Кыргызстан менен Өзбекстан жер алмашат

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосо баштаганы кыргызстандык тургундарды нааразы кылып, ортодогу пикир келишпестикке себепкер болгон. Жергиликтүү бийлик аталган тилке коңшу өлкөнүн башка аймагы менен алмаштырылганын, делимитациясы бүткөнү менен демаркациясы бүтө элек экенин билдирүүдө. Кыргыз тараптын жүйөсүндө тараптар толук макулдашкыча Өзбекстандын зым жана белгилерди коюуга укугу жок болгон.