Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) саясатчынын камерасына видеокөзөмөл коопсуздук маселесинен улам коюлганын айтса, укук коргоочулар жана Текебаев өзү да бул көрүнүштү айыптоодо. Буга кошумча кийинки убакта Текебаевдин ден соолугу начарлап жатканы айтылып, ушул кезге чейин ал кайсы ооруканада дарыланары аныктала элек.
Камеранын ичине камера
“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев кармалып турган абакка видеокамера орнотулганы жөнүндө кабар 29-январда маалым болду. Камера ЖАМКтын борбордук аппаратынын талабы менен орнотулуп, Текебаевдин кыймыл-аракетин №47 колониядан тышкары башкы аппараттан байкап турууга мүмкүнчүлүк берет.
Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”
Текебаевдин соту: чаташкан “миллиондор”
Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча күбөлөрдөн көрсөтмө алууну улантты.
ЖАМКтын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" Текебаевдин камерасына видеобайкоо анын жеке коопсуздугуна байланыштуу орнотулганын билдирди.
- Кылмыш-жаза аткаруу кодексинин 55-беренесинин негизинде видеокамераны абактын администрациясы койгонго акысы бар. Бул тууралуу Текебаевдин өзүнө маалымат берилип, макулдугун алып койдук. Бул аракеттердин баары абакта отурган адамдын коопсуздугу үчүн жасалып жатат. Мындай камера мурдатан эле Текебаев эс алууга чыкканда көзөмөлдөп турчу, эми абакка да коюлду.
Өмүрбек Текебаев камалып турган абакка видеобайкоо 23-январда эле орнотулганын “Кыйноону алдын алуу” борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов 29-январда саясатчыга кирип чыккандан кийин коомчулукка жарыялаган. Сулаймановдун билдиргени боюнча, Текебаев камерага видеокөзөмөл орнотулушуна каршы чыккан жана бул анын жеке жашоосуна кийлигишүү экенин билдирген.
- Буга чейин бизге видеокөзөмөл Өмүрбек Текебаевдин макулдугу жок эле коюлганын айтып, саясатчынын жубайы кайрылган. Бүгүн борбордун бир кызматкерин алып, абакка кирип чыктык. Текебаев видеокөзөмөл 23-январда орнотулганын, эки-үч күндөн кийин алып келген кагаздарына кол коюп бергенин, бирок каршы экенин билдиргенин айтты. Текебаев ушул маселе боюнча көмөк көрсөтүшүбүздү өтүндү.
"Кийин курал катары колдонот"
Саясый серепчи Турат Акимовдун айтуусунда, “Ата Мекен” партиясынын лидеринин камерасына видеокөзөмөл орнотуу менен бийлик биринчи кезекте өз жоопкерчилигин ойлоп жатат. Себеби соңку убакта Текебаевдин ден соолугу начарлап жатканы тууралуу маалымат көп айтылып жаткандыктан, кырдаал күтүлбөгөн жерден өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Ошол эле учурда Акимов видеокамерага байланган Текебаевдин кыймыл-аракеттери кийин бийлик үчүн курал болуп каларын жокко чыгарган жок.
- "Текебаев түрмөдө кандай тамак ичип жатат, ууланып калбайбы, өзүнө кол салбайбы?" деген суроолорго кооптонуп түрмө жетекчилиги видеокамераны койду. Маселенин экинчи жагын ала турган болсок, бийлик кийин бул видеолорду Текебаевди каралоо катары колдонушу мүмкүн. Маселен, бул видеолор эртең коомчулукка жарыяланып кетсе, анын ичинде саясатчынын дааратканага барганы элге жарыяланса, мазактоо катары болуп калбайбы.
Турат Акимов соңку учурда камактагы саясатчынын ден соолугу көбүрөөк талкууланып жатканына токтолуп, аны абактан эртелетип чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрө баштаган болушу мүмкүн деп болжолдойт.
Текебаевдин ден соолугуна байланыштуу маселе парламентте да козголуп, айрым депутаттар тобу “Ата Мекен” партиясынын башчысынын "ден соолугу дыкат текшерилип, зарыл болсо дарыланышы керек” деген мазмундагы кайрылууда кол топтошууда. Кол койгондордун арасында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев да бар.
- Себеби эртең Текебаев бир нерсе болсо бийлик “билген эмеспиз” деп четке чыкпашы керек. Текебаев өзү бели, жүрөгү ооруп жатканын айтып эле келатат. Андыктан бул боюнча текшерүүдөн өтүшү керек, ошол эле учурда күзөтчүлөр жанында кайтарып жүрсүн деген сунуштарды бердик.
Текебаев дарыгерлердин көзөмөлүндө
Жаза аткаруу кызматы Өмүрбек Текебаев №47 колонияда ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтып, саясатчыны абактан сыртта дарылоого муктаждык жоктугун билдирип келет. Ошол эле учурда ЖАМКнын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова кээ бир оорулардын түрлөрү боюнча абактан сырткары дарыланууга мүмкүнчүлүк берилген учурлар бар экенин билдирди.
- Мисалы, онкологиялык оору болсо же аялдар төрөгөндө конвой менен алып чыгып жүрөбүз. Эгерде Өмүрбек Текебаевдин оорусу боюнча бизде дарылоого мүмкүн болбой, атайын дарыгерлер керек болсо, түрмөнүн жетекчилиги тийиштүү оорукана менен сүйлөшүп, абактан сырткары дарылайбыз. Бирок ал үчүн атайын дарыгерлердин чечими керек. Азырынча андай сүйлөшүүлөр болгон жок.
“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдиргендей, Өмүрбек Текебаевдин жүрөгүнөн сырткары, мойнунда онкологиялык оорунун белгилери бар экени дарыгерлер тарабынан аныкталган. Ушундан улам алар камактагы саясатчыны абактан сырткары дарылоо зарылдыгын билдирип жатышат. ЖАМК азырынча депутаттар тобунун кайрылуусуна жооп бере элек.
21-ноябрда Жогорку сот "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылдан күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен жана үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Эки саясатчы "орусиялык жарандан бир миллион доллар пара алган" деген айып менен былтыр февраль айында камакка алынган. Соттолгондор муну оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап келишет. Буга чейин мурдагы президент Роза Отунбаева да Бириккен Улуттар Уюмунда Текебаев саясий куугунтуктун курмандыгы болгонун айтып чыккан эле.
Былтыр октябрда Өмүрбек Текебаев Бишкектеги №47 түзөтүү колониясына, Чотонов Молдовановка айылындагы №27 абакка которулган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.