Мунун баары адамдардын ден соолугуна эле эмес, экологияга да зыян дейт ал:
- Булар 2009-жылдан бери иштешет. Ошондон бери эч нерсе кыла албайбыз. Арызданган кишилерибиз укпайт, тоготушпайт. Кайрылуу жолдогон күндө деле булар акырын барып, жаап салышат. Завод көбүнчөсү түнкүсүн иштейт. Түнү менен асманды капкара, коюу түтүн каптап чыгат. Аба булганыч, кычкыл даам келип турат. Көздү ачыштырат, жаш агызат, айрыкча астмасы барларга, бронхит менен ооругандарга кыйын болду. Жууп жайган кирлерибиз капкара ыш болуп калат. Дарактар куурап, суу булганууда.
Манас-Ата кичирайонунда жер үйлөрдөн башка көп кабаттуу үйлөр, үй-бүлөлүк жатаканалар ондоп саналат. Алардын тургундары да күн-түнү терезелерин ача албай калганын айтышат.
- Бизди башында алдаганга да аракет кылып көрүштү. Балдарыңардын тизмесин бергиле шекер, ун, май алгыла дешти. Булар эптеп эле ушу эл унчукпай турса, биз акырын иштей берсек деп атышат. Бул аралыкта биздин ден соолугубузду жеп атканы менен иштери жок. Биз го жашаарыбызды жашап койдук, а жаш балдар кантет? Ар бир үйдө неберелер бар, алар ушу капкара коюу ышты дем алып жүрө береби? Баары жөтөлүп атат. Кадимки эле балонду, же резинканы өрттөгөндөй эле ыш чыгат да. Бул жерде жашаганга мүмкүн болбой калды,- деди көп кабаттуу үйдүн тургуну Бурма Абдувапова.
Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунун тургундары темир эритүүчү цехтерди жабуу талабы менен жергиликтүү бийликке буга чейин да кайрылуу катын жолдогон. Жашоочулар жок дегенде бул цехтер башка жакка, шаардын сыртына көчүрүлсө деп үмүт кылышат.
Дагы бир тургун Алмаз Канаев буларды кошумчалады:
- Ушул заводдорду жаап салган эле туура. Эгер жаба алышпаса, жок дегенде шаардын жакасына, сыртына чыгарып салуу биздин чоңдордун колунан келсе керек. Илгери шаар кичине мезгилде Манас-Ата (мурдагы ХБК) кичирайону четте болчу, азыр эми шаардын чок ортосунда калды да. Ошого бул жердеги элдин баары кыжаалат.
Ишканада эмгектенгендер болсо, мындай дооматтарды четке кагышат. Мурдагы пахта заводунун ордунда арматура чыгаруучу эки ишкана бар. Бийликтер алардын аталышын “Фум Ал” жана “Шун Ди Ли” деп атаса, мында иштегендер цехтин атын “Тай-Фао” деп белгилешти.
Өзүн Мырза деп тааныштырган кичизаводдун өкүлү элдердин каршылыгын бирөөлөр уюштуруп атат деген пикирде:
- Бул жерде мурда пахта заводу иштеп, кийин өндүрүш аймагы болуп кала берген. Бул аймактан негизинен завод, фабрикаларды курууга жер берилет делген. Анан ушул жерден жер алып, үй салгандар атайылап ызы-чуу салып, нааразылык пайда кылып атышат. Завод болгон жерде ызы-чуу өкүм сүрөт, анткени станоктор иштейт, түтүн чыгат. Эгер бизде зыяндуу зат болсо, иштеген балдар эмдигиче өлүп калышпайт беле. Арматура чыгарып аткандар соо, анан тиги 500 метр, 2-3 чакырым алыстагы жашоочулар ооруп калабы? Булардын артында балким башка бир кызыкчылыктар бардыр.
Бул ишканаларга негизинен кытай ишкерлери ээлик кылат. Жумушчулардын 90 пайызы жергиликтүүлөр болгон менен жетекчилери жалаң кытайлыктар. Бирок аларды үстүртөн коргогондор ушул жерде. Атын атабаган кытай ишкери маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, башка бирөөлөр жооп берерин айтып жатты:
- Муну мен зыяндуу, же зыяндуу эмес деп айта албайм. Бул жөнүндө жооп берүүгө да укугум жок. Анткени бул жерде жетекчилер менен кожоюндар өтө көп. Бири Кытайга кеткен, бири Бишкекке кеткен, дагы бири бул жерде жок. Мен маек берүү үчүн алардан уруксат алышым керек. Эгер болбосо сен телефонуңду таштап кетсең, мен аларга берип коем. Анан алар сага чалып байланышат, же офисиңе өтүп барышат.
Бүгүнкү күндө экология адистери бул иш боюнча экспертиза өткөрүүдө. Анын жыйынтыгы аз күндө белгилүү болорун бийликтер белгилешет. Ошого карата анан маселе бир жагына чечилерин Ош шаардык мэриясынын өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Алик Мырзалиев билдирди:
- Туура. Ал жерде ошондой нааразылыктар, ошондой проблемалар болуп жатканы чын. “Фум Ал” жана “Шун Ди Ли” деп аталган кытайлардын арматура чыгарган эки кичи заводу иштеп жатат. Экологияны бузуп аткан фактылар да бар. Мурда ушул текстилдин аймагы базар болот деп, анан кийин анын карыздарынын айынан калып кеткен. Ошондон кийин ал жерлер менчикке берилип, ар кандай ишканалар курула баштаган. Эл буга чейин арызданган экен, бирок ал кат мага келген жок. Эгер мага арыз түшкөн болсо, биз бул маселени мыйзам чегинде карайбыз.
Бийликтер тарабынан оңдуу жооп болбосо Манас-Атанын тургундары аз күндө нааразылык акцияларды баштай тургандыктарын айтышууда.
Ош шаарында кыргыз-кытай бириккен ишканаларынын саны онго жакын. Алар негизинен курулуш жана өндүрүш тармагында иш алып барат.