Өмүрбек Бабанов "Интернет эрөөлдүн" коногу болду

Кыргызстандын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги студиясында. 13.10.2011.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов 13-октябрда саат 16:00-18:00де "Азаттыктын" окурмандарынын суроолоруна түз байланышта жооп берди. Анын жообун интернеттен түз көрүп турууга мүмкүн болду.
Өмүрбек Бабанов мырзага өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык турмушу тууралуу жана башка окурмандар кызыккан суроолор узатылды.

Эскертүү: Жалпы эрежебизге сыйбаган жана бири-бирин кайталаган, сабатсыз жазылган суроолор дээрлик болгон жок.

"Азаттыктын" "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов, Ахматбек Келдибеков сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.