Аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда ЕККУнун ролу, орду кандай? Кыргызстан бул уюмдун мүмкүнчүлүгүн кандай пайдаланып жатат? Натыйжалуу кызматташуунун негизги өбөлгөлөрүн түзө алдыкпы?
"Арай көз чарай" талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Рада Туманбаева, ЕККУнун сессиясын даярдоо жана өткөрүү боюнча мекеме аралык топтун жетекчиси Тажимамат Шаболотов жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков катышты.
“Азаттык”: Тажимамат мырза, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясы Бишкекте өтүшүнүн себеби эмнеде? Эмне үчүн биздин борбор тандалды же кезеги келгендеги эле иш-чара десек болобу?
Тажимамат Шаболотов: ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сессиясы тарыхта биринчи жолу Бишкекте өтүүдө.
Кыргызстандын борборунда өткөрүү тууралуу чечим биздин Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуш менен мурдагы отурумдардын биринде кабыл алынган. Парламенттик ассамблеянын күзгү, жайкы сессиялары улам башка өлкөлөрдө өтүп турат. Кезеги келип калганда эле өтөт деп айтууга болбойт. Ар бир мүчө-мамлекеттердин депутаттарынын койгон маселесине жараша, күн тартибинде каралуучу суроолордун олуттуулугуна, ал өлкөдөгү демократиянын деңгээлине карап, анан макулдук берилет. Бул багытта биздин депутаттар ЕККУнун мурдагы отурумдарында жакшы иштеген десек болот.
Дагы караңыз Бишкекте абройлуу эл аралык жыйын башталды“Азаттык”: Рада айым, ЕККУнун Бишкек сессиясында каралуучу суроолордун өзөгүндөгү негизги маселелер кайсы, аларды чечүүдө парламенттик ассамблеянын орду, ролу кандай болот?
Рада Туманбаева: Бул сессиянын негизги темасы – Борбор Азиядагы коопсуздук маселелерин диалог аркылуу илгерилетүү десек болот. Ал эки сессиядан турат. Биринчиси - чек ара менен чектеш райондордогу жаңы чакырыктарды, коркунучтарды ишеним жана аймактык кызматташуу аркылуу чечүү. Экинчиси Жер Ортолук деңиз форуму, Борбор Азия геосаясаты, миграция, соода-сатык жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине арналды десек болот.
Эң негизгиси - аймактагы коопсуздук маселеси болуп жаткандан кийин Сириядагы, Ооганстандагы, Пакистандагы кырдаалдарды эске алып, коопсуздук жагынан чара көрүүдөн сырткары чектеш мамлекеттердин ортосунда ишеним жараткан кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошуу жөнүндө олуттуу сөздөр, ой-пикирлер айтылды.
УКМК: террордук уюмдун эки өкүлү жок кылынды
УКМК: террордук уюмдун эки өкүлү жок кылынды
29-августта эртең менен Чүй облусунун Жайыл районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жүргүзгөн атайын операция учурунда террористтик уюмга тиешеси бар делген эки киши жок кылынды.
Мындан сырткары, аймакты кооптуу чакырыктар менен чулгап отура бербей, чектеш мамлекеттердин ортосунда соода-сатык жана маданий гуманитардык алакаларды күчөтүү демилгеси да көтөрүлдү. Бул жагынан Кыргызстан эмне кылып жатканы тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сөз сүйлөдү. ЕККУнун бул сессиясы ар бир мамлекет кайсы бир маанилүү жагдайлар боюнча маселе коюп, талкуулап, чечим кабыл алууга жакшы аянтча болууда.
“Азаттык”: Тажимамат мырза, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын негизги максаты - парламент аралык байланыштарды чыңдоо экендиги талашсыз. Ошол негизден алганда Кыргызстан бул уюмдун таасири, көмөгү менен парламентаризмди өнүктүрүүдө кандайдыр натыйжага жетише алдыбы?
Тажимамат Шаболотов: ЕККУнун Парламенттик ассамблеясына Американын, Азиянын, Европанын 57 мамлекети мүчө, анын ичинде Кыргызстан да бар. Ошол 57 өлкөдөн 300дөн ашык парламентарий сессияларда иштешет. Кыргызстанга өзүнө тиешелүү эл аралык, аймактык деңгээлдеги маселелерди ушул сессияда коюуга жакшы шарт түзүлгөн. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстан демократия кантип өнүгүп, парламентаризм кантип калыптанып жатканын көргөзүп жатат.
“Биздин депутаттар барып оозеки айта бербей, Кыргызстандагы жетишкендиктерди өзүңөр көрүп кеткиле” деп чет өлкөлүк депутаттарды чакырып келдик. Экономикабыздагы реформаларды, инвестициялык мүмкүнчүлүктү, туризмдеги шарттарыбызды ж.б. маселелерди ачык айтып жатабыз. "Келгиле, коркпогула, коопсуз өлкөбүз, инвестиция салып же эркин эс алып кетсе болот" деп жатабыз.
Дале: ЕККУ Кыргызстанга керек
Тышкы иштер министрлиги ЕККУга уюмдун Бишкектеги борборунун макамын өзгөртүү жараянын баштоону маалымдаганы боюнча “Азаттык” менен укук коргоочу, Норвегия Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале (Ivar Dale) ой бөлүштү.
Ошондой эле кыргыз коомчулугуна ЕККУнун жалпы саясатын, Кыргызстан менен кызматташтыгын кеңири көрсөтүү максатыбыз да бар. Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч келтирип жаткан терроризм, экстремизм, миграция, адам сатуу, курал сатуу ж.б. маселелерди чечүү боюнча ар бир мамлекеттин өкүлдөрү өз сунуш-пикирлерин айтып жатышат.
“Азаттык”: Талант мырза, бул жыйын Борбор Азиядагы коопсуздукка арналып жатпайбы. Аймактагы мамлекеттер ортосундагы диалогду жана кызматташтыкты күчөтүү маселесинде ЕККУнун таасири канчалык, ал уюм менен Борбор Азия мамлекеттери канчалык деңгээлде эсептешет?
Талант Кушчубеков: Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Европада, жалпы эле дүйнөдө аброю, таасири өтө жогору. Мисалы, 1970-жылдары бул уюмга кирген Европадагы бир нече мамлекет чек араларын тактоо боюнча келишимге кол коюшкан, ошондон бери ал документти баары таанышат, анын талаптарын аткарышат. Анын негизинде Европа мамлекеттеринде азыркыга чейин коопсуздук жана чек ара боюнча олуттуу маселе жок, чечилген. Бул ЕККУнун кадыр-баркы десек болот. Биз, Кыргызстан жаңы доордогу жаңы, жаш мамлекет катары ЕККУ менен кызматташып келебиз. ЕККУнун биздин аймакка кызыгып жатканына эмне себеп? Биринчиси - биздин аймакта совет заманынан калган чек ара маселелери бар, көбү чечилбей турат. Экинчиси - бүткүл дүйнөнү ойлондуруп жаткан Ооганстандагы кырдаал. Ал өтө кооптуу жана татаал бойдон калууда.
Маалымат үчүн: Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Парламенттик ассамблеясынын Бишкектеги жыйынына уюмдун курамындагы 46 өлкөдөн 150дөн ашык депутат катышты. Кыргызстан ЕККУга 1992-жылы мүчө болгон, уюмдун Бишкектеги өкүлчүлүгү 1998-жылы ачылган. Бул уюмга Европа, Түндүк Америка жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн 57 мамлекет кирет. ЕККУнун Парламенттик ассамблеясында уюмдун курамындагы өлкөлөр сунуш кылган 323 парламентарий иш алып барат.