Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков мырза менен кыргыз жана орус тилдеринде өткөрүлгөн түз жыйынды интернеттен видео түрүндө да көрө аласыз:
http://bambuser.com/channel/azattykplus/broadcast/1865880
Суроолордун бир катары алдын-ала да жиберилген.
Жалпы эрежебизге сыйбаган айрым суроолор жана пикирлер кабыл алынган жок.
"Азаттык" үналгысынын "Интернет эрөөл" деп аталган түз жыйынына буга чейин Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов, Айгүл Рыскулова, Мелис Турганбаев, Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Эмилбек Каптагаев, Марат Султанов, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев, Иса Өмүркулов сыяктуу коомдук ишмерлер, мамлекет кызматкерлери жана саясатчылар, кинорежиссер Нурбек Эген конок болушкан.