Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Кулов: Текебаев өз абалына арызданган жок


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

“Ар-Намыс” саясий партиясынын жетекчиси Феликс Кулов 9-январда абакта жаткан саясатчы Өмүрбек Текебаевге барып жолугуп келди. “Азаттыкка” келип саясатчы Өмүрбек Текебаевдин абалы, азыркы оппозиция тууралуу пикирин бөлүшүп, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү колдой тургандыгын айтты.

"Азаттык": Жакында сиз абакта жаткан Өмүрбек Текебаев менен жолугуп келдиңиз. Ал жаткан абактагы абал, ден соолугу кандай экен?

Кулов: Абакта отурган адам арызданбайт. Бизде адатта абалды сураган адамга "баары жакшы" деп коюшат го. Ал деле ошентип айтты. “Баары жакшы, баары жайында” деди. Ал жайдын кандай болгонун (мен да көрүп калбадымбы) азыноолок билгендиктен мен ага суроолорду берип, эми “жакшы” деп атканынын себебин чечмелеп беришин өтүндүм. Биринчи суроом мындай болду: “Эшикке чыгып жатасыңбы?”. Ал болсо мага: “Андай болбой жатат” деди. Эмнеге? Кийин сөздөн сөз чыгып отуруп мындай жагдай ачыкка чыкты...

"Азаттык": Сырта чыкпай төрт дубал ичинде камалып отуруу анын ден соолугуна залакасын тийгизбептирби?

Кулов: Мага дурустай эле көрүндү. Өзүн начар сезип жатканын негедир айткысы келбеди. Мен андан: “Эч кандай проблема жокпу?” деп сурадым. Ал кан басымы көтөрүлүп кетип жатканын айтты. Андан башка эч нерсе айткан жок.

"Азаттык": Өмүрбек Текебаевди оппозициянын белдүү лидерлеринин бири дешчү. Азыр ал сот өкүмү менен абакта жатат. Сиздин пикириңизде азыр Кыргызстанда оппозиция барбы?

Кулов: Бизде кимдир-бирөө бир нерсеге нааразылыгын билдирип койсо эле аны оппозициянын катарына кошуп коюшат. Биринчи аныктап алыш керек: эмнеге оппозиция? Маселени мен ушинтип койгум келет. Бийликке оппозицияда болуу – бул бир маселе. Бийлик жүргүзүп жаткан саясатка карата оппозицияда болуу - бул башка маселе.

"Азаттык": "Оппозиция" деп өлкөнүн өнүгүш маселелерине өз алдынча көз карашка ээ күчтөрдү айтышат го...

Кулов: Мындай көз караштан алганда азыркы парламентте эч кандай оппозиция жок деп ойлойм.

"Азаттык": Ал эми парламенттин сыртындагы оппозиция тууралуу эмнелерди айтууга болот?

Кулов: Азыр ал калыптануу учурун башынан кечирүүдө. Менимче, калыптанууну Адахан Мадумаровдун мисалынан деле байкоого болот. Ал оппозицияны түзүп жатат. Анан да анын конкреттүү максаттары бар.

"Азаттык": Сооронбай Жээнбеков чон кызматка киришкенине эки айдан ашты. Бирок маалымат каражаттарында ушу кезге чейин кызматтан кеткен президент Алмазбек Атамбаевдин гана аты аталып, аны ар кыл өңүттөн талкууга алышууда. Экс-президент жогорку саясий деңгээлде кайсы бир чечимдерди кабыл алууга таасир тийгизип жатат деп ойлойсузбу?

Кулов: Азыркысы да, мурдагысы да – экөө тең бир партиядан. Атамбаев өзү айткандай, экөө жыйырма жылдан ашуун убактан бери бир партияда жүрүшөт, анан да достор экен. Ушундан улам алардын кызыкчылыктары бирдей деп айтса болот. Атамбаев түзгөн команда мурдагыдай эле иштеп жатат, жаңы президент 4-5 кеңешчисин гана өзгөрттү. Бул Атамбаевдин таасириненби же Сооронбай Шариповичтин өзүнүн чечимиби – алардын ички ашканасын билбегенден кийин айтыш кыйын.

Которгон Бекташ Шамшиев.

Видеомаекти толугу менен бул жерден көрүңүз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG